Насаатчы 5:1—20
5 Чыныгы Кудайдын үйүнө барганда жүрүм-турумуңду байка.+ Акылсыздарга окшоп курмандык чалгандан көрө,+ ал жакта айтылгандарды укканга даяр бол.+ Себеби алар туура эмес кылып жатканын түшүнүшпөйт.
2 Сүйлөгөнгө шашпа, чыныгы Кудайдын алдында жүрөгүңдөгүнү айтардан мурун жакшылап ойлон.+ Анткени чыныгы Кудай асманда, сен болсо жердесиң. Ошондуктан ашыкча сүйлөбө, байкап сүйлө.+
3 Себеби түш түйшүктүн көптүгүнөн кирет*,+ келжирек сөз сөздүн көптүгүнөн чыгат.+
4 Кудайга убада берсең, создуктурбай аткар,+ себеби ал акылсыздарды жактырбайт.+ Берген убадаңды аткар.+
5 Убада берип коюп, аткарбай койгондон көрө, убада бербей эле койгонуң жакшы.+
6 Оозуңдун сени күнөөгө батырышына жол бербе,+ периштенин* алдында: «Жаңылып убада берип алыптырмын»,— дебе.+ Чыныгы Кудайды сөздөрүң менен каардантып эмне кыласың? Анте турган болсоң, ал ишиңди ойрон кылат.+
7 Түйшүктүн көптүгүнөн түш кирет,+ сөздүн көптүгүнөн келжирек сөз чыгат. Ошондуктан чыныгы Кудайдан корк.+
8 Эгер сен жашаган жерде жакырлардын кысымга алынып, акыйкаттык менен адилдиктин тебеленип жатканын көрсөң, таң калба.+ Бийлиги бардын үстүнөн аныкынан да чоң бийлиги бар бирөө карап турат. Бирок алардан да жогору тургандар бар.
9 Алардын баары жерден алынган нерселерден түшкөн кирешени бөлүп алышат. Падыша өзү да жердин эсебинен камсыз кылынат.+
10 Күмүштү сүйгөн эч качан күмүшкө тойбойт, байлыкты сүйгөн эч качан кирешеге тойбойт.+ Бул да курулай убаракерчилик.+
11 Мүлк көбөйсө, аны пайдалангандар да көбөйөт.+ Ээсине аны карап тургандан башка эмне пайда?+
12 Көп жейби, аз жейби, мээнет кылгандын уйкусу таттуу болот, ал эми байдын молчулугу өзүнө уйку бербейт.
13 Күн астынан өтө кейиштүү бир нерсени көрдүм: ал — кишинин өзүнүн шоруна сактаган байлыгы.
14 Иши оңунан чыкпай, ошол байлыгы жок болот. Анан ал балалуу болгондо, мураска калтырганга эч нерсеси жок болуп калат.+
15 Адам энесинин ичинен жылаңач чыккандай эле, кайра жылаңач кетет.+ Мээнет кылып тапкан бир да нерсесин өзү менен кошо алып кете албайт.+
16 Зээнди кейиткен дагы бир нерсе бар: адам дүйнөгө кандай келсе, ошондой кетет. Мээнети талаага кете турган болсо, анда мээнет кылыштын кереги эмне?+
17 Ал ичип-жегенинен эч качан рахат албайт, бардык күндөрү көңүл кайттык, оору менен коштолуп, ачууланып жүрүп өтөт.+
18 Мен адам үчүн эмне жакшы, эмне туура экенин түшүндүм: бул — анын ичип-жеп, чыныгы Кудайдан алган кыска өмүрүндө жан үрөп кылган бүт эмгегинен рахат алганы.+ Себеби анын сыйлыгы — ушул.+
19 Ошондой эле чыныгы Кудай адамга байлык, дүнүйө-мүлк берсе+ жана аны ошол нерселерден рахат алгыдай кылып жаратса, анда ал алардын үзүрүн көрүп*, мээнет кылып рахаттанышы керек эмеспи. Бул — Кудайдын белеги.+
20 Андай адам өмүрүнүн кыскалыгын ойлоп деле койбойт, анткени чыныгы Кудай дайыма анын жүрөгүн кубанычка толтурат.+
Шилтемелер
^ Же: «адам түйшүктүн көптүгүнөн кыялданат».
^ Же: «кабарчынын».
^ Же: «ал сыйлыгын алып».