Насаатчы 3:1—22
3 Ар бир нерсенин өз убагы бар,Асман астындагы ар бир иштин өз убагы бар:
2 Төрөлө турган* убак бар, өлө турган убак бар;Отургуза турган убак бар, отургузулганды жула турган убак бар;
3 Өлтүрө турган убак бар, сактап кала турган* убак бар;Буза турган убак бар, кура турган убак бар;
4 Ыйлай турган убак бар, күлө турган убак бар;Боздой турган убак бар, бийлей турган убак бар;
5 Таштарды ыргыта турган убак бар, чогулта турган убак бар;Кучакташа турган убак бар, кучакташпай турган убак бар;
6 Издей турган убак бар, жоголду деп түңүлө турган убак бар;Сактай турган убак бар, ыргыта турган убак бар;
7 Айрый турган убак бар,+ тиге турган убак бар;Унчукпай турган убак бар,+ сүйлөй турган убак бар;+
8 Сүйө турган убак бар, жек көрө турган убак бар;+Согуша турган убак бар, тынч жашай турган убак бар.
9 Эмгектенген кишиге кылган бүт аракетинен эмне пайда?+
10 Мен Кудайдын адам баласына аткарыш үчүн берген иштерин көрдүм.
11 Чыныгы Кудай баарын өз убагында сонун кылып* жасаган.+ Адамдарды атүгүл түбөлүк жашагысы келгидей кылып жараткан*, бирок алар анын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин эч качан түшүнө алышпайт.
12 Мен буларды түшүндүм: адамдын кубанып, жакшылык кылып өмүр сүргөнүнөн өтөрү жок экен,+
13 ар бир адам ичип-жеп, жан үрөп кылган бүт эмгегинен рахат алышы* керек экен. Бул — Кудайдын белеги.+
14 Чыныгы Кудай жасагандын баары түбөлүктүү экенин билдим. Аларга кошо турган же алардан алып сала турган эч нерсе жок. Чыныгы Кудай адамдар аны кастарлап турушу үчүн ушундай кылган.+
15 Азыр болуп жаткан нерселер мурун да болгон, кийин боло турган нерселер да мурун эле болгон;+ бирок чыныгы Кудай адамдар умтулган нерселерди* ишке ашырат*.
16 Мен күн астынан муну да көрдүм: адилеттүүлүк болушу керек болгон жерде мыйзамсыздык, адилдик болушу керек болгон жерде ыймансыздык өкүм сүрүп жатыптыр.+
17 Ошондо ичимен: «Чыныгы Кудай адил адамдын да, ыймансыздын да ишин териштирет,+ анткени ар бир нерсенин, ар бир иштин өз убагы бар»,— дедим.
18 Ичимен адамдар жөнүндө мындай деп да ойлондум: чыныгы Кудай адамдарды сынайт экен, аларга өздөрүнүн жаныбарлар сыяктуу эле экенин көрсөтөт экен.
19 Себеби адам баласы эмне болсо, жаныбарлар да ошол болот.+ Жаныбарлар өлгөндөй эле, адамдар да өлөт. Баарынын өмүр деми* бирдей,+ адамдын жаныбардан артыкчылыгы жок; анткени бардыгы курулай убаракерчилик.
20 Бардыгы бир жерге барат.+ Бардыгы топурактан жаралган,+ бардыгы кайра топуракка айланат.+
21 Адам баласынын өмүр деми жогору жакка көтөрүлөбү, жаныбарлардын өмүр деми төмөн жакка түшөбү, муну ким билет?+
22 Ошентип, адамдын өз иштерине кубанганынан өтөр эч нерсе жок экенине көзүм жетти,+ себеби анын сыйлыгы — ошол. Анткени көзү өтүп кеткен соң, ага андан кийин эмнелер болорун ким көрсөтө алмак эле?+
Шилтемелер
^ Же: «Төрөй турган».
^ Сөзмө-сөз: «айыктыра турган».
^ Же: «туура; тартиби менен».
^ Же: «Ал атүгүл адамдардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салган».
^ Же: «бүт эмгегинин үзүрүн көрүшү».
^ Же балким: «өтүп кеткен нерселерди».
^ Же: «издейт».