Падышалар 1-китеп 12:1—33
12 Рехабам Шекемге барды, анткени бүт ысрайыл эли аны падыша кылыш үчүн+ ошол жерге+ чогулган болчу.
2 Бул тууралуу ошол убакта Мисирде жашап жүргөн Небаттын уулу Жеробам да укту (ал Сулайман падышадан качып кеткен боюнча дагы деле Мисирде жүргөн болчу).+
3 Эл киши жиберип, аны чакыртып алды. Анан аны менен бүт ысрайыл жамааты Рехабамга келип:
4 «Атаң мойнубузга оор жүк артып, жашообузду азаптуу кылып жиберген.+ Эми сен атаңа окшоп көптү талап кылбай, жүгүбүздү жеңилдет, ошондо сага кызмат кылабыз»,— дешти.
5 Рехабам аларга: «Үч күндөн кийин кайра келгиле»,— деди. Эл тарап кетти.+
6 Рехабам падыша атасы Сулайманга кызмат кылган аксакалдардан: «Элге эмне деп жооп берейин? Кандай кеңеш бересиңер?» — деп сурады.
7 Алар: «Эгер бул элге кызмат кылсаң, өтүнүчүн аткарып, жылуу-жумшак жооп берсең, алар сага ар дайым кызмат кылышат»,— дешти.
8 Бирок ал аксакалдардын кеңешин четке кагып, өзү менен чогуу чоңойгон, өзү теңдүү кызматчылары менен кеңешип,+
9 алардан: «„Атаң мойнубузга арткан жүктү жеңилдет“,— деп келген элге эмне деп жооп берейин? Силер кандай дейсиңер?» — деп сурады.
10 Чогуу чоңойгон теңтуштары ага: «„Атаң мойнубузга оор жүк артып, жашообузду азаптуу кылып жиберген, эми сен аны жеңилдет“,— деп келген элге: „Менин чыпалагым атамдын белинен жоон.
11 Атам силерге оор жүк арткан болсо, мен аны ого бетер оордотом. Атам силерди жөнөкөй камчы менен жазаласа, мен тиштери бар камчы менен жазалайм“,— деп айт»,— дешти.
12 Рехабам падышанын: «Үч күндөн кийин кайра келгиле»,— деген буйругуна ылайык, Жеробам менен бүт эл үч күндөн кийин кайра ага келишти.+
13 Падыша аларга орой жооп берди. Ошентип, аксакалдардын кеңешин укпай койду.
14 Өзү теңдүүлөр кеңеш кылгандай, ал: «Атам силерге оор жүк арткан болсо, мен аны ого бетер оордотом. Атам силерди жөнөкөй камчы менен жазаласа, мен тиштери бар камчы менен жазалайм»,— деди.
15 Ошентип, падыша элди укпай койду. Себеби Жахабанын шилолук Ахия+ пайгамбар аркылуу Небаттын уулу Жеробамга айткан сөзү аткарылышы үчүн, Жахаба ушундай кылды.+
16 Падыша укпай койгондо, бүт ысрайылдыктар* ага: «Дөөтүдөн алчу үлүшүбүз бар беле? Жышайдын уулунан бизге кандай мурас тиймек эле? Ысрайылдыктар, өз кудайларыңарга кайткыла! Дөөтүнүн урпактары, өз камыңарды өзүңөр көргүлө!» — дешти да, үйлөрүнө тарап кетишти.+
17 Бирок Рехабам Жүйүт уруусуна таандык шаарларда жашаган ысрайылдыктарга бийлик кыла берди.+
18 Бир жолу ал падышанын ишин кылганга милдеттүү болгон жумушчулардын башчысы Адорамды+ ысрайылдыктарга бир иш менен жиберди, бирок алар аны таш бараңга алып өлтүрүп коюшту. Рехабам арабасына түшүп, Иерусалимге качып кетти.+
19 Ысрайылдыктар ушул күнгө чейин Дөөтүнүн урпактарына каршы.+
20 Жеробамдын кайтып келгенин укканда бүт ысрайылдыктар аны чогулушка чакыртышты да, Ысрайылга падыша кылып шайлашты.+ Жүйүт уруусундагылардан башкасынын баары Дөөтүнүн тукумдарынан бөлүнүп кетти.+
21 Ысрайылдыктар менен согушуп, падышалык бийликти өзүнө кайтарып алыш үчүн Сулаймандын уулу Рехабам Иерусалимге кайтып келер замат бүт Жүйүт уруусу менен Бенжемин уруусунан 180 000 дасыккан* жоокер чогултту.+
22 Ошондо чыныгы Кудай Шемая+ деген пайгамбарына*:
23 «Сулаймандын уулу Жүйүттүн падышасы Рехабамга, бүт Жүйүт уруусу менен Бенжемин уруусуна жана калган элдин баарына:
24 „Жахаба мындай дейт: “Ысрайылдык боордошторуңар менен согушканы барбагыла. Үйлөрүңөргө кайткыла, себеби бул менин эрким менен болду”,— деп айт“»,— деди.+ Алар Жахабанын тилин алып, Жахаба айткандай, үйлөрүнө кайтышты.
25 Жеробам Эпрайым уруусуна караштуу тоолуу аймактагы Шекем+ шаарын чыңдап, ошол жерде жашады. Кийин ал жактан Пенуелге+ кетип, аны да чыңдап-бекемдеди.
26 Жеробам ичинен: «Дөөтүнүн урпактары падышалыкты кайра тартып алышы мүмкүн.+
27 Эгер эл курмандык чалыш үчүн Иерусалимдеги Жахабанын үйүнө+ бара берсе, кайра мырзасынын, Жүйүт падышасы Рехабамдын, тарабына оой башташат. Анан мени өлтүрүп, кайра Жүйүт падышасы Рехабамга кетип калышат»,— деп ойлоду.
28 Анан падыша кеңешчилери менен акылдашып, эки алтын музоо+ жасады да, элге: «Иерусалимге барып түйшүк тартып эмне кыласыңар? Ысрайылдыктар, силерди Мисир жеринен алып чыккан Кудайыңар мына»,— деди.+
29 Ошентип, музоолордун бирин Бейтелге,+ экинчисин Данга+ койду.
30 Бул элдин күнөө кылышына себеп болду,+ эл музоого сыйыныш үчүн Данга чейин бара баштады.
31 Жеробам бийик жерлерге сыйынуу жайларын куруп, Леби уруусунан болбогон кишилерди дин кызматчы кылып дайындады.+
32 Ал сегизинчи айдын он бешинчи күнү Жүйүт жеринде өткөрүлгөн майрамга окшогон майрам негиздеди.+ Бейтелдеги+ өзү курган курмандык жайында өзү жасаган музоолорго арнап курмандык чалды. Андан сырткары, Бейтелдеги өзү курган сыйынуу жайларына дин кызматчыларды койду.
33 Ошентип, өзү тандап алган сегизинчи айдын он бешинчи күнү Бейтелге курган курмандык жайында курмандыктарды чала баштады. Ал ысрайылдыктар үчүн майрам негиздеди. Жеробам курмандыктарды чалып, курмандык түтүнүн түтөтүш үчүн курмандык жайынын жанына барды.
Шилтемелер
^ Сыягы, Ысрайылдын 10 уруусунан турган түндүк падышалыгын билдирет.
^ Сөзмө-сөз: «тандамал».
^ Сөзмө-сөз: «(чыныгы) Кудайдын кишисине».