Накыл сөздөр 4:1—27

  • Атанын акыл-насааты (1—27)

    • Баарынан мурда акылмандыкка умтул (7)

    • Ыймансыздардын жолуна түшпө (14, 15)

    • Адилдердин жолу уламдан-улам жарык боло берет (18)

    • «Жүрөгүңдү сакта» (23)

4  Балдарым, атаңардын акыл-насаатына кулак салгыла;+Акылдуу болуш үчүн* бүт дитиңерди койгула,  2  Себеби силерге жакшы таалим берем;Мен берген билимди* четке какпагыла.+  3  Мен атамдын ишеничтүү уулу болчумун,+Энемдин жанындай жакшы көргөн баласы элем.+  4  Атам мага таалим берип, мындай деген: «Сөздөрүмдү жүрөгүңдө бекем сакта.+ Осуяттарымды аткарып, узак жаша.+  5  Акылмандыкка, түшүнүккө умтул.+ Айткандарымды унутпа, алардан четтебе.  6  Акылмандыкты четке какпа, ошондо ал сени сактайт. Аны жакшы көр, ошондо ал сени коргойт.  7  Акылмандык — адам үчүн эң маанилүү нерсе,+ ошон үчүн ага умтул,Башка нерселер менен бирге түшүнүккө да ээ бол.+  8  Акылмандыкты жогору баала, ошондо ал зоболоңду көтөрөт.+ Аны кучагыңа алсаң, даңкыңды чыгарат.+  9  Ал башыңа кооз гүлчамбар кийгизет;Көз жоосун алган таажы кийгизип, көркүңдү ачат». 10  Кулак сал, уулум, айткандарымды кабыл ал. Ошондо узак өмүр сүрөсүң.+ 11  Сага акылмандыктын жолунда жүргөндү үйрөтөм,+Сени чынчылдыктын жолунда жетектеп жүрөм.+ 12  Басканда бутуң эч нерсеге мүдүрүлбөйт,Чуркаганда чалынбайсың. 13  Акыл-насаатты бекем карма, коё бербе.+ Аны сакта, анткени ал — сенин өмүрүң.+ 14  Ыймансыздардын жолуна түшпө,Кыянатчылдардын жолунда жүрбө.+ 15  Алардын жолунан оолак бол, ал жол менен баспа;+Андан бурулуп*, кыя өт.+ 16  Анткени алар жамандык кылмайынча уктай алышпайт,Кимдир бирөөнү кыйратмайынча кирпик кагышпайт. 17  Себеби ыймансыздык алардын жеген нанындай,Зордук-зомбулук ичкен шарабындай*. 18  Ал эми адилдердин жолу таңкы жарыктай,Ал чак түш болгонго чейин уламдан-улам жарык боло берет.+ 19  Ыймансыздардын жолу капкараңгы;Алар эмнеге чалынганын билишпейт. 20  Уулум, сөздөрүмө кулак сал,Айткандарымды кунт коюп ук. 21  Аларды унутпа,Жүрөгүңдүн түпкүрүндө сакта.+ 22  Анткени аларды кабыл алгандар өмүр сүрөт,+Алты саны аман болуп, дени сак жүрөт. 23  Сакташ керек болгондордун баарынан жүрөгүңдү сакта,+Анткени андан өмүрүң көз каранды*. 24  Эч качан жалган сөз айтпа,+Эч кимди алдап-адаштырба. 25  Көзүң түз карасын,Көз карашың* алдыңа багытталсын.+ 26  Баса турган жолуңду түздөп-тазала*,+Ошондо жолуң коопсуз болот. 27  Оңго да, солго да бурулба.+ Жамандыктан алыс бол.

Шилтемелер

Же: «Түшүнүккө ээ болуш үчүн».
Же: «Мыйзамымды».
Же: «айланып».
Же: «Алар ыймансыздыктын, зордук-зомбулуктун аркасы менен ичип-жешет».
Сөзмө-сөз: «өмүр булактары чыгат».
Же: «Жаркыраган көздөрүң».
Же балким: «жакшылап ойлон».