Падышалар 1-китеп 22:1—53
22 Сирия менен Ысрайылдын ортосунда 3 жыл согуш болгон жок.
2 Үчүнчү жылы Жүйүттүн падышасы Жошапат+ Ысрайылдын падышасы Ахапка барды.+
3 Ахап кызматчыларына: «Рамот-Гилаттын+ бизге таандык экенин билесиңер да. Биз болсо аны алигиче Сирия падышасынан тартып ала элекпиз»,— деди.
4 Анан Жошапаттан: «Мени менен бирге согушканы Рамот-Гилатка барасыңбы?» — деп сурады. Жошапат: «Сен экөөбүз бирбиз. Менин элим — сенин элиң, менин аттарым — сенин аттарың»,— деди.+
5 Бирок Жошапат Ахап падышага: «Адегенде бул жөнүндө Жахабадан сурап көрбөйсүңбү?»+ — деди.+
6 Ошондо Ахап 400дөй пайгамбарды чогултуп: «Рамот-Гилатты кайтарып алыш үчүн согушканы барайынбы же барбай эле коёюнбу?» — деп сурады. Алар: «Бар, Жахаба аны падышабыздын колуна салып берет»,— дешти.
7 Бирок Жошапат: «Бул жерде Жахабанын пайгамбары барбы? Ошондон да сурап көрбөйлүбү»,— деди.+
8 Ысрайылдын падышасы ага: «Дагы бирөө бар, Жахабадан ошол аркылуу да сурасак болот.+ Бирок мен аны жек көрөм,+ себеби ал мен жөнүндө эч качан жакшы нерселерди пайгамбарлык кылбайт, жалаң гана жаман нерселерди айтат.+ Ал — Имланын уулу Микая»,— деди. Жошапат ага: «Падыша, антип айтпа»,— деди.
9 Ысрайылдын падышасы ак сарай кызматчысын чакырып: «Тезинен Имланын уулу Микаяны алып кел»,— деди.+
10 Ысрайылдын падышасы Ахап менен Жүйүттүн падышасы Жошапат падыша кийимдерин кийип Самариянын дарбазасынын алдындагы аянтта* өз тактыларында отурушту. Берки пайгамбарлар болсо алардын алдында пайгамбарлык кылып жатышты.+
11 Кенаананын уулу Ситкия темир мүйүздөрдү жасап алып: «Жахаба: „Сириялыктарды ушул мүйүздөр менен сүзүп өлтүрүп, тыптыйпыл кыласың“,— деп айтты»,— деди.
12 Калган пайгамбарлар да: «Рамот-Гилатка бара бер, жеңишке жетесиң. Жахаба аны падышабыздын колуна сөзсүз салып берет»,— деп жатышты.
13 Микаяны чакырганы барган кабарчы ага: «Пайгамбарлардын баары падышага жеңишке жетерин айтып жатышат. Сен да аларга окшоп жакшы нерсе айтчы»,— деди.+
14 Бирок Микая: «Тирүү Кудай Жахабаны оозанып ант берем: Жахаба мага эмне десе, ошону гана айтам»,— деди.
15 Ал падышага келгенде, падыша андан: «Микая, Рамот-Гилатты кайтарып алыш үчүн согушканы баралыбы же барбай эле коёлубу?» — деп сурады. Микая: «Бар, жеңишке жетесиң. Жахаба аны падышабыздын колуна сөзсүз салып берет»,— деди.
16 Падыша ага: «Жахабанын атынан сүйлөгөндө мага чындыкты гана айтып жүр деп канча жолу ант бердиртишим керек?» — деди.
17 Ошондо Микая: «Ысрайылдыктардын баары тоолордо+ койчусу жок койлордой чачырап жүргөнүн көрүп жатам. Жахаба: „Булардын ээси жок. Ар бири өз үйүнө кете берсин“,— деп айтып жатат»,— деди.
18 Ысрайылдын падышасы Жошапатка: «Мен сага: „Ал мен жөнүндө бир да жакшы пайгамбарлык кылбайт, жалаң гана жаман нерселерди айтат“,+— деп айтпадым беле»,— деди.
19 Микая: «Жахабанын сөзүн ук. Мен Жахабанын тактыда отурганын,+ анын жанында, оң тарабы менен сол тарабында, бүт периштелердин* турганын көрдүм.+
20 Жахаба: „Ахап Рамот-Гилатка барып, ошол жактан өлүшү үчүн, аны ким алдайт?“ — деп сурады. Ошондо бири мындай, бири тигиндей деп айта баштады.
21 Анан бир периште*+ Жахабанын алдына туруп: „Аны мен алдайм“,— деди. Жахаба: „Кантип?“ — деп сурады.
22 Ал: „Мен барып, анын пайгамбарларынын баарын жалган сүйлөтүп коём“,+— деди. Ошондо Кудай: „Сен аны алдай аласың. Бар да, ошондой кыл“,— деди.
23 Ошентип, Жахаба пайгамбарларыңдын баарын жалган сүйлөтүп койду.+ Бирок, чынында, Жахаба каргашага кабыларыңды айтты»,— деди.+
24 Муну укканда Кенаананын уулу Ситкия Микаянын жанына барды да, аны жаакка чаап: «Эмне, Жахаба менден ыйык рухун алып коюп, эми сен аркылуу сүйлөп жатат дегиң барбы, ыя?!» — деди.+
25 Микая: «Сен муну төркү бөлмөгө жашынган күнү билесиң»,— деди.
26 Ошондо Ысрайылдын падышасы: «Микаяны алып, шаар башчысы Амон менен падышанын уулу* Жоашка баргыла да:
27 „Падыша: “Мен аман-эсен кайтып келгиче, муну түрмөгө камап тургула,+ нан менен сууну демейдегиден аз бергиле”,— деп буйрук кылды“,— деп айткыла»,— деди.
28 Микая ага: «Эгер аман-эсен кайтып келе турган болсоң, анда мен аркылуу Жахаба сүйлөгөн эмес болот»,+— деп айтты. Анан: «Эл-журт, муну баарыңар угуп койгула!» — деди.
29 Ошентип, Ысрайылдын падышасы Ахап менен Жүйүттүн падышасы Жошапат Рамот-Гилатка+ жөнөштү.
30 Ысрайылдын падышасы Жошапатка: «Мен таанылбаш үчүн согушка башка кийим кийип барам, сен болсо өзүңдүн падыша кийимиңди кийип ал»,— деди. Ошентип, Ысрайылдын падышасы башка кийим кийип,+ согуша баштады.
31 Сириянын падышасы болсо согуш арабаларын башкарган 32 башчысына:+ «Жөнөкөй жоокерлер менен да, аскер башчылары менен да согушпагыла, Ысрайылдын падышасы менен гана согушкула»,— деген буйрук берген болчу.
32 Согуш арабаларын башкаргандар Жошапатты көрөрү менен: «Ысрайылдын падышасы — ушул» — деп, чабуул коюш үчүн аны көздөй бурулушту. Бирок Жошапат жардамга чакыра баштады.
33 Ошондо тигилер анын Ысрайылдын падышасы эмес экенин көрүп, артынан куубай калышты.
34 Бир убакта бир киши жаа тартып жибергенде, жебеси кокусунан Ысрайылдын падышасына тийип, соотунун бириктирилген жеринен өтүп кетти. Ошондо падыша араба айдаган кишисине: «Артка тарт, катуу жарадар болдум, мени бул жерден алып кет»,— деди.+
35 Бирок ошол күнү салгылаш күчөп, падыша сириялыктардын каршысында арабада туруп турганга аргасыз болду, аны жөлөп турушту, каны болсо шорголоп арабага агып жатты. Анан кечке маал өлүп калды.+
36 Күн батарда бүт кошуунга: «Ар кимиңер өз шаарыңарга, жашаган жериңерге кайткыла!» — деп жар салынды.+
37 Ошентип, падыша өлдү. Аны Самарияга алып келип көмүштү.
38 Анын согуш арабасын Самариядагы көлмөгө жуушканда, Жахаба айткандай, анын канын иттер жалады. Ал көлмөгө сойкулар жуунуп жаткан эле*.+
39 Ахаптын жашоосунда болгон башка окуялар, анын эмнелерди кылганы, пилдин сөөгүнөн+ курган үйү*, курган шаарлары жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган.
40 Ошентип, Ахап көз жумуп,+ ордуна уулу Ахазия+ падыша болду.
41 Асанын уулу Жошапат+ Ысрайылдын падышасы Ахаптын башкаруусунун төртүнчү жылында Жүйүткө падыша болгон.
42 Ал 35 жашында такка отуруп, Иерусалимде 25 жыл падышалык кылды. Энесинин аты Азуба эле, ал Шилхинин кызы болчу.
43 Жошапат атасы Асанын+ жолун жолдоду, Жахабанын көз алдында туура иштерди кылып, атасынын жолунан чыккан жок.+ Бирок жалган кудайларга сыйына турган жайлар* жок кылынган жок. Эл дагы эле ошол жерлерде курмандык чалып, курмандык түтүнүн түтөтүп жатты.+
44 Жошапат Ысрайылдын падышасы менен тынчтыкта жашады.+
45 Жошапаттын жашоосунда болгон башка окуялар, кандай зор иштерди кылганы, согуштарды кантип жүргүзгөнү Жүйүт падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган.
46 Ошондой эле ал өзүнүн жерин ибадаткана сойкусу* болгон эркектерден+ тазалады. Алар атасы Асанын убагынан калган болчу.+
47 Ошол убактарда Эдомдо+ падыша жок эле. Анын ордуна башчы бийлик кылчу.+
48 Жошапат Опирге барып алтын алып келиши үчүн+ Таршыш кемелерин* да курду. Бирок алар Эсион-Геберде+ талкаланып калып, ал жакка жеткен жок.
49 Ахаптын уулу Ахазия Жошапатка: «Менин кызматчыларым кемелерге түшүп, сенин кызматчыларың менен бирге барышсын»,— деп ошондо айткан болчу. Бирок Жошапат макул болбой койгон эле.
50 Ошентип, Жошапат көз жумуп,+ сөөгү чоң аталарынан болгон Дөөтүнүн шаарына, ата-бабалары коюлган жерге коюлду. Ордуна уулу Жорам+ падыша болду.
51 Жүйүттүн падышасы Жошапаттын башкаруусунун он жетинчи жылында Ахаптын уулу Ахазия+ Самарияда такка отуруп, Ысрайылга падыша болду. Ал 2 жыл падышалык кылды.
52 Ахазия Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылып, атасы+ менен энесинин,+ ошондой эле Ысрайылды күнөөгө батырган Небаттын уулу Жеробамдын жолун жолдоду.+
53 Атасына окшоп Баалга табынып,+ ага кызмат кыла берди. Ошентип, Ысрайылдын Кудайы Жахабаны+ капалантты.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «кырманда».
^ Сөзмө-сөз: «асман аскерлеринин».
^ Сөзмө-сөз: «рух».
^ Сыягы, падышанын үйүндөгүлөрүнүн бири болгон.
^ Же балким: «сойкулар жуунган көлмөгө жуушканда, Жахаба айткандай, анын канын иттер жалады».
^ Же: «ак сарайы».
^ Андай сойкулар жалган кудайларга сыйынганда сойкулук кылган эркектер же аялдар болушкан.