Накыл сөздөр 8:1—36
8 Акылмандык үнүн бийик чыгарып чакырып жаткан жокпу?
Кыраакылык үн салып жаткан жокпу?+
2 Акылмандык бийик жерлерде,+ жол боюнда,Жолдордун кесилиштеринде туруп,
3 Шаар дарбазаларынын жанында,Шаардын кире беришинде,Үнүн бийик чыгарып мындай деп жатат:+
4 «Оо, адамдар, силерге кайрылып жатам,Ар бириңерге айтып жатам.
5 Тажрыйбасыздар*, баамчыл болгонго үйрөнгүлө.+
Акылсыздар, түшүнүккө* ээ болгула.
6 Уккула, анткени мен айткандар маанилүү,Айтып жаткандарым туура.
7 Чындыкты акырын, жылуу-жумшак айтам.
Жалган сөздөн жийиркенем.
8 Оозуман чыккан сөздөрдүн баары чын.
Арасында бир да бурмаланган, калп сөз жок.
9 Алардын баары кыраакы киши үчүн түшүнүктүү,Билим алгандар үчүн туура.
10 Күмүштү эмес, акыл-насаатымды тандагыла,Таза алтынды эмес, билимди тандагыла.+
11 Анткени акылмандык маржандан артык,Адам эңсеген башка нерселердин бири да ага тең келбейт.
12 Мен — акылмандык — баамчылдык менен чогуу жашайм,Менде билим, ой жүгүртүү жөндөмү бар.+
13 Жахабадан коркуу деген — жамандыкты жек көрүү.+
Мен бой көтөрүүчүлүктү, текебердикти,+ жаман жолду, бурмаланган сөздү жек көрөм.+
14 Менде жакшы кеңеш менен акылмандык,+Түшүнүк+ менен кудурет+ бар.
15 Менин жардамым менен падышалар башкарышат,Бийлик башындагылар адилет буйрук чыгарышат.+
16 Менин жардамым менен төрөлөр башчылык кылышат,Аттуу-баштуулар акыйкат сот жүргүзүшөт.
17 Мени сүйгөндөрдү мен да сүйөм,Мени издегендер табышат.+
18 Дүнүйө-мүлк менен даңк,Түгөнбөс байлык* менен адилдик менде.
19 Мен берчү жемиш алтындан, таза алтындан да артык,Белектерим тандамал күмүштөн артык.+
20 Мен адилдик жолунда,Акыйкаттык жолунун ортосунда жүрөм.
21 Мени сүйгөндөргө чоң мурас берем,Алардын кампаларын толтурам.
22 Жахаба мени эң башында жараткан,+Мен анын байыркы иштеринин эң алгачкысы болчумун.+
23 Ал мага тээ эзелки убакта эле,+Эң башында, жер пайда болгонго чейин эле ардактуу орун берген.+
24 Мен терең суулар,+Суусу оргуштаган булактар пайда боло электе эле төрөлгөм.
25 Тоолор орнотула электе эле,Адырлар пайда боло электе эле,
26 Кудай жер менен талааларды,Жердин алгачкы топурагын жарата электе эле төрөлгөм.
27 Ал асманды даярдап жатканда,+ мен ошол жерде болчумун.
Суу менен асмандын ортосундагы чекти белгилеп жатканда,+
28 Жогоруга булуттарды орнотуп,Суу туңгуюктарынын башаттарын жаратып жатканда,
29 Суулар белгилеп койгон чегинен ашпасын деп,Деңизге буйрук чыгарганда,+Жердин пайдубалын орнотуп жатканда,
30 Мен анын жанында чебер уста болчумун.+
Күнүгө ага кубаныч тартуулачумун,+Өзүм да анын алдында ар дайым кубанып турчумун.+
31 Ал адамзат үчүн даярдаган жерди көрүп кубанчумун,Өзгөчө адам баласын жакшы көрчүмүн.
32 Эмесе, балдарым, мени уккула.
Менин жолуман чыкпагандар бактылуу.
33 Акыл-насаатты угуп,+ акылдуу болгула,Аны эч качан четке какпагыла.
34 Күнүгө эртең менен* эшигимдин алдына келип,Үйүмдүн кире беришинде күтүп туруп,Айткандарыма кулак салган киши бактылуу.
35 Мени тапкан киши өмүр табат,+Ал Жахабага жагат.
36 Ал эми мени баркка албаган өзүнө зыян келтирет,Мени жек көргөндөр өлүмдү жакшы көрөт».+
Шилтемелер
^ Же: «Ишенчээктер; жетиле электер; акылсыздар».
^ Же: «түшүнүктүү жүрөккө».
^ Же: «Мураска өтчү баалуулуктар».
^ Же: «сергек болуп».