Падышалар 1-китеп 11:1—43
11 Сулайман фараондун кызынан+ башка дагы көптөгөн бөтөн жерлик аялдарды:+ мааптык,+ эдомдук, сидондук+ аялдарды, Амондун+ жана Хеттин+ тукумдарынан болгон аялдарды сүйүп калды.
2 Алар Жахаба ысрайылдыктарга: «Силерди өздөрүнүн кудайларына сыйынганга азгырып кетпеши үчүн, алар менен аралашпагыла*»,+— деп айткан элдерден болчу. Бирок Сулайман аларды абдан жакшы көрүп, аларга байланып калды.
3 Анын 700 аялы, 300 токолу бар эле. Бара-бара аялдары аны түз жолдон чыгарышты.
4 Сулайман карыганда,+ аялдары аны башка кудайларга сыйынганга азгырып кетишти.+ Ошентип, ал Жахаба Кудайына атасы Дөөтүгө окшоп бүт жүрөгү менен берилген жок.
5 Сулайман сидондуктардын аял кудайы Астартага,+ Амондун тукумдарынын жийиркеничтүү кудайы Милкомго+ сыйына баштады.
6 Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылып, Жахабага атасы Дөөтүдөй болуп толугу менен баш ийген жок.+
7 Сулайман Иерусалимдин тушундагы тоого+ мааптыктардын жийиркеничтүү кудайы Кемоско, Амондун тукумдарынын+ жийиркеничтүү кудайы Молекке+ сыйына турган жерлерди жасады.
8 Ал өздөрүнүн кудайларына курмандык чалып, курмандык түтүнүн түтөткөн бөтөн жерлик бардык аялдары үчүн ошондой сыйына турган жерлерди жасады.
9 Сулайман өзүнө эки жолу көрүнгөн+ Ысрайылдын Кудайы Жахабадан алыстап кеткендиктен,+ Жахаба ага каарданды.
10 Жахаба ага башка кудайларга сыйынбашы керектигин айткан болчу,+ бирок ал анын буйругуна баш ийбей койду.
11 Ошондуктан Жахаба Сулайманга: «Ушинткениң үчүн, келишимимди бузуп, сага берген көрсөтмөлөрүмдү аткарбай койгонуң үчүн, падышалыкты сенден тартып алып, кызматчыларыңдын бирине берем.+
12 Бирок атаң Дөөтүгө берген убадам үчүн муну сенин убагыңда кылбайм. Мен падышалыкты уулуңдан тартып алам.+
13 Бирок мен андан падышалыкты толугу менен тартып албайм.+ Кызматчым Дөөтүгө берген убадам үчүн, өзүм тандап алган+ Иерусалим үчүн уулуңа бир урууну* калтырам»,+— деди.
14 Жахаба Сулайманга Эдом падышасынын тукуму+ Адатты душман кылды.+
15 Мурун Дөөтү Эдомго+ сокку урганда, аскер башчысы Жоап өлгөндөрдүн сөөгүн койгону Эдомго барып, ал жердеги эркек аттуунун баарын өлтүрмөкчү болгон.
16 (Ал Эдомдогу бүт эркектерди кырып жок кылгыча ысрайылдык аскерлер менен 6 ай ошол жакта болгон.)
17 Бирок Адат атасынын бир нече эдомдук кызматчысы менен чогуу Мисирге качып кеткен. Ошол кезде ал кичинекей болчу.
18 Алар Мидиандан чыгып, Паранга барышкан. Анан ал жерден өздөрүнө бир нече киши кошуп алып,+ Мисир падышасы фараонго барышкан. Фараон Адатка үй берип, тамак-аш менен камсыз кылып, жер бөлүп берген.
19 Адат фараонго аябай жагып калгандыктан, ал ага аялы Тахпенес канышанын сиңдисин алып берген.
20 Бир нече убакыт өткөндөн кийин Тахпенестин сиңдиси Адатка Генубат деген уул төрөп берген. Тахпенес аны фараондун ак сарайында чоңойтуп-өстүргөн*. Ошентип, Генубат ак сарайда фараондун балдары менен бирге чоңойгон.
21 Мисирде жүргөндө Адат Дөөтү менен аскер башчы Жоаптын өлгөнүн угуп,+ фараонго: «Мени коё бериңиз, өз жериме кетейин»,— деди.
22 Фараон андан: «Эмнеге өз жериңе кеткиң келип жатат? Бул жерде бир нерседен кем болуп жатасыңбы?» — деп сурады. Ал: «Жок, андай деле эмес. Ошентсе да, суранам, өз жериме коё бериңиз»,— деди.
23 Кудай Сулайманга өзүнүн мырзасынан,+ Собанын падышасы Ададезерден,+ качып кеткен Элиада уулу Резонду да душман кылды.
24 Дөөтү Собанын аскерлерин талкалагандан кийин, Резон өзүнө киши чогултуп, талап-тоноочулардын башчысы болуп алган.+ Алар Дамаскка+ барып, ошол жерде жашап, бийлик кыла башташкан.
25 Сулаймандын көзү өткүчө, ал Ысрайылга душман болуп, Адат кылган жамандыктардан тышкары көп жамандык кылды. Ал Сирияда бийлик кылып жүргөндө Ысрайылды аябай жек көрүп жүрдү.
26 Сулайман падышага кызматчысы+ середалык Жеробам+ да каршы чыкты.+ Ал Эпрайым уруусундагы Небаттын уулу эле. Жесир калган энесинин аты Зеруа болчу.
27 Анын падышага каршы чыкканынын себеби мындай эле: Сулайман Милону*+ куруп, атасы Дөөтүнүн шаарын курчаган дубалдын ачык калган жерлерин бүтөгөн болчу.+
28 Жеробам жөндөмдүү, кыйын киши эле. Сулайман анын эмгекчил экенин байкап, Жусуптун урпактарынан болгон жумушчулардын баарына көзөмөлчү кылып койгон.+
29 Бир күнү Жеробам Иерусалимден чыгып, жолдо кетип баратканда, алдынан жаңы кийим кийген шилолук Ахия+ пайгамбар чыкты. Ал жерде экөөнөн башка эч ким жок болчу.
30 Ахия үстүндөгү жаңы кийимин 12ге бөлүп айрып салды да,
31 Жеробамга мындай деди:
«Өзүңө 10 бөлүгүн ал, себеби Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен Сулаймандан падышалыкты тартып алып, 10 урууну сага берем.+
32 Ал эми ага кызматчым Дөөтүгө+ берген убадам үчүн, Ысрайыл урууларына таандык бардык шаарлардын ичинен тандап алган+ Иерусалим үчүн бир урууну калтырам.+
33 Анткени ысрайылдыктар мени таштап,+ сидондуктардын аял кудайы Астартага, мааптыктардын кудайы Кемоско, Амондун тукумдарынын кудайы Милкомго табынып кетишти. Алар менин жолум менен жүрүшкөн жок, менин алдымда туура иштерди кылышкан жок, көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды Сулаймандын атасы Дөөтүдөй болуп аткарышкан жок.
34 Бирок Сулаймандан падышалыкты толугу менен тартып албайм. Ага өмүрү өткөнчө падышалык кылганга жол берем. Муну өзүм тандап алган,+ осуяттарым менен көрсөтмөлөрүм боюнча жашаган кызматчым Дөөтүгө берген убадам үчүн кылам.
35 Мен падышалык бийликти анын уулунан тартып алып, 10 урууну сага берем.+
36 Ал эми анын уулуна, өз ысмым үчүн тандап алган Иерусалим шаарында+ Дөөтүнүн тукуму* дайыма бийлик кылышы үчүн, бир урууну берем.
37 Мен сени тандап алам, ошондо өзүң каалагандын бардыгына бийлик кылып, Ысрайылга падыша болосуң.
38 Эгер кызматчым Дөөтүгө окшоп+ айткандарымдын баарына баш ийип, менин жолумда жүрсөң, көрсөтмөлөрүм менен осуяттарымды аткарып, көз алдымда туура иштерди кылсаң, сени да колдоп жүрөм. Дөөтүнүн тукумдарын падыша кылгандай эле, сенин да тукумдарыңды падыша кылып,+ Ысрайылды сага берем.
39 Дөөтүнүн тукумдарын жаман иштерди кылышканы үчүн басынтам,+ бирок түбөлүккө басынтпайм“».+
40 Сулайман Жеробамды өлтүрмөкчү болду, бирок ал Мисирге,+ анын падышасы Шишакка+ качып кетип, Сулайман өлгөнгө чейин, ошол жерде жашады.
41 Сулаймандын жашоосунда болгон башка окуялар, анын эмнелерди кылганы, акылмандыгы жөнүндө Сулайман жөнүндө баяндалган китепте жазылган.+
42 Сулайман Иерусалимде бүт Ысрайылга 40 жыл падышалык кылды.
43 Анан ата-бабаларындай эле көз жумуп, атасы Дөөтүнүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Рехабам+ падыша болду.
Шилтемелер
^ Же: «куда-сөөк болбогула».
^ Сыягы, Жүйүт уруусу менен бирге калган Бенжемин уруусу.
^ Же: «эмчектен чыгарып берген».
^ Сөзмө-сөз: «Жасалма дөбөнү». Сыягы, сепил сыяктуу курулуш.
^ Сөзмө-сөз: «чырагы».