Ошуя 8:1—14

  • Буркандарга сыйынуунун кесепеттери (1—14)

    • Шамал сепкендиктен, катуу шамал оруп алышат (7)

    • Ысрайыл Жаратканын унутуп койду (14)

8  Жахаба мындай деди: «Сурнай тарт!+ Элим менин келишимимди бузуп,+ мыйзамыма каршы чыгып, күнөө кылганы үчүн,+Аларды* көздөй бүркүттөй шукшурулуп душман келатат.+  2  Алар мага: „Оо, Кудайыбыз, биз — Ысрайыл — сени билебиз!“+ — деп зарлап жатышат.  3  Ысрайыл жакшы нерсени четке какты.+ Ошон үчүн аны душманы куусун.  4  Алар менсиз эле падышаларды дайындап алышты,Менден сурабай төрөлөрдү коюп алышты. Өздөрүнүн алтын-күмүштөрүнөн буркандарды жасашты,+Өздөрүн ойрон кылыш үчүн ошентишти.+  5  Оо, Самария, сыйынып жүргөн музооңду четке кактым.+ Сага каарым кайнап жатат.+ Качанкыга чейин ыпыластыгыңан арылбай жүрө бересиң?  6  Ал музоо Ысрайылдан чыккан,Аны уста жасагандыктан, ал Кудай эмес. Самариянын музоосу бычыранды болот.  7  Алар шамал сепкендиктен,Катуу шамал оруп алышат.+ Бир да буудайы баш албайт,+Бир да машагынан ун чыкпайт. Чыкса да, аны бөтөн жерликтер жалмап кетет.+  8  Ысрайылды душманы жеп-жутуп кетет.+ Эми алар элдердин арасында+ керексиз идиштей болуп калат.  9  Себеби алар үйүрүнөн бөлүнүп кеткен жапайы эшекке окшоп Ашурга+ жөнөштү. Эпрайым ойношторун жалдады.+ 10  Аларды башка элдерден жалдашса да,Мен баарын чогултам. Ошондо алар падыша менен төрөлөрдүн эзүүсүнөн кыйналышат.+ 11  Себеби Эпрайым курмандык жайын көбөйтүп, күнөө кылды.+ Курмандык жайларын колдонуп күнөөгө батты.+ 12  Мен ага көп мыйзамдарымды* жазып бергем,Бирок ал анын баарын өгөйлөдү.+ 13  Алар мага арнап курмандыктарды чалып, эт жешет. Бирок мен анысын такыр жактырбайм,+— дейт Жахаба.— Эми алардын кылмыштарын эстеп, күнөөлөрү үчүн жазалайм.+ Алар кайра Мисирге жөнөштү*.+ 14  Ысрайыл Жаратканын унутуп,+ ибадатканаларды курду.+ Жүйүт болсо чептүү шаарларын көбөйттү.+ Бирок мен анын шаарларына от коём,Ал от шаарларындагы мунараларын жалмайт».+

Шилтемелер

Же: «Үйүмдү».
Же: «көрсөтмөлөрүмдү».
Же балким: «Мисирге кайтып барышат».