Насаатчы 4:1—16

  • Кордук өлүмдөн жаман (1—3)

  • Эмгекке карата тең салмактуу көз караш (4—6)

  • Достун баалуулугу (7—12)

    • Жалгыз болгонго караганда экөө болгон жакшы (9)

  • Падышанын жашоосу — убаракерчилик (13—16)

4  Мен кайрадан күн астында жасалып жаткан ар кандай зордук-зомбулукка назар салдым. Кордук көргөндөрдүн көз жашын төгүп жатканын көрдүм, бирок аларды соороткон эч ким жок экен.+ Кордук көрсөткөндөрдүн колунда бийлик бар болгондуктан, алардан запкы жегендерди соороткон эч ким жок экен. 2  Ошондо мен тирүү жүргөндөргө караганда көзү өтүп кеткендер бактылуу экен дедим.+ 3  Бирок баарынан да төрөлө электерге,+ күн астында жасалып жаткан жаман иштерди көрө электерге, жакшы.+ 4  Ошондой эле бири-бирине атаандашкандыктан адамдар жан алакетке түшүп, чеберчилик менен иш кылышат.+ Бул да курулай убаракерчилик экен, шамалды кууп жеткенге умтулгандай эле экен. 5  Акылсыз адам кол куушуруп отура берет да, өзүн өзү курутат.+ 6  Жан үрөп иштегенге* жана шамалды кууп жеткенге умтулганга караганда бир аз* эс алып алган артык.+ 7  Мен күн астындагы дагы бир курулай убаракерчиликти көрдүм: 8  адамдардын кээ бири эч кимиси жок жапжалгыз болот. Анын уулу да, бир тууганы да жок, бирок эмгектенгени эмгектенген. Анын байлыкка такыр көзү тойбойт.+ Ал: «Жашоонун эч бир жыргалын көрбөй, ким үчүн мынчалык тытынып жатам?» — деп ойлонуп да койбойт.+ Бул да курулай убаракерчилик жана көңүлдү кайт кылат.+ 9  Жалгыз болгонго караганда экөө болгон жакшы.+ Себеби алар кылган мээнетинен көбүрөөк пайда табат*. 10  Бири жыгылса, экинчиси тургузат. Бирок жыгылганда тургузары жок адам кантет? 11  Мындан тышкары, эки киши чогуу жатса, бири-бирин жылытат. Ал эми жалгыз киши кантип жылынат? 12  Кимдир бирөө жалгыз кишини жеңип коюшу мүмкүн, бирок экөө болсо ага каршы тура алышат. Ошондой эле үч кат жип оңой менен үзүлбөйт. 13  Кары, бирок эскертүүгө кулак каккысы келбей калган+ акылсыз падышадан жакыр, бирок акылдуу жаш улан артык.+ 14  Анткени ал* ошол падышалыкта жакыр болуп төрөлсө да,+ түрмөдөн чыгып, падыша болду.+ 15  Мен күн астында тирүү жүргөндөрдүн баары, ошондой эле падышанын ордун ээлеген жаш жигит жөнүндө ойлондум. 16  Аны колдогондор аябай көп болсо да, кийин ага нааразы болгондор чыгат.+ Бул да курулай убаракерчилик экен, шамалды кууп жеткенге умтулгандай эле экен.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Эки ууч эмгекке».
Сөзмө-сөз: «бир ууч».
Же: «мээнетинин үзүрүн көрөт».
Сыягы, акылдуу жаш улан жөнүндө сөз болуп жатат.