Падышалар 1-китеп 13:1—34
13 Жеробам курмандыкты өрттөш үчүн* курмандык жайынын жанында турганда,+ Бейтелге Жахабанын Жүйүт жеринен жиберген бир кызматчысы+ келди.
2 Ал, Жахабанын айтканы боюнча, курмандык жайына кайрылып: «Оо, курмандык жайы, курмандык жайы! Жахаба мындай дейт: „Дөөтүнүн падышалык кыла турган урпактарынын арасынан Жошия+ деген уул чыгат! Ал сенин үстүңдө курмандык чалып жаткандарды* — жалган кудайларга сыйына турган жайлардын* дин кызматчыларын — үстүңдө курмандыкка чалып, кишилердин сөөгүн өрттөйт“»,— деди.+
3 Ал ошол күнү кандай жышаан болорун айтып: «Жахаба айткан жышаан мындай: курмандык жайы урайт да, андагы күл* чачылат»,— деди.
4 Курмандык жайынын жанында турган Жеробам падыша чыныгы Кудайдын кызматчысынын Бейтелдеги курмандык жайы жөнүндө айткан сөздөрүн укканда колун сунуп: «Кармагыла муну!»+ — деди. Ошол замат анын сунулган колу сенейип* калды, ал колун эч кыймылдата албай койду.+
5 Анан, Жахаба өз кызматчысына айткан жышаанга ылайык, курмандык жайы урап, андагы күл чачылып калды.
6 Падыша чыныгы Кудайдын кызматчысына: «Суранам, Жахаба Кудайыңан ырайым кылышын сурап жалынчы, мен үчүн тиленчи, колум айыксын»,— деди.+ Жахабанын кызматчысы андан ырайым кылышын сурап жалынганда, падышанын колу айыгып, мурункусундай эле болуп калды.
7 Ошондо падыша чыныгы Кудайдын кызматчысына: «Жүр үйгө, тамак ичип ал. Сага белек да берейин»,— деди.
8 Бирок ал: «Мага үйүңдүн жарымын берсең да, сени менен барбайм, бул жерден нан да жебейм, суу да ичпейм.
9 Себеби Жахаба мага: „Нан да жебе, суу да ичпе, келген жолуң менен кайра кайтпа“,— деп буйрук кылды»,— деди.
10 Анан ал жерден Бейтелге келген жолу менен эмес, башка жол менен жөнөп кетти.
11 Бейтелде бир кары пайгамбар жашачу. Балдары үйүнө келип, ага чыныгы Кудайдын кызматчысынын ошол күнү Бейтелде эмнелерди кылганын, падышага эмне деп айтканын бүт айтып беришти.
12 Анан атасы алардан: «Ал кайсы жол менен кетти?» — деп сурады. Алар Жүйүт жеринен келген чыныгы Кудайдын кызматчысы кеткен жолду көрсөтүштү.
13 Ал балдарына: «Мага эшекти токуп бергиле»,— деди. Алар токуп беришти. Ал эшегине минип, жөнөп кетти.
14 Кары пайгамбар чыныгы Кудайдын кызматчысынын артынан барса, ал чоң дарактын түбүндө отуруптур. Кары пайгамбар андан: «Жүйүт жеринен келген чыныгы Кудайдын кызматчысы сенсиңби?»+ — деп сурады. Тиги: «Ооба, менмин»,— деди.
15 Ал: «Жүр үйгө, тамактанып ал»,— деди.
16 Бирок чыныгы Кудайдын кызматчысы: «Мен артка кайрылып, сиздикине бара албайм, бул жерден нан да жебейм, суу да ичпейм.
17 Себеби Жахаба мага: „Ал жерден нан да жебе, суу да ичпе, келген жолуң менен кайра кайтпа“,— деп айткан»,— деди.
18 Ошондо кары пайгамбар: «Мен деле сага окшогон пайгамбармын. Жахабанын буйругу менен периште мага: „Аны үйүңө кайтарып кел, нан жеп, суу ичип алсын“,— деп айтты»,— деди. (Ал калп айтып койду.)
19 Ошентип, чыныгы Кудайдын кызматчысы анын үйүнөн тамактанып алыш үчүн аны менен артка кайтты.
20 Алар дасторкон үстүндө отурушканда, кары пайгамбарга Жахабадан кабар келди.
21 Ошондо ал пайгамбар Жүйүт жеринен келген чыныгы Кудайдын кызматчысына: «Жахаба мындай дейт: „Жахабанын буйругуна каршы чыгып, Жахаба Кудайыңдын осуятын аткарбай,
22 ал: “Нан да жебе, суу да ичпе”,— деп айткан бул жерге кайтып келип, жеп-ичкениң үчүн, сөөгүң ата-бабаларың коюлган мүрзөгө коюлбайт“»,— деди.+
23 Чыныгы Кудайдын кызматчысы тамактанып бүткөндөн кийин, аны жолдон кайрып келген кары пайгамбар ага эшегин токуп берди.
24 Анан ал жөнөп кетти. Жолдон арстан чыгып, аны жара тартты.+ Анын өлүгү жолдо жатты, арстан менен эшек болсо өлүктүн жанында турду.
25 Жолдон өтүп баратып өлүк менен анын жанында турган арстанды көргөндөр кары пайгамбар жашаган шаарга барып, баарын айтып беришти.
26 Аны жолдон кайрып келген кары пайгамбар бул тууралуу угары менен: «Ал — чыныгы Кудайдын кызматчысы. Ал Жахабанын буйругун аткарбай койгондуктан,+ Жахаба аны арстанга салып берип, арстан аны жара тарткан турбайбы. Жахаба ага кандай айтса, баары ошондой болду»,— деди.+
27 Анан балдарына: «Мага эшекти токуп бергиле»,— деди. Алар эшекти токуп беришти.
28 Ал барып, жолдон анын өлүгүн тапты. Жанында эшеги менен арстан туруптур. Арстан өлүктү жебептир, эшекке да тийбептир.
29 Кары пайгамбар чыныгы Кудайдын кызматчысына аза күтүп, аны мүрзөгө коюш үчүн сөөгүн эшекке артып, өз шаарына алып барды.
30 Ал аны өзүнүн мүрзөсүнө койду. Анан: «Оо, бир боорум ай, боорум ай!» — деп аны жоктоп ыйлашты.
31 Аны койгондон кийин кары пайгамбар балдарына: «Мен өлгөндө, сөөгүмдү чыныгы Кудайдын кызматчысы коюлган жерге, анын сөөгүнүн жанына койгула.+
32 Анын Жахабанын сөзү боюнча Бейтелдеги курмандык жайы менен Самариянын шаарларындагы бийик жерлердеги+ сыйынуу жайлары жөнүндө айткандары сөзсүз аткарылат»,— деди.+
33 Ушул окуядан кийин да Жеробам жаман жолунан кайткан жок. Ал бийик жерлердеги сыйынуу жайларында кызмат кылганга элдин арасынан дин кызматчыларды дайындай берди.+ Ким кааласа, ошонун баарын: «Бул киши сыйынуу жайында дин кызматчы болсун»+ — деп, дайындай берди.
34 Жеробамдын+ үйүндөгүлөрүнүн бул күнөөсү алардын кырылып, жер бетинен жок болушуна алып келди.+
Шилтемелер
^ Бул жердеги еврей сөзү жыпарзат түтөтүүнү да билдириши мүмкүн.
^ Же: «курмандык түтүнүн түтөткөндөрдү».
^ Же: «май сиңген күл». Башкача айтканда, курмандыкка чалынган малдын майы сиңген күл.
^ Же: «шал болуп».