Некемия 11:1—36
-
Иерусалимге кайрадан эл отурукташат (1—36)
11 Элди башкарган төрөлөр Иерусалимге отурукташты.+ Ал эми калган элдин арасынан ыйык шаарда, Иерусалимде, жашаганга ар бир он үй-бүлөнүн бирин тандаш үчүн өкчөмө таш ыргытышты.+ Калган тогузу болсо башка шаарларга отурукташты.
2 Эл Иерусалимге өз ыктыяры менен көчүп барган эркектердин баарына батасын берди.
3 Дубан башчылары да Иерусалимге отурукташты. Ал эми калган ысрайылдыктар, дин кызматчылар, лебилер, ибадатканада кызмат кылган кулдар+ жана Сулаймандын кызматчыларынын урпактары+ Жүйүт жериндеги башка шаарларда, өз шаарында, менчик жеринде жашап калышты.+
4 Жүйүт уруусундагылар менен Бенжемин уруусундагылардын айрымдары Иерусалимге отурукташышты. Жүйүт уруусундагы дубан башчылары: Узиянын уулу Атая (Узия Закарыянын, Закарыя Амариянын, Амария Шепатиянын, Шепатия Перестин+ тукумдарынан болгон Маалалилдин уулу болгон),
5 ошондой эле Барухтун уулу Маасея. Барух Колхозенин, Колхозе Хазаянын, Хазая Адаянын, Адая Жоариптин, Жоарип Закарыянын уулу болгон. Закарыя Шелахтын тукумдарынан болгон.
6 Перестин Иерусалимде жашаган урпактарынын жалпы саны 468. Алар эр жүрөк, күчтүү кишилер болушкан.
7 Бенжемин уруусундагы дубан башчылары: Мешуламдын уулу Салу+ (Мешулам Жоеттин, Жоет Педаянын, Педая Колаянын, Колая Маасеянын, Маасея Итиелдин, Итиел Жешаянын уулу болгон),
8 ошондой эле Габай менен Салай, бардыгы биригип 928 киши.
9 Андан тышкары, шаарда аларды көзөмөлдөгөн Зихринин уулу Жоел жана анын орун басары Асенуйдун уулу Жүйүт.
10 Дин кызматчылар: Жоариптин уулу Жедая, Жахин+ жана
11 чыныгы Кудайдын ибадатканасындагы башчылардын бири Серая (ал Хилкиянын, Хилкия Мешуламдын, Мешулам Садоктун, Садок Мераоттун, Мераот Акитуптун+ уулу болгон),
12 ошондой эле алардын Кудайдын ибадатканасындагы иштерди аткарган боордоштору, бардыгы биригип 822 киши. Андан сырткары, Жерохамдын уулу Адая (Жерохам Пелалиянын, Пелалия Амзинин, Амзи Закарыянын, Закарыя Пашкурдун, Пашкур+ Малкиянын уулу болгон) жана
13 анын боордоштору, урук башчылары, бардыгы биригип 242 киши. Азарелдин уулу Амашсай (Азарел Аказайдын, Аказай Мешилемоттун, Мешилемот Имердин уулу болгон) жана
14 анын боордоштору, бардыгы биригип 128 киши. Алар күчтүү, эр жүрөк кишилер болчу. Аларды атактуу үй-бүлөдөн чыккан Забдиел көзөмөлдөгөн.
15 Лебилер: Хашуптун уулу Шемая.+ Хашуп Азрикамдын, Азрикам Хашабиянын, Хашабия Бунинин уулу болгон.
16 Андан сырткары, лебилердин башчылары Шабетай+ менен Жозабат.+ Алар чыныгы Кудайдын үйүндө сырттагы иштерге көзөмөл кылган.
17 Ошондой эле Кудайдан тиленип жатканда аны даңктап ырдагандарды+ жетектеген Микейдин уулу Матания.+ Микей Забдинин, Забди Асаптын+ уулу болгон. Андан сырткары, Матаниянын жардамчысы Бакбукея жана Шамуянын уулу Абда. Шамуя Галалдын, Галал Жедутундун+ уулу болгон.
18 Ыйык шаардагы лебилердин жалпы саны 284.
19 Дарбазачылар: Акуп менен Талмон+ жана алардын дарбаза кайтарган боордоштору, бардыгы биригип 172 киши.
20 Калган ысрайылдыктар, дин кызматчылар жана лебилер Жүйүт жериндеги башка шаарларда, ар бири өзүнүн менчик жеринде* жашады.
21 Ибадатканада кызмат кылган кулдар+ Опелде жашашты.+ Аларга Зиха менен Гишпа башчылык кылды.
22 Иерусалимде чыныгы Кудайдын үйүндөгү иштерди аткарган лебилерге Банинин уулу Узи башчылык кылды. Бани Хашабиянын, Хашабия Матаниянын, Матания+ Миханын уулу болгон. Миха Асаптын урпактарынан, ырчылардан, болгон.
23 Падыша буйрук чыгаргандыктан,+ ырчылар күн сайын керектүү нерселер менен камсыз кылынып турчу.
24 Жүйүттүн уулу Зерактын урпактарынан болгон Мешезабелдин уулу Петахия падышанын элге тиешелүү бардык маселелерди чечкенге жардам берген кеңешчиси болчу.
25 Жүйүт уруусундагылардын айрымдары жашаган конуштар менен аларга караштуу* талаалар булар: Кириат-Арба,+ Дибон жана аларга караштуу шаарлар, Жекапзел+ жана ага караштуу айылдар,
26 Жешуя, Молада,+ Бет-Пелет,+
27 Хазар-Шуал,+ Беир-Шеба жана ага караштуу шаарлар,
28 Сыклак,+ Мехона жана ага караштуу шаарлар,
29 Эн-Римон,+ Сора,+ Жармут,
30 Заноах,+ Адулам жана аларга караштуу айылдар, Лакиш+ жана ага караштуу жерлер, Азек+ жана ага караштуу шаарлар. Алар Беир-Шебадан Ином+ өрөөнүнө чейинки жерлерге отурукташты.
31 Бенжемин уруусундагылар жашаган жерлер булар: Геба,+ Михмаш, Ай, Бейтел+ жана ага караштуу шаарлар,
32 Анатот,+ Ноп,+ Анания,
33 Хазор, Рама,+ Гитаим,
34 Хадит, Себоим, Небалат,
35 Лот, Оно+ жана усталардын өрөөнү.
36 Жүйүт уруусунун жеринде жашаган лебилердин айрым топтору Бенжемин уруусунун жерине отурукташты.