Накыл сөздөр 19:1—29
19 Акылсыз, калпычы болгондон көрө,+Кедей болуп, кынтыксыз жүргөн артык.+
2 Адамдын билими жок болгону жакшы эмес,+Шашма киши күнөө кетирет.
3 Адамды акылсыздыгы туура эмес жолго салат,Анан ал жүрөгүндө Жахабага каарданат.
4 Байлык дос көбөйтөт,Ал эми кедейди досу да таштап кетет.+
5 Жалган күбө жазасыз калбайт,+Калп айтып эле басып жүргөн киши аман калбайт.+
6 Аттуу-баштууга* жаккысы келгендер көп,Белек бергенге баары дос.
7 Жакырды тууган-туушкандарынын баары жек көрөт,+Достору андан ого бетер оолактайт!+
Ал алардан жалбарып жардам сурайт, бирок бири да кол сунбайт.
8 Акыл-эстүүлүккө үйрөнгөн өзүн жакшы көрөт.+
Кыраакылыкты кенчтей сактаган ийгиликке жетет.+
9 Жалган күбө жазасыз калбайт,Калп айтып эле басып жүргөн киши өмүрүнөн ажырайт.+
10 Акылсызга майкөл-сүткөл жашаган жарашпайт,Кулга төрөлөрдү башкарган андан бетер жарашпайт!+
11 Түшүнүктүү киши ачууга алдырбайт,+Анын көркү айыпка* маани бербегенинде.+
12 Падышанын каарданганы арстандын* арылдаганындай,+Ал эми боорукердик кылганы чөпкө түшкөн шүүдүрүмдөй.
13 Акылсыз уул атасынын башына балээ үйөт,+Урушчаак* аял болсо тынбай тамчы тамган чатырга окшош.+
14 Үй менен байлык — аталардан калган мурас,Ал эми эстүү аял — Жахаба берген белек.+
15 Жалкоолук катуу уйкуга салат,Эринчээк киши ачка калат.+
16 Осуятты сактаган жанын сактайт,+Ал эми жүргөн жолуна маани бербеген өмүрүнөн ажырайт.+
17 Бей-бечарага жакшылык кылган Жахабага карыз берет,+Ал анын жакшылыгынын акыбетин кайтарат*.+
18 Үмүт барда уулуңду тарбияла,+Анын өлүмүнө себепкер болуп калба*.+
19 Ачуусу чукул киши анын кесепетин тартып кыйналат.
Ага бир жолу жардам берсең, кайра-кайра ошенткенге туура келет.+
20 Келечекте акылман болуш үчүн+Кеңешке кулак салып, акыл-насаатты кабыл ал.+
21 Кишинин жүрөгүндө ой-максаты көп,Бирок Жахаба эмнени ниет кылса*, ошол орундалат.+
22 Кишидеги баалуу нерсе — анын туруктуу сүйүүсү;+Жалганчы болгондон көрө, жакыр болгон артык.
23 Жахабадан коркуу өмүргө алып барат,+Ким андан корксо, тынч уктайт, зыян тартпайт.+
24 Жалкоо колун табакка салат,Бирок кайра оозуна жеткиргенден эринет.+
25 Тажрыйбасыз баамчыл болушу үчүн,+ шылдыңчылды ур,+Түшүнүгү бар киши билимин арттырышы үчүн, аны ашкереле.+
26 Атасына жаман мамиле кылган, энесин кууп чыккан уулУятка калтырат, маскара кылат*.+
27 Уулум, акыл-насаатты укпай койсоң,Билим жолунан четтейсиң.
28 Кара ниет күбө адилеттүүлүктү мазактап күлөт,+Ыймансыз жаман иш кылгандан тамак жегендей рахат алат.+
29 Шылдыңчылдарга жаза,+Акылсыздардын жонуна токмок даяр.+
Шилтемелер
^ Же: «Берешен кишиге».
^ Же: «күнөөгө».
^ Же: «жалы бар жаш арстандын».
^ Же: «Наалый берген».
^ Же: «ага жакшылыгы үчүн сыйлык берет».
^ Же: «өлүмүн каалаба».
^ Же: «кеңеш кылса».
^ Же: «Уятка калат, маскара болот».