Некемия 6:1—19

  • Курулушту токтотконго жасалган аракет уланат (1—14)

  • Дубал 52 күндүн ичинде тургузулуп бүтөт (15—19)

6  Менин дубалды тургузуп бүткөнүм,+ анын ураган жерлеринин толугу менен оңдолуп бүткөнү Санбалатка, Тобияга,+ арабиялык Гешемге+ жана калган душмандарыбызга да маалым болду (бирок ал убакта дарбазанын эшиктерин орното элек болчумун).+ 2  Ошондо Санбалат менен Гешем мага: «Кел, Оно+ өрөөнүндөгү бир айылдан жолугалы»,— деп айттырып жиберишти. Бирок, чынында, алардын арам ою бар болчу. 3  Ошондуктан аларга кишилерди жөнөтүп: «Мен чоң иш менен алек болуп жатам, бара албайм. Эгерде силерге бара турган болсом, иш токтоп калат»,— деп айттырып жибердим. 4  Алар мени төрт жолу ушинтип чакыртышты, төрт жолу тең ушинтип жооп бердим. 5  Ошондо Санбалат мени чакырыш үчүн бешинчи жолу кызматчысын жөнөттү. Анын колунда мөөр басылбаган ачык кат бар экен. 6  Ал катта: «Элдер сени менен жүйүттөрдү көтөрүлүш чыгарганы жатат деп айтып жатышат.+ Гешем+ да ушинтип айтып жатат. Дубалды ошон үчүн куруп жаткан турбайсыңарбы. Айтылган кептерге караганда, аларга падыша болоюн деген оюң бар экен. 7  Анан дагы бүт Иерусалим боюнча: „Жүйүттүн өз падышасы бар!“ — деп жар салганга пайгамбарларды да дайындап коюптурсуң. Муну падышага сөзсүз жеткиришет. Ошондуктан, кел, кеңешели»,— деп жазылыптыр. 8  Бирок мен ага: «Айткандарыңдын баары калп. Мунун бардыгын оюңан чыгарып жатасың»,— деп айттырып жибердим. 9  Душмандарыбыздын баары: «Алардын ындыны өчүп, ишти аягына чыгара албай калышат»+ — деп, бизди коркутканга аракет кылып жатышты. Бирок мен Кудайымдан кайрат беришин сурап тилендим.+ 10  Мехетабелдин небереси, Делаянын уулу Шемаяныкына барсам, үйүндө бекинип отуруптур. Ал мага: «Чыныгы Кудайдын үйүнөн, ибадаткананын ичинен, жолугуп, эшигин бекитип алалы. Анткени сени өлтүргөнү жатышат, сени өлтүргөнү түндө келишет»,— деди. 11  Бирок мен: «Мендей адам кантип качсын? Анын үстүнө, мендей адам ибадатканага кирсе, тирүү калмак беле?+ Жок, мен ал жакка кирбейм»,— дедим. 12  Анан ал пайгамбарды Кудай жибербегенин түшүндүм. Көрсө, аны мени алдаш үчүн Тобия менен Санбалат+ жалдаган экен. 13  Алар аны мени коркутуш үчүн жалдашыптыр. Эгер коркуп, күнөө кылсам, мени айыптап, жаманатты кылганга шылтоо табылмак экен. 14  Ошон үчүн: «Оо, Кудайым, Тобия+ менен Санбалатка кылган иштерине жараша тиешесин бер. Ноадия деген пайгамбар аялды да, мени кайра-кайра коркутканга аракет кылган башка пайгамбарларды да жазалай көр»,— деп тилендим. 15  Акыры, элул* айынын жыйырма бешинчи күнү дубал тургузулуп бүттү. Ал 52 күндүн ичинде тургузулду. 16  Бүт душмандарыбыз муну укканда жана тегерегибиздеги элдер муну көргөндө аябай уят болушту.+ Алар бул иштин Кудайыбыздын жардамы менен бүткөнүн түшүнүштү. 17  Ошол күндөрү жүйүттөрдүн аттуу-баштуу кишилери+ Тобияга көп кат жазышчу. Тобиядан да аларга кат келип турчу. 18  Анткени ал Арахтын+ уулу Шеханиянын күйөө баласы болгондуктан, көп жүйүттөр аны колдогонго ант беришкен эле. Ошондой эле анын уулу Жахонан Берекиянын уулу Мешуламдын+ кызын алган болчу. 19  Алар Тобияны мага көп макташчу, менин айткандарымды болсо ага жеткирип турушчу. Тобия өзү болсо мени коркутуш үчүн кат жөнөтүп турду.+

Шилтемелер