Ошуя 9:1—17

  • Кудай Эпрайымды күнөөлөрү үчүн четке кагат (1—17)

    • Өздөрүн жийиркеничтүү бурканга арнашты (10)

9  «Кубанба, Ысрайыл!+ Башка элдердей шаттанба. Анткени сойкулук* кылып, Кудайыңдан алыстап кеттиң.+ Сен бардык кырмандарда сойкулук кылып тапкан акыңды жакшы көрүп калдың.+  2  Бирок сени кырман да, жүзүм сыккан жай да тойгузбайт,Жаңы шарабың да түгөнөт.+  3  Ысрайыл эли мындан ары Жахабанын жеринде жашабайт;+Эпрайым кайра Мисирге кайтат,Алар Ашурдан арам тамак-аш жешет.+  4  Жахабага тартуу катары шарап алып келбей калышат;+Ал алардын курмандыктарын жактырбайт.+ Ал курмандыктар аза күткөндө желген нандай,Аларды жегендердин баары арамдалат. Себеби алардын наны өздөрү үчүн гана,Жахабанын ибадатканасына* киргизилбейт.  5  Оо, эл-журт, жыйналыш өткөрүлө турган күнү,Жахабага арналган майрам күнү эмне кыласыңар?  6  Душман келип, бүлгүн салганда, качканга аргасыз болосуңар.+ Силерди Мисирдин эли чогултат,+ Мемфиске көмөт.+ Күмүштөн жасалган баалуу нерселериңерди чалкан басат,Чатырларыңардын ичинде тикенектүү бадал өсөт.  7  Силер жазалана турган күндөр,+Тиешеңерди ала турган күндөр келет. Ошондо, ысрайыл эли, муну билесиңер! Силердин пайгамбарыңар акылсыз болуп чыгат,Кудайдын кабарын айтып жатам деген киши акылынан айныган болуп чыгат. Кылмышыңар көп болгондуктан, силерге каршы кастык да көбөйдү».  8  Эпрайымды күзөткөн+ пайгамбар Кудайым менен бирге болчу.+ Эми болсо пайгамбарлардын+ жолдорунун баары куш кармаган аңчынын тузагындай,Кудайынын ибадатканасы* болсо кастыкка толгон.  9  Ысрайылдыктар Гибанын баягы тургундарына окшоп аябай бузулушту.+ Ошондуктан Кудай алардын кылмыштарын эстейт, күнөөлөрү үчүн жазалайт.+ 10  Кудай мындай дейт: «Мен Ысрайылды чөлдөн жүзүм тапкандай таап алган элем.+ Ата-бабаларыңарды көргөндө анжир дарагынын алгачкы мөмөсүн көргөндөй болгом. Бирок алар Пеор Баалына*+ барышты;Өздөрүн ошол жийиркеничтүү нерсеге* арнап,+Өздөрү да жакшы көргөн бурканындай жийиркеничтүү болуп калышты. 11  Эпрайымдын даңкы куштай болуп учуп кетти;Ошондуктан ал жакта төрөгөндөр да, кош бойлуулар да, боюна бүткөндөр да жок.+ 12  Атүгүл балдарын чоңойтуп-өстүрүшсө да,Аларды тартып алам, бир да кишисин калтырбайм.+ Мен аларды таштап кеткенде, баштарына каран түн түшөт!+ 13  Жакшы жерге тигилген Эпрайым мен үчүн Тирдей болчу;+Эми ал уулдарын канкорго чыгарып бергенге аргасыз болот». 14  Оо, Жахаба, аларга тиешесин бер. Жатынын бала токтобогудай, эмчегин сүт чыкпагыдай кылып кой. 15  Кудай: «Алар бүт жаман иштерин Гилгалда жасашкан,+ аларды ошол жактан жек көрүп калгам. Кыянат иштери үчүн жеримден* кууп жиберем,+Мындан ары аларды жакшы көрбөйм.+ Төрөлөрүнүн баары өжөр. 16  Эпрайым кыйратылат.+ Алардын тамыры солуйт, бир да мөмө байлашпайт. Төрөшсө да, бапестеген ал балдарын өлтүрүп салам»,— дейт. 17  Кудайым ысрайыл элин четке кагат,Анткени алар аны укпай жатат.+ Ошондуктан алар элдердин арасында тентип калышат.+

Шилтемелер

Же: «жыныстык адеп-ахлаксыздык; бузулгандык».
Сөзмө-сөз: «үйүнө».
Сөзмө-сөз: «үйү».
Же: «уятка калтырган кудайга».
Сөзмө-сөз: «үйүмдөн».