Ошуя 14:1—9

  • Жахабага кайрылып келгенге чакырык (1—3)

    • «Мактоо сөздөрүн тартуу кылабыз» (2)

  • Ысрайыл эли айыгып, ишенимсиздик кылбай калат (4—9)

14  «Оо, Ысрайыл, Жахаба Кудайыңа кайтып кел,+Анткени сен өз кылмышыңдан улам мүдүрүлдүң.  2  Жахабага кайрылып келип,Мындай дегиле: „Күнөөбүздү кечирип,+ жакшы нерселерибизди кабыл ала көр. Ошондо букачарлардан курмандык чалгандай, сага мактоо сөздөрүн тартуу кылабыз.+  3  Бизди Ашур куткарбайт.+ Мындан ары согушка минген аттарыбызга таянбайбыз.+ Колубуз менен жасаган нерселерди Кудайыбыз дебейбиз,Себеби жетимге сен гана кайрымдуулук кыласың“.+  4  Мен аларды айыктырам, ошондо мага болгон берилгендигинен жазышпайт.+ Аларды чын ыкыластан жакшы көрөм,+Анткени аларга каарданбай калдым.+  5  Мен Ысрайыл үчүн шүүдүрүмдөй болом. Ал лилия гүлүндөй гүлдөйт,Лебанондун* дарактарындай тамыр жаят.  6  Бутактары жайылат,Атагы зайтун дарагыныкындай,Жыты Лебанондун дарагыныкындай болот.  7  Элим кайрадан менин көлөкөмдө жашайт,Эгин өстүрөт, жүзүмдөй болуп гүлдөйт.+ Менин атагым Лебанон шарабыныкындай болот.  8  Эпрайым: „Эми бул буркандардын мага эмне кереги бар?“ — дейт.+ Мен ага жооп берем, кам көрөм.+ Барпайган арчадай болом. Ага жегенге жемиш берем».  9  Ким акылдуу болсо, ушуларды түшүнсүн. Ким эстүү болсо, ушуларды билсин. Анткени Жахабанын жолу түз.+ Адил адам ал жолдон чыкпайт,Ал эми мыйзамды бузгандар ал жолдо чалынып жыгылат.

Шилтемелер

Ливандын.