Накыл сөздөр 18:1—24

  • Башкалардан бөлүнгөн киши өзүмчүл жана акылсыз (1)

  • Жахабанын ысмы — бекем мунара (10)

  • Байлык бийик коргондой болуп көрүнөт (11)

  • Эки тарапты тең угуу акылмандыкка жатат (17)

  • Бир туугандан да жакын дос болот (24)

18  Башкалардан бөлүнгөн өз кызыкчылыгын көздөйт,Акылмандыктын баарын четке кагат*.  2  Акылсыз эч нерсени түшүнгүсү келбейт,Ал өз оюн гана айткысы келет.+  3  Ким ыймансыздык кылса, жек көрүндү болот,Ким кадыр-баркын түшүргүдөй иш кылса, уят болот.+  4  Адамдын оозунан чыккан сөздөр — терең суулар.+ Анын оозунан чыккан акылмандык агын суудай.  5  Сотто ыймансызга жан тартуу да,+Адил кишиге адилетсиздик кылуу да жакшы эмес.+  6  Акылсыздын тили уруш чыгарат,+Оозу өзүнө муштум жедирет.+  7  Акылсыздын оозу өзүн ойрон кылат,+Тили өзүнө* тор жаят.  8  Жалаачынын сөздөрү даамдуу тамактай,+Адамдар жан деп сугунуп алган андай сөздөр түз эле курсакка түшөт.+  9  Ишин илең-салаң аткарган киши — Бүлдүргүчтүн бир тууганы.+ 10  Жахабанын ысмы — бекем мунара.+ Ага адил киши качып кирип, коопсуз болот.+ 11  Байдын мүлкү — анын чептүү шаары;Кыялында ал аны бийик коргондой көрөт.+ 12  Жыгылар алдында адам текеберденет,+Ал эми момундук даңкка жеткирет.+ 13  Ким аягына чейин укпай туруп жооп берсе,Акылсыздыгын көрсөтөт жана өзүн басынтат.+ 14  Руху күчтүү болсо, адам ооруну көтөрүп кетет,+Бирок рухтун жараланышын* ким көтөрө алат?+ 15  Түшүнүгү бар билимге ээ болот,+Акылмандар билим издеп, ага кулак төшөйт. 16  Адамдын берчү белеги ага жол ачат,+Аны беделдүү адамдардын алдына тургузат. 17  Сотто ким биринчи сүйлөсө, ошонуку туурадай көрүнөт.+ Бирок берки тарап келет да, чын-төгүнүн айкын кылыш үчүн ага суроолорду берет.+ 18  Өкчөмө таш талаш-тартышты токтотуп,+Күчтүүлөрдүн ортосундагы чырды чечет. 19  Таарынган жакын кишиңдин жүрөгүн жибитүү чептүү шаарды багындыргандан да кыйын;+Чептин бекитилген дарбазасындай ашып өткүс келишпестиктер болот.+ 20  Адам өз сөзүнүн жемишине тоёт,+Айткан сөзүнүн натыйжасын көрөт. 21  Өлүм менен өмүр тилдин бийлигинде,+Сүйлөгөндү жакшы көргөндөр сөзүнө жараша натыйжасын көрөт.+ 22  Ким жакшы аял тапса, баалуу кенч тапты,+Бул — анын Жахабага жакканы.+ 23  Жакыр жалбарып жардам сурайт,Ал эми бай ага орой жооп берет. 24  Бири-бирин тытып жибергиси келген шериктер бар,+Бирок бир туугандан да жакын дос болот.+

Шилтемелер

Же: «жактырбайт».
Же: «өмүрүнө».
Же: «көңүлдүн катуу чөккөнүн».