Ошуя 5:1—15

  • Эпрайым менен Жүйүт күнөөсүнүн кесепетин тартат (1—15)

5  «Оо, дин кызматчылар, уккула,+Оо, ысрайыл эли, көңүл бур,Падышанын үйүндөгүлөр, силер да кулак салгыла,Баарыңар жазага тартыласыңар;Анткени силер Миспада тартылган тузак,Табордо+ жайылган тор болдуңар.  2  Түз жолдон чыккандар* көптөрдүн канын төгүштү. Мен алардын баарына эскертип жатам*.  3  Мен Эпрайымды билем,Ысрайыл менден жашына албайт. Оо, Эпрайым, сен адеп-ахлаксыздыкка* баттың. Ысрайыл өзүн арамдады.+  4  Алардын сойкулук кылганга болгон каалоосу күч алгандыктан,Кылган иштери өз Кудайына кайтып келгенге тоскоолдук кылып жатат.+ Алар мени, Жахабаны, баркка албай жатышат.  5  Ысрайылдын текебердиги өзүнө каршы күбө болду.+ Ысрайыл менен Эпрайым өз кылмыштарынан улам мүдүрүлдү. Аларга кошулуп Жүйүт да мүдүрүлдү.+  6  Алар мага, Жахабага, жагыш үчүн майда мал менен бодо малдан курмандык чалышты,Бирок анысын жактырган жокмун. Мен алардан алыстадым.+  7  Алар мени, Жахабаны, сатып кетишти,+Себеби алардан чоочун* балдар төрөлдү. Эми бир айдын ичинде үлүшү* менен кошо жок болушат.  8  Гибада мүйүз сурнай тарткыла,+ Рамада+ сурнай тарткыла! Бет-Абенде:+ «Алга, Бенжемин!» — деп ураан чакыргыла!  9  Оо, Эпрайым, сен жазаланган күнү үрөй учурарлык абалда каласың.+ Мен Ысрайыл урууларына эмне болорун айтып бердим. 10  Жүйүттүн төрөлөрү жердин чек белгилерин айлакерлик менен жылдыргандардай болуп калышты.+ Мен аларга кайнаган каарымды суудай төгөм. 11  Эпрайым кордук көрдү, адилеттүү түрдө кыйратылды,Анткени өзүнө таянып, душманынын артынан түштү.+ 12  Мен Эпрайым үчүн күбөдөй,Жүйүт үчүн чириктей болдум. 13  Эпрайым оорусун, Жүйүт жарасын көргөндө,Эпрайым Ашурга* барды,+ улуу падышага кабарчыларды жиберди. Бирок ал силерди сакайта алган жок,Жараңарды айыктыра алган жок. 14  Мен Эпрайым үчүн жаш арстандай,Жүйүт үчүн күчтүү арстандай* болом. Аларды жара тартып, сүйрөп кетем.+ Куткарар эч ким болбойт.+ 15  Өз ордума кайтып барам да, алар күнөөсүнүн кесепетин тартмайын, ошол жакта болом. Ошондо алар мага жагууну эңсешет,+Катуу кыйналганда менден жардам сурашат».+

Шилтемелер

Же: «Козголоңчулар».
Же: «баарын тарбиялайм».
Же: «жеткен ыпыластыкка; сойкулукка».
Же: «талаалары».
Сыягы, бөтөн жерлик аялдар төрөп берген балдар. Ошол себептен алар Кудай үчүн чоочун болушкан.
Ассирияга.
Же: «жалы бар жаш арстандай».