Некемия 5:1—19
5 Ошол убакта эл ичиндеги эркектер менен алардын аялдары башка жүйүттөргө катуу нааразы боло башташты.+
2 Кээ бирлери: «Биздин уул-кыздарыбыз көп. Эптеп курсагыбызды тойгузуп, жан сакташ үчүн бизге эгин керек»,— дешсе,
3 башкалары: «Ачкадан өлүп калбаш үчүн айласыздан жерибизди, жүзүмзарларыбызды, үйлөрүбүздү күрөөгө коюп, эгин алып жатабыз»,— деп жатышты.
4 Дагы бирөөлөрү: «Айла жоктон карызга акча алып, падышага салык төлөш үчүн жерибизди, жүзүмзарларыбызды күрөөгө коюп жатабыз.+
5 Алар менен каныбыз бир, алардын уулдары кандай болсо, биздики деле ошондой, алардан эч нерсеси кем эмес. Анда эмне үчүн биз уул-кыздарыбызды кулчулукка сатышыбыз керек?! Кыздарыбыздын кээ бирлери эбак эле күң болуп калган.+ Бир нерсе кылалы десек, колубуздан эч нерсе келбейт, анткени жерлерибиз менен жүзүмзарларыбызды башкаларга берип койгонбуз»,— деп жатышты.
6 Алардын зар-муңун укканда аябай ачууландым.
7 Ошол жөнүндө жакшылап ойлонуп көргөндөн кийин аттуу-баштуу кишилер менен башчыларга: «Силер өтө эле көп үстөк алып жатасыңар, болгондо да, өз элиңерден алып жатасыңар»,+— деп катуу айттым.
Анан көп элди чогултуп:
8 «Колубуздан келгендин баарын кылып, башка элдерге кулчулукка сатылып кеткен жүйүттөрдү кайра сатып алчу эмес белек. Эми аларды өзүңөр сатып жатасыңарбы?+ Эми биз аларды кайра сатып алышыбыз керекпи?» — дедим. Эч кимиси үн каткан жок, эч нерсе деп жооп берген жок.
9 Ошондо аларга: «Мындай кылганыңар жарабайт. Кудайыбыздан коркпойсуңарбы,+ башка элдерге, душмандарыбызга, уят болуп жатпайбызбы!
10 Мен деле, бир туугандарым менен кызматчыларым деле элге карызга акча, эгин берип жатабыз. Бирок, силерден суранам, алардан үстөк алганыбызды токтотолу.+
11 Аларга жерлерин, жүзүмзарларын, зайтун бактарын, үйлөрүн, ошондой эле карызга берген акчаңардын, эгиниңердин, жаңы шарабыңар менен майыңардын үстөгүн* бүгүндөн калбай кайрып бергиле»,+— дедим.
12 Алар мага: «Баарын кайрып беребиз, алардан эч нерсе талап кылбайбыз. Баарын сен айткандай кылабыз»,— дешти. Мен дин кызматчыларды чакырып, айткандарын аткарышы үчүн, ошентип жүргөндөргө ант бердирттим.
13 Анан үстүмдөгү кийимимди* силкип: «Ким сөзүнө турбаса, чыныгы Кудай аны үйүнөн, мүлкүнөн ушинтип силкип салсын. Аны силкип салып, куру жалак калтырсын!» — дедим. Ошондо ал жерге чогулгандардын баары: «Оомийн!*» — деди. Анан Жахабаны алкап-даңктай башташты. Эл берген убадасына турду.
14 Ошондой эле Артакшашта+ падыша мени Жүйүт жерине башкаруучу+ кылып дайындаган күндөн тартып, анын башкаруусунун жыйырманчы жылынан+ отуз экинчи жылына+ чейин, 12 жыл бою, мен да, бир туугандарым да башкаруучуларга тиешелүү тамак-аштан жеген жокпуз.+
15 Мага чейинки башкаруучулар тамак-аш менен шарапка деп элден күн сайын 456 грамм* күмүш алып, аларга оордук келтиришчү. Кызматчылары да элге үстөмдүк кылчу. Мен болсо Кудайдан корккондуктан+ анткен жокмун.+
16 Андан сырткары, дубал тургузганга жардам бердим. Кызматчыларым да ошол жерде иштеп жүрүштү. Биз кедей-кембагалдардын жерин өзүбүзгө алып алган жокпуз.+
17 Менин дасторконумдан жүйүттөр менен алардын башчылары, баары биригип 150 киши, ошондой эле тегеректеги элдерден келгендер да тамактанып жүрүштү.
18 Менин эсебимен* күн сайын 1 бука, 6 семиз кой, бир канча канаттуу союлчу. Он күндө бир жолу шараптын ар кандай түрү мол берилип турчу. Ошондой болсо да, мен башкаруучуга тиешелүү тамак-ашты талап кылчу эмесмин, анткени эл ансыз деле кыйналып жаткан.
19 Ошондуктан: «Оо, Кудайым, бул элге кылган жакшылыгымдын баарын эстеп, мага жакшылык кыла көр»,— деп тилендим.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «жүздөн бир бөлүгүн»; айына бир пайыздан.
^ Же: «кийимимдин бүктөөсүн». Байыркы убакта кийимдин көкүрөк жактагы бүктөлгөн жери чөнтөк катары колдонулчу.
^ Сөзмө-сөз: «40 шекел». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «Мен үчүн».