Ошуя 3:1—5

  • Ошуя ойноштук кылган аялын кайтарып алат (1—3)

  • Ысрайыл эли Жахабанын алдына келишет (4, 5)

3  Анан Жахаба мага: «Башка эркек сүйгөн, сени таштап, ойноштук кылып жүргөн аялды кайра сүй.+ Ысрайыл эли башка кудайларга кайрылып,+ аларга жүзүмдүн ныкталган кагын тартуу кылганды жакшы көргөнүнө карабай, Жахаба аларды кандай сүйсө,+ сен да ал аялды ошондой сүй»,— деди. 2  Ошондо мен 15 күмүш тыйын, 195 килограммдай* арпа берип, Гомерди кайтарып алдым. 3  Анан ага: «Сен меники болосуң, мени көп күн бою күтөсүң. Ошол убакта ойноштук кылба, башка эркекке барба. Мен да сага жолобойм»,— дедим. 4  Анткени ысрайыл эли көп убакытка чейин падышасыз,+ төрөсүз, курмандыксыз, ыйык устунсуз, эфодсуз*,+ үй-бүлөлүк кудайысыз*+ жашайт. 5  Ошондон кийин ысрайыл эли кайрылып келип, өздөрүнүн Кудайы Жахабага кызмат кылганга умтулушат,+ өздөрүнүн падышасы Дөөтүнү*+ издешет. Алар Жахабанын жакшылыгын көрүш үчүн акыркы күндөрдө анын алдына коркуп, аны кастарлап келишет.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «1 жарым хомер». Б14 тиркемесин кара.
Сөзмө-сөз: «терафимсиз». Сөздүктү кара.
Б. а. Дөөтүнүн келиши керек болгон урпагын.