Ошуя 6:1—11

  • Жахабага кайтып барганга чакырык (1—3)

  • Элдин сүйүүсү туруксуз (4—6)

    • Туруктуу сүйүү курмандыктан артык (6)

  • Элдин жийиркеничтүү иштери (7—11)

6  «Жүргүлө, Жахабага кайтып баралы. Себеби бизди ал өзү жара тартты,+ өзү айыктырат,Өзү жарадар кылды, өзү таңат.  2  Ал бизди эки күндөн кийин жандандырат,Үчүнчү күнү тургузат,Ошондо анын көз алдында жашайбыз.  3  Жахабаны таанып-билебиз,Аны жакшыраак таанып-билгенге умтулабыз. Таң сөзсүз аткандай, ал да сөзсүз келет. Ал бизге жерди сугарган нөшөрдөй,Жазгы жаандай болуп келет».  4  «Оо, Эпрайым, сени эмне кылайын? Оо, Жүйүт, сени эмне кылайын? Силердин сүйүүңөр* эртең мененки булуттай,Тез эле жок болуп кеткен шүүдүрүмдөй.  5  Ошондуктан силерди пайгамбарлар айткан кабар менен кыя чабам,+Оозуман чыккан сөзүм менен өлтүрөм.+ Силерге чыгарган өкүмүм жаркыраган жарыктай айкын болот.+  6  Анткени мен курмандыкты эмес, туруктуу сүйүүнү*,Бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарды эмес,Мени, Кудайыңарды, таанып-билгениңерди жактырам.+  7  Бирок менин элим, көр пенделер, келишимди бузушту,+Өз жеринде мени сатып кетишти.  8  Гилат — кыянаттык кылгандардын шаары.+ Ал — кандуу издерге толгон шаар.+  9  Дин кызматчылар адамды аңдып жаткан каракчылардын тобундай. Алар жийиркеничтүү иштерди кылышат,Ошон үчүн Шекемдин+ жолунда киши өлтүрүшөт, 10  Мен ысрайыл элинен төбө чачты тик тургузган нерсени көрүп турам. Алардын жеринде Эпрайым сойкулук кылып,+Ысрайыл өзүн арамдап жатат.+ 11  Оо, Жүйүт, сени оруп-жыйып, чогулта турган убакты белгиледим,Элимди туткундан алып келер убак белгиленди».+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «туруктуу сүйүүңөр».
Же: «ырайымды».