Некемия 2:1—20
2 Артакшашта*+ падышанын башкаруусунун жыйырманчы жылынын нисан* айы эле.+ Падышанын алдына шарап алып келишти. Мен адаттагыдай эле ага шарап сундум.+ Падыша мурун менин капалуу жүргөнүмдү көргөн эмес эле.
2 Ошон үчүн мага: «Ооругандай деле көрүнбөйсүң, анда эмнеге капалуусуң? Жүрөгүңдү бир нерсе өйүп турат окшойт»,— деди. Ошондо жүрөгүм шуу дей түштү.
3 Анан падышага: «Падышам, өмүрүңүз узун болсун! Ата-бабаларымдын сөөгү коюлган шаардын дарбазалары өрттөлүп, өзү кыйрап жатса, кантип капа болбой коёюн?» — дедим.+
4 Ал: «Анан эмне кылайын деп жатасың?» — деп сурады. Мен дароо асмандын Эгедери болгон Кудайдан жардам сурап тилене калдым.+
5 Анан падышага: «Эгер падышам туура көрсө, эгер кулуңуз падышамдын көңүлүнө жакса, анда мени Жүйүт жерине, ата-бабаларымдын сөөгү коюлган шаарга жибериңиз, мен аны кайра курайын»,— дедим.+
6 Падыша менден (каныша жанында отурган эле): «Барып келгенге канча убакыт кетет, кайра качан келесиң?» — деп сурады. Ошондо падыша мени жибергенге+ көңүлдөнүп жатканын байкап, кайра качан келеримди айттым.+
7 Анан падышага: «Падышам, эгер туура көрсөңүз, Эфрат* дарыясынын аркы өйүзүндөгү+ башкаруучуларга кат жазып бериңиз. Жүйүт жерине баратканымда, алар мага жеринен өткөнгө уруксат беришсин.
8 Падышамдын токоюн* кайтарган Асапка да кат жазып бериңиз. Ал мага ибадаткананын жанындагы Сепилдин+ дарбазаларын, шаардын дубалын,+ өзүм жашай турган үйдү курганга жыгач берсин»,+— дедим. Кудайым мени колдоп тургандыктан, падыша өтүнүчүмдү аткарды.+
9 Ошентип, дарыянын аркы өйүзүндөгү башкаруучуларга барып, падышанын катын бердим. Падыша мага аскер башчылары менен атчандарын да кошуп берген эле.
10 Бет-орондук Санбалат+ менен Амон+ уулдарынан болгон Тобия+ деген кызматкер ысрайылдыктарга жардам бергени бирөө келгенин угушту. Бул аларга жаккан жок.
11 Акыр-аягы, Иерусалимге жеттим. Үч күндөн кийин
12 түндө туруп, жаныма бир нече киши алып, шаардан чыктым. Бирок аларга Иерусалим жөнүндө Кудайым мага кандай ой салганын айткан жокмун. Мен эшек минип алган элем, жанымдагылар жөө болчу.
13 Түндө Өрөөн дарбазасынан+ чыгып, Чоң-Жылан суусунун жанынан өтүп, Күл дарбазасына+ чейин Иерусалимдин ураган дубалын, өрттөлгөн дарбазаларын карап бардым.+
14 Андан ары Башат дарбазасына,+ Падышанын жасалма көлмөсүнө чейин бардым. Бирок ал жерде эшек өтө алгыдай жол жок экен.
15 Ошон үчүн өрөөн аркылуу+ жогору карай бастырып, дубалдарды карап бардым. Анан артка бурулуп, Өрөөн дарбазасы аркылуу үйгө кайтып келдим.
16 Башчылар+ менин эмне кылганымды, каякка барганымды билген жок. Анткени мен жүйүттөргө да, алардын дин кызматчыларына да, аттуу-баштуу кишилерине да, башчыларына да, калган жумушчуларына да эч нерсе айта элек болчумун.
17 Акыр-аягы, аларга: «Абалыбыз өтө оор экенин, Иерусалимдин дарбазалары өрттөлүп, өзү кыйрап жатканын көрүп турасыңар. Ошон үчүн, келгиле, Иерусалимдин дубалын кайра тургузуп, шылдыңдан арылалы!» — дедим.
18 Анан Кудайымдын мага кантип жардам бергенин,+ падышанын эмне дегенин айтып бердим.+ Ошондо алар: «Дубалды кайра тургузабыз!» — деп, ишке киришкенге бел байлашты.+
19 Бул жөнүндө укканда бет-орондук Санбалат, Амон+ уулдарынан болгон Тобия+ деген кызматкер, арабиялык Гешем+ бизди шылдыңдап:+ «Эмне кылып жатасыңар? Эмне, падышага каршы чыгып жатасыңарбы?» — деп коркутуп-үркүтө башташты.+
20 Мен аларга: «Бизди асмандын Эгедери болгон Кудай өзү колдойт.+ Биз анын кызматчыларыбыз. Дубалды кайра тургузабыз. Ал эми силердин Иерусалимде эч нерсеңер жок, бир нерсе талап кылганга укугуңар да жок, бул шаардын тарыхына да эч кандай тиешеңер жок»,— дедим.+