Насаатчы 1:1—18
1 Дөөтүнүн Иерусалимде падышалык кылган уулунун,+ насаатчынын*,+ сөздөрү.
2 «Убаракерчиликтин убаракерчилиги! — деди насаатчы.—
Убаракерчиликтин убаракерчилиги! Баары курулай убаракерчилик!»+
3 Күн астында мээнеттенип,Жанын кыйнап кылган бүт эмгегинен адамга эмне пайда?+
4 Бир муун өтөт, бир муун келет,Жер болсо түбөлүктөн түбөлүккө турат.+
5 Күн чыгып, кайра батат,Анан кайрадан чыга турган жерине шашат.+
6 Шамал түштүккө согуп, анан айланып түндүккө кайтат;Ал айлана берет, айлана берет, эч токтобойт.
7 Дарыялардын* баары деңизге барып куят,Бирок деңиз ашып-ташып кетпейт.+
Дарыялар кайрадан агыш үчүн агып чыккан жерине кайтат.+
8 Бардык нерсе чарчатат;Баарын эч ким айтып бүтө албайт.
Көз көргөнүнө тойбойт,Кулак укканына тойбойт.
9 Мурун эмне бар болсо, ал кийин да болот,Мурун эмне жасалса, ал кийин кайра жасалат;Күн астында жаңы эч нерсе жок.+
10 «Карасаң, бул жаңы экен»,— деп айтарлык нерсе барбы?
Ал тээ мурун эле бар болгон,Биздин күндөргө чейин эле болгон.
11 Мурун жашагандарды эч ким эстеп калбайт,Кийин жашай тургандарды да адамдар унутушат.
Аларды болсо андан кийин жашай тургандар унутушат.+
12 Мен, насаатчы, Иерусалимде Ысрайылга падышалык кылып келатам.+
13 Бүт акылымды жумшап,+ асман астында жасалып жаткан иштердин+ — Кудай адам баласына аткарыш үчүн берген азаптуу иштердин — баарын изилдейин, баамдап билейин деп дит койдум.
14 Күн астында жасалып жаткан иштердин баарына байкоо салып,Алардын курулай убаракерчилик экенин, шамалды кууп жеткенге умтулгандай эле экенин түшүндүм.+
15 Ийри нерсе түздөлбөйт,Колдо жок нерсе эсептелбейт.
16 Мен ичимен: «Акылман болуп, Иерусалимде менден мурун жашагандардын баарынан ашып түштүм,+ акылмандыгым, билимим абдан тереңдеди»,— дедим.+
17 Акылмандыкты таанып-билгенге, акылсыздык менен наадандык деген эмне экенин билгенге дит койдум.+ Бирок бул да шамалды кууп жеткенге умтулгандай эле экен.
18 Себеби акылмандык арткан сайын, көңүл калуу да көп болот;Билимин арттырган киши кайгысын арттырат.+