Падышалар 1-китеп 14:1—31

  • Ахиянын Жеробам жөнүндө алдын ала айткандары (1—20)

  • Рехабам Жүйүт жеринде падышалык кылат (21—31)

    • Шишак Иерусалимге кол салат (25, 26)

14  Ошол убакта Жеробамдын уулу Абия ооруп калды. 2  Жеробам аялына: «Тур да, менин аялым экениң билинип калбашы үчүн, башка кийим кийип, Шилого бар. Ал жерде Ахия деген пайгамбар бар. Бул элге падыша болорумду мага ошол айткан болчу.+ 3  Ага 10 нан, бир нече токоч, 1 кумура бал ала бар. Ал сага балабыздын эмне болорун айтып берет»,— деди. 4  Жеробамдын аялы ал айткандай кылды. Ал Шилого,+ Ахиянын үйүнө барды. Ахия карып, көзү көрбөй калган болчу. 5  Жахаба Ахияга: «Сага Жеробамдын аялы ооруп калган баласы жөнүндө сураганы келатат. Ага эмне дешиң керектигин айтам*. Ал келгенде өзүнүн ким экенин жашырат»,— деди. 6  Аял эшиктен кирип келатканда, Ахия анын баскан дабышын угуп, мындай деди: «Кир, Жеробамдын аялы. Эмнеге өзүңдүн ким экениңди жашырып жатасың? Сага айта турган суук кабарым бар. 7  Бар да, Жеробамга мындай де: „Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: “Ысрайыл элиме жол башчы кылыш үчүн сени элдин арасынан тандап алган элем.+ 8  Анан Дөөтүнүн урпактарынан падышалыкты тартып алып, сага берген болчумун.+ Сен болсо осуяттарымды аткарган, көз алдымда дайыма туура иштерди кылып, мага бүт жүрөгү менен кызмат кылган кызматчым Дөөтүдөй болгон жоксуң.+ 9  Жаман иштерди кылып, өзүңө чейинкилердин баарынан ашып түштүң. Мага акарат кылыш үчүн+ өзүңө башка кудай, куйма буркандарды жасап алдың, мени болсо таштап койдуң.+ 10  Ошондуктан, Жеробам, тукумдарыңа каргаша жиберем.+ Ысрайылда үйүңдөгү эркек аттуунун баарын, анын ичинде бечараларын да кырам. Кыкты эч нерсесин калтырбай тазалагандай эле, тукумдарыңдын бирин да калтырбай жок кылам. 11  Үйүңдөгүлөрдүн шаарда өлгөнүн иттер жейт, талаада өлгөнү болсо куштарга жем болот, себеби муну мен, Жахаба, айттым”“. 12  Эми үйүңө кете бер. Шаарга жетериң менен, балаң өлөт. 13  Бүт ысрайылдыктар аны жоктоп ыйлап, мүрзөгө коюшат. Жеробамдын үй-бүлөсүнөн ошол гана мүрзөгө коюлат, анткени Ысрайылдын Кудайы Жахаба Жеробамдын үйүндөгүлөрүнүн ичинен ошондон гана жакшы бир нерсе тапты. 14  Жахаба Ысрайылга Жеробамдын+ тукумун жок кыла турган падышаны дайындай турган күн келет, атүгүл келип да калды. 15  Жахаба Ысрайылды жазалайт, ал сууда термелген камыштай болот. Ыйык туткан мамыларын жасап,+ Жахабага акарат кылышканы үчүн, ал ысрайылдыктарды ата-бабаларына берген ушул жакшы жерден тамыры менен жулуп алып,+ Эфрат дарыясынын аркы өйүзүнө чачыратып жиберет.+ 16  Жеробамдын кылган күнөөлөрү үчүн жана анын айынан ысрайылдыктар да күнөө кылганы үчүн, Кудай ысрайыл элин таштап коёт».+ 17  Жеробамдын аялы жолго чыгып, кайра Тирсага келди. Ал үйүнүн босогосун аттаары менен, баласы өлүп калды. 18  Жахаба кызматчысы Ахия пайгамбар аркылуу айткандай, аны мүрзөгө коюшту, бүт Ысрайыл аны жоктоп ыйлады. 19  Жеробамдын жашоосунда болгон башка окуялар, анын согуштарды кантип жүргүзгөнү,+ кантип башкарганы Ысрайылдын падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган. 20  Жеробам 22 жыл падышалык кылгандан кийин көз жумду.+ Анын ордуна уулу Надап такка отурду.+ 21  Жүйүт жеринде болсо Сулаймандын уулу Рехабам падышалык кылып жатты. Ал 41 жашында такка отуруп, Ысрайыл урууларына таандык шаарлардын ичинен Жахаба өзүнүн ысмы үчүн тандап алган+ Иерусалимде 17 жыл бийлик кылды. Анын энесинин аты Наама болчу, ал Амондун тукумдарынан эле.+ 22  Жүйүт эли Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылышты,+ күнөөгө батып, аны ата-бабаларынан да катуу каардантышты.+ 23  Алар жалган кудайларга сыйына турган жайларды жасап, ар бир бийик дөбөнүн+ үстүнө, ар бир шактуу дарактын+ түбүнө ыйык туткан устундары менен мамыларын+ орнотушту. 24  Алардын жеринде жалган кудайларына сыйынганда сойкулук кылган* эркектер да бар болчу.+ Жүйүт эли Жахаба алардын алдынан кууп чыккан элдер кылган жийиркеничтүү иштердин баарын кылды. 25  Рехабам падышанын башкаруусунун бешинчи жылында Мисир падышасы Шишак+ Иерусалимге кол салды.+ 26  Ал Жахабанын ибадатканасы менен падыша сарайындагы баалуу буюмдарды алып кетти.+ Бүт баарын, анын ичинде Сулайман жасаган алтын калкандардын бардыгын алып кетти.+ 27  Алардын ордуна Рехабам падыша жез калкандарды жасатып, ак сарайынын кире беришиндеги күзөтчүлөрдүн башчыларына тапшырды. 28  Падыша Жахабанын ибадатканасына баратканда, күзөтчүлөр аны коштоп калкандарды көтөрүп жүрүшчү да, анан кайра күзөтчүлөрдүн бөлмөсүнө коюп коюшчу. 29  Рехабамдын жашоосунда болгон башка окуялар, анын эмнелерди кылганы Жүйүт падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган.+ 30  Рехабам менен Жеробамдын ортосунда дайыма согуш болуп турду.+ 31  Ошентип, Рехабам көз жумуп, сөөгү Дөөтүнүн шаарына, ата-бабалары коюлган жерге коюлду.+ Анын энесинин аты Наама болчу, ал Амондун тукумдарынан эле.+ Рехабамдын ордуна уулу Абиям*+ падыша болду.

Шилтемелер

Же: «Ага ушундай-ушундай деп айт».
Же: «ибадаткана сойкусу болгон».
Абия деп да коюшчу.