Падышалар 1-китеп 5:1—18
5 Сулаймандын атасынын ордуна падыша болуп дайындалганын* укканда Тир+ падышасы Хирам ага кишилерин жөнөттү, анткени ал Дөөтү менен дос болчу*.+
2 Сулайман да Хирамга+ кишилерин жөнөтүп:
3 «Өзүңүз билгендей, Жахаба айланасындагы душмандарын багындырып бергенге чейин, атам Дөөтү алар менен согушкандыктан Жахаба Кудайынын ысмына арнап үй* кура алган жок.+
4 Азыр болсо Жахаба Кудайым мага бардык жактан тынчтык берди:+ душман да жок, эч кандай кыйынчылык да жок.+
5 Ошон үчүн Жахаба менин атам Дөөтүгө: „Менин ысмыма арнала турган үйдү мен сенин ордуңа такка отургуза турган уулуң курат“,— деп убада кылгандай, Жахаба Кудайымдын ысмына арнап үй курайын деп жатам.+
6 Ошон үчүн кишилериңизге буйрук бериңиз, алар мага Лебанондогу бал карагайлардан+ кыйып беришсин. Менин жумушчуларым сиздин жумушчуларыңыз менен чогуу иштешсин, себеби, өзүңүз билгендей, бизде бак кыйганды сидондуктардай жакшы билген эч ким жок. Мен болсо жумушчуларыңыз үчүн сиз айткан акыны төлөп берем»,— деп айттырып жиберди.+
7 Сулаймандын сөздөрүн укканда Хирам абдан кубанып: «Дөөтүгө ушундай улуу* элди башкарганга акылдуу уул бергени үчүн Жахабага даңк!» — деди.+
8 Анан Сулайманга: «Жөнөткөн кишилериң мага келип, сөздөрүңдү айтып беришти. Мен баарын сен каалагандай кылып, сага арча менен бал карагайларды жөнөтөм.+
9 Кызматчыларым аларды Лебанондон түшүрүп, деңизге жеткиришет. Мен болсо аларды сал кылып, деңиз аркылуу сен айткан жакка агызып жиберем. Анан ал жакка жеткенде, кайра өзүм чечип берем, аларды ошол жерден алып кетесиң. Бирок сен да менин өтүнүчүмдү аткарып, үйүмдөгүлөрүмдү азык-түлүк менен камсыз кылып тур»,— деп айттырып жиберди.+
10 Ошентип, Хирам Сулаймандын каалоосун аткарып, ага арча менен бал карагайларды жөнөтүп турду.
11 Сулайман болсо Хирамга үйүндөгүлөрү үчүн жыл сайын 3 200 тонна* буудай, 4 400 литр* эң жакшы зайтун майын берип турду.+
12 Жахаба, өзү убада кылгандай, Сулайманга акылмандык берди.+ Хирам менен Сулайман тынчтыкта жашап, бири-бири менен келишим түзүштү.
13 Сулайман падыша жумушка салыш үчүн бүт Ысрайылдан 30 000 киши чогултту.+
14 Анан аларды Лебанонго кезек-кезеги менен жөнөтүп турду; бир айда 10 000 киши жөнөтүп турду. Алар Лебанондо бир ай иштеп, эки ай үйүндө болушту. Алардын башчысы болуп Адонирам+ дайындалды.
15 Сулаймандын тоолордо таш кескен кишилеринин+ саны 80 000, ал эми ар кандай кара жумуштарды кыла тургандардын* саны 70 000 болду.+
16 Алардан сырткары, Сулайман иштеп жаткандарды көзөмөлдөп турганга 3 300 башчы дайындады.+
17 Ибадаткананын пайдубалын+ жылмаланган таштан+ салыш үчүн, падыша жумушчуларына кымбат баалуу чоң-чоң таштарды+ казып келүүнү буйрук кылды.
18 Ошентип, Сулайман менен Хирамдын куруучулары жана гебалдыктар+ таш кесип, ибадаткана куруш үчүн устун менен таш камдашты.
Шилтемелер
^ Же: «Дөөтүнү жакшы көрчү».
^ Же: «ибадаткана».
^ Же: «сансыз».
^ Сөзмө-сөз: «20 000 кор». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «20 кор».
^ Же: «жүк көтөргөндөрдүн».