Накыл сөздөр 2:1—22
2 Уулум, эгер айткандарымды кабыл алсаң,Осуяттарымды кенчтей сактасаң,+
2 Кулагыңды акылмандыкка төшөсөң,+Жүрөгүңдү кыраакылыкка бурсаң,+
3 Ошондой эле түшүнүк тилеп жалбарсаң,+Кыраакылык сурап жалынсаң,+
4 Аларды күмүштү издегендей,+Катылган кенчти издегендей издей берсең,+
5 Жахабадан коркуу деген эмне экенин түшүнөсүң,+Кудай жөнүндөгү билимди табасың.+
6 Анткени акылмандыкты Жахаба өзү берет,+Анын сөздөрү билимдүү, кыраакы болгонго жардам берет.
7 Кудай акылмандыкты чынчыл адамдар үчүн сактап турат.
Ал — кынтыксыз жүргөндөр үчүн калкан.+
8 Ал адилеттүүлөрдүн жолуна көз салып турат,Берилген кызматчыларын коргойт.+
9 Ошондо адилдикти, акыйкаттыкты, чынчылдыкты,Жүрүшүң керек болгон туура жол кайсы экенин түшүнөсүң.+
10 Акылмандыкты жүрөгүң менен кабыл алганда,+Билим жаныңа жакканда,+
11 Тунук ой жүгүртөсүң, бул сени сактайт,+Кыраакылык сени коргойт,
12 Булар сени жаман жолдон,Бузуку, жаман сөздөрдү сүйлөгөн кишиден сактайт.+
13 Караңгылыктын жолунда жүрүш үчүн+Чынчылдыктын жолун таштагандардан,
14 Жаман иш кылганына кубангандардан,Ыпылас, жаман нерселерден рахат алгандардан,
15 Тетири жолдо жүргөндөрдөн,Басса-турса да алдамчылык кылгандардан сактайт.
16 Бузулган* аялдан,Бал тилге салып сүйлөгөн аягы суюк аялдан*,+
17 Жаш кезиндеги жан шеригин*+ таштап кеткен,Кудайынын келишимин* унуткан аялдан сактайт.
18 Андай аялдын үйүнө барганың — өлүмгө бет алганың,Анын үйүнө барчу жол өлгөндөр жаткан жайга алып барат.+
19 Аны менен байланышкандардын бири да кайра кайтпайт,Кайрадан өмүр жолунда баспайт.+
20 Ошон үчүн жакшы кишилердин жолу менен жүр,Адил кишилердин жолунан чыкпа.+
21 Анткени жерде чынчыл кишилер гана жашайт,Жүрөгү тазалар* калат.+
22 Ыймансыздар болсо жер бетинен жок кылынат,+Митаамдык кылгандар тукум курут болушат.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Чоочун». Сыягы, Кудайдын адеп-ахлак нормаларынан алыс болгон аял жөнүндө сөз жүрүп жатат.
^ Сөзмө-сөз: «бөтөн жерлик аялдан». Сыягы, Кудайдын адеп-ахлак нормаларынан алыс болгон аял жөнүндө сөз жүрүп жатат.
^ Же: «күйөөсүн».
^ Бул Кудайдын Мыйзамындагы ойноштукка же никеге байланыштуу ант жөнүндө айтылгандарды билдириши мүмкүн.
^ Же: «Кынтыксыз жүргөндөр».