Насаатчы 8:1—17

  • Пенденин бийлик жүргүзүшү (1—17)

    • Падышанын буйруктарына баш ийүү (2—4)

    • Адамдын бийлик кылышы зыян гана алып келет (9)

    • Дароо жазаланбаганда (11)

    • Ичип-жеп, кубануу (15)

8  Акылман адамга ким тең келе алат? Көйгөйдү кантип чечишти ким билет?* Адамдын акылмандыгы жүзүнөн көрүнүп турат, анын каардуу жүзүн жайдары кылат. 2  Айтарым бул: «Кудайга берген антың үчүн+ падышанын буйруктарын аткар.+ 3  Падышанын алдынан кеткенге шашпа.+ Эч бир жаман ишке да аралашпа.+ Себеби падыша каалаганын кыла алат. 4  Анткени анын сөзү — мыйзам.+ Ага: „Эмне кылып жатасың?“ — деп ким айта алат?» 5  Осуятты аткарган зыян тартпайт;+ акылдуу киши ар бир ишти качан жана кантип кылышты билет.+ 6  Адам баласынын кыйынчылыгы аябай көп, ошон үчүн бардык нерсени өз убагында, туура жол менен чечиш керек.+ 7  Алдыда эмне болорун эч ким билбесе, анда анын кантип болорун ким айта алмак эле? 8  Бир да адам өмүр демине бийлик кыла албайт, ошондуктан өлө турган күнүнө да бийлик кыла албайт.+ Согуш маалында эч бир жоокер бошотулуп, үйүнө жиберилбегендей эле, ыймансыздар да жаман иштеринин кесепетинен качып кутула алышпайт*. 9  Мен ушунун баарын көрдүм, күн астында жасалып келген ар кандай ишке байкоо салып, адамдын адамга бийлик кылышы зыян гана алып келерин түшүндүм.+ 10  Ошондой эле ыйык жайга* келип-кетип жүргөн ыймансыздардын көмүлгөнүн көрдүм. Алар өздөрү жаман иштерди кылып жүргөн шаарда бат эле унутулуп калышты.+ Бул да маңызсыздык. 11  Жаман иши үчүн дароо жазаланбагандыктан+ адам баласы жамандык кылгандан коркпой калат.+ 12  Күнөөкөр жүз жолу жамандык кылганына карабай узак жашаса да, чыныгы Кудайдан корккондордун акыры жакшылык көрөрүн билем, анткени алар андан коркушат.+ 13  Ал эми ыймансыз киши жакшылык көрбөйт,+ көлөкө сымал жок болуп кете турган күндөрүн узарта албайт,+ себеби ал Кудайдан коркпойт. 14  Жер үстүндө мындай да кейиштүү нерсе* бар: адил адамдарга алар жаман иштерди кылгандай мамиле кылынып жатат,+ ал эми ыймансыздарга алар адил иштерди кылгандай мамиле кылынып жатат.+ Мен муну да маңызсыздык дедим. 15  Ошондуктан башкаларга кубанып жашагыла деп айттым,+ себеби күн астында адамдын ичип-жеп, кубанганынан өтөрү жок экен. Ал күн астында чыныгы Кудайдан алган өмүрүндө жан үрөп иштеши, ошол эле учурда кубанычка бөлөнүшү керек экен.+ 16  Ошондуктан мен акылмандыкка ээ болгонго, жер үстүндө жасалып жаткан бардык иштерди түшүнгөнгө+ күндүзү да, түнкүсүн да уйку көрбөй аракет кылдым*. 17  Анан чыныгы Кудайдын бардык иштери жөнүндө ой жүгүртүп, адам баласынын күн астында жасалып жаткан иштерди толук түшүнө албасын баамдадым.+ Канчалык аракет кылышпасын, аларды түшүнө алышпайт. Атүгүл өздөрүн абдан акылдуу деп эсептеп, түшүнө алабыз дешкен күндө да толук түшүнө алышпайт.+

Шилтемелер

Же: «Кайсы бир нерсенин маанисин ким түшүндүрүп бере алат?»
Же балким: «ыймансыздарды ыймансыздыгы куткара албайт».
Сыягы, Иерусалим менен ал жактагы ибадаткананы билдирет.
Же: «убаракерчилик».
Же балким: «адамдар күндүзү да, түнкүсүн да уйку көрбөй жасап жаткан бардык иштерди түшүнгөнгө аракет кылдым».