Некемия 4:1—23

  • Душмандардын бут тосушуна карабай иш алдыга жылат (1—14)

  • Эл бир колу менен иштеп, экинчи колу менен курал кармап турат (15—23)

4  Дубалды кайра куруп жатканыбызды укканда Санбалат+ аябай жаман болуп, каары кайнап, жүйүттөрдү шылдыңдай баштады. 2  Ал жанындагы кишилеринин жана самариялык аскерлердин көзүнчө: «Бул ары жок жүйүттөр эмне кылып жатышат? Өзүбүз эле бүтүрүп алабыз деп жатышабы? Курмандык чалабыз деп ойлоп жатышабы? Баарын бир күндө эле бүтүрүп коюшат бекен? Урап жаткан күйүк таштардан кайра кура алмак беле?» — деди.+ 3  Анын жанында турган Амондун+ тукумдарынан болгон Тобия+ болсо: «Кура беришсин, булардын таш дубалы түлкү секирип чыкса эле урап калат»,— деди. 4  Ошондо мен: «Оо, Кудайыбыз, үнүбүздү уга көр, булар бизди жек көрүп,+ шылдыңдап жатышат. Өздөрүн шылдыңга калтырып,+ душмандарынын колуна салып бер, бөтөн жерликтерге туткун болушсун. 5  Алардын айыбына, күнөөсүнө көз жумуп койбо, буларды кечирбе.+ Булар куруучуларды кордоп жатышат»,— дедим. 6  Биз дубалды тургуза бердик. Ошентип, шаарды айланта дубалды жарымына чейин көтөрүп койдук. Эл жан-дилден иштеп жатты. 7  Ишибиз алдыга жылып, Иерусалимдин дубалынын бузулган жерлери оңдолуп жатканын укканда Санбалат, Тобия,+ Амондун тукумдары, арабиялыктар+ жана азоттуктар*+ аябай ачууланышты. 8  Алар Иерусалимге кол салып, бизге бут тосуш үчүн өз ара сүйлөшө башташты. 9  Ошондо биз Кудайыбыздан жардам сурап тиленип, алардан коргонуш үчүн күндүзү да, түнкүсүн да күзөтчүлөрдү коё баштадык. 10  Бирок жүйүттөр: «Оор нерселерди ташыган кишилерибиздин алы кетип калды, урандылар болсо дагы эле көп. Дубалды курганга өзүбүздүн күчүбүз жетпейт»,— дей башташты. 11  Душмандарыбыз болсо: «Капысынан кирип барабыз да, баарын кырып, ишин токтотуп салабыз. Алар биздин келгенибизди көрбөй да, билбей да калышат»,— деп жатышты. 12  Алардын жанында жашаган жүйүттөр да келген сайын: «Алар бизге туш тараптан кол салганы жатышат»,— деп кайра-кайра айтып жатышты. 13  Ошон үчүн дубалдын сыртындагы ойдуң, ачык жерлерге күзөтчүлөрдү коё баштадым. Элди тукуму боюнча бөлүп, аларга кылыч, найза, жаа бердим. 14  Бирок алар коркуп жатышты. Муну көрүп, мен дароо аттуу-баштуу кишилерге,+ башчыларга жана калган элге: «Алардан коркпогула.+ Жахабанын адам баласы сестенип, кастарлап турган улуу Кудай экенин унутпагыла.+ Боордошторуңар, уул-кыздарыңар, аялдарыңар, үй-жайыңар үчүн күрөшкүлө»,— дедим. 15  Душмандарыбыз баарын билип койгонубузду, чыныгы Кудайдын алардын оюн ойрон кылганын угушту. Ошентип, баарыбыз кайрадан дубалды тургузганга кириштик. 16  Ошол күндөн тартып кишилеримдин жарымы иштеп,+ жарымы соот кийип, колуна найза, калкан, жаа кармап турушту. Төрөлөр+ элди колдоп турду*, 17  эл болсо дубалды тургузуп жатты. Оор нерселерди ташыгандар бир колу менен иштеп, экинчи колуна курал кармап жүрүштү. 18  Ар бир куруучу белине кылыч байлап алып иштеп жатты. Менин жанымда болсо сурнайчы жүрдү.+ 19  Мен аттуу-баштуу кишилерге, башчыларга жана калган элге: «Жумуш али көп. Анын үстүнө, бири-бирибизден алыс туруп иштеп жатабыз. 20  Ошон үчүн сурнайдын үнүн угарыңар менен биздин жаныбызга чогула калгыла. Биз үчүн Кудайыбыз өзү күрөшөт»,+— дедим. 21  Ошентип, жарымыбыз иштеп жатканда, жарымыбыз таң аткандан жылдыз чыкканга чейин найза кармап турдук. 22  Мен элге: «Эркектердин баары кызматчылары менен бирге Иерусалимде түнөсүн. Алар түнкүсүн бизди кайтарып, күндүз иштешет»,— дедим. 23  Мен өзүм да, жанымдагы кызматчыларым+ менен күзөтчүлөр да, башка жүйүттөр да үстүбүздөгү кийимибизди чечкен жокпуз. Ар бирибиз оң колубузга найза кармап жүрдүк.

Шилтемелер

ашдоддуктар.
Сөзмө-сөз: «бүт Жүйүт үйүнүн артында турду».