Падышалар 1-китеп 7:1—51
7 Өзүнүн үйүн*+ болсо Сулайман 13 жылда куруп бүттү.+
2 Ал узундугу 44 жарым, туурасы 22, бийиктиги 13 жарым метр* болгон Лебанон токою+ деп аталган үйдү да курду. Ал үй төрт катар болуп турган бал карагай+ мамылардын үстүнө жаткырылган төрт кырдуу бал карагай устундарынын үстүнө курулду.
3 Мамылардын үстүнө коюлган төрт кырдуу устундардын өйдө жагын бал карагай тактайы менен каптады; бир катарда 15, баары биригип 45 устун болчу.
4 Бири-бирине тушташ үч катар терезе коюлду.
5 Кире бериштери, эшиктердин кашектеринин баары, ошондой эле бири-бирине тушташ үч катар терезелер да төрт бурчтуу* болду.
6 Андан сырткары, ал түркүктөрү бар узундугу 22, туурасы 13 жарым метр болгон сере* курду. Анын алды жагына түркүктөрү бар дагы башка сере менен чатырча курду.
7 Ошондой эле сот жүргүзө турган жай+ куруп, аны Такты+ жайы деп атады. Анын ичин жеринен шыбындагы төрт кырдуу устундарына чейин бал карагай менен каптады.
8 Сулайман өзү жашай турган үйдү да ошондой кылып курду, бирок аны Такты жайы турган короодон башка короого+ курду. Ал аялынын, фараондун кызынын, үйүн да Такты жайына окшоштуруп курду.+
9 Алардын баары, пайдубалынан чатырынын астындагы чыгып турган кырбуусуна* чейин, сырт жагынан чоң короого чейин, эки бети тең арааланган, жылмаланган, бирдей көлөмдөгү кымбат баалуу таштардан+ курулду.+
10 Пайдубалы болсо айрымдары 4 жарым метр*, айрымдары 4 метр* болгон кымбат баалуу чоң-чоң таштардан тургузулду.
11 Үстүнө бирдей көлөмдөгү жылмаланган кымбат баалуу таштар менен бал карагай устундары коюлду.
12 Жахабанын ибадатканасынын ички короосу+ менен серени курчаган сыяктуу эле, чоң короону үч катар жылмаланган таштар жана бир катар бал карагай устундары менен курчады.+
13 Сулайман падыша Тирге кишилерин жиберип, ал жактан Хирамды+ алдырды.
14 Ал Напталы уруусундагы жесир аялдын уулу эле, атасы тирдик жез уста болчу.+ Хирам жезден* ар кандай буюмдарды жасаган тажрыйбалуу, иштин көзүн билген,+ колунан көөрү төгүлгөн уста болчу. Ал Сулайман падышага келип, өзүнө тапшырылган иштерди аткара баштады.
15 Хирам жезден ар биринин бийиктиги 8 метр* болгон эки мамы куйду.+ Аларды жип менен айланта ченегенде, ар биринин жоондугу 5 метр* болду.+
16 Ал мамылардын үстүнө коюш үчүн жезден ар биринин бийиктиги 2 жарым метр* болгон эки таажы куйду.
17 Таажылардын экөөнү тең өрүлгөн чынжырлардан жасалган тор менен кооздоду;+ ар биринде жетиден чынжыр бар болчу.
18 Анан таажыларды кооздош үчүн ар бир торго айландыра эки катардан анар жасады. Эки таажыны тең ушундай кылып кооздоду.
19 Мунаранын алдына орнотула турган ал мамылардын үстүнө коюлган таажылардын ар бири бийиктиги 2 метрдей* болгон лилия гүлүнө окшоштурулуп жасалды.
20 Таажылар мамылардын тор менен кооздолгон жеринин так үстүнө орнотулду. Ар бир таажыга тегерете эки катар кылып 200 анар жасалды.+
21 Ал мамыларды ибадаткананын мунарасынын алдына орнотту.+ Бирин оң жагына* орнотуп, Жахин* деп атады, ал эми экинчисин сол жагына* орнотуп, Бууз* деп атады.+
22 Алардын үстүнө коюлган таажылар лилия гүлүнө окшоштурулуп жасалды. Ошентип, мамыларды толугу менен жасап бүттү.
23 Андан кийин жезден+ бир четинен экинчи четине чейин 4 жарым, ал эми бийиктиги 2 жарым метр болгон чоң казан* куйду. Аны жип менен айланта ченегенде, 13 жарым метр болду.+
24 Казандын кырынын ылдый жагына тегерете эки катар жапайы дарбыздардын сүрөтү+ түшүрүлдү, 44 сантиметр жерге 10 дарбыздын сүрөтү түшүрүлдү. Ал дарбыздарды казанды куюп жатканда кошо куйду.
25 Ал казанды жезден жасалган 12 буканын+ үстүнө орнотту. Букалардын үчөө түндүктү, үчөө батышты, үчөө түштүктү, үчөө чыгышты карап турду. Ал эми алардын арт жагы казандын астына кирип турду.
26 Казандын калыңдыгы алакандын эниндей эле. Анын жээгин болсо табактын жээгиндей кылып, лилия гүлүнө окшош кылып жасады. Ага 44 000 литр* суу батчу.
27 Анан ар биринин узундугу 2, туурасы 2, бийиктиги 1 жарым метр* болгон 10 жез араба+ жасады.
28 Аларды мындай кылып жасады: капталдарын жасап, аларды торчо сыяктуу кашектерге бекитти.
29 Капталдарына да, алар бекитилген кашектерге да арстандардын,+ букалардын, керуптардын+ сүрөтү түшүрүлдү. Ал эми арстандар менен букалардын үстү жагы менен асты жагына бир аз дөмпөйүп чыгып турган өрүлгөн гүлдөрдүн сүрөтү түшүрүлдү.
30 Ар бир арабага жез огу бар төрт жез дөңгөлөк жасалды. Алар арабанын төрт бурчундагы төрт тирөөчкө бекитилди. Казанды өрүлгөн гүлдөр менен кошо куюлган ошол тирөөчтөр кармап турду.
31 Казандын ооз жагы алкактын ичинде эле. Казандын түбүнөн алкакка чейин ченегенде, 44 сантиметр болду. Арабанын жогору жагы 67 сантиметр* келген тегерек түпкүч сыяктуу эле. Алкактын бетине да сүрөттөр түшүрүлдү. Анын капталдары болсо тегерек эмес, төрт бурчтуу эле.
32 Арабанын төрт дөңгөлөгү капталдарынын асты жагына тагылды. Аларды кармап турган тирөөчтөр болсо арабага бекитилди. Ар бир дөңгөлөктүн бийиктиги 67 сантиметр болду.
33 Анын дөңгөлөктөрү кадимки арабанын дөңгөлөктөрүнө окшоштурулуп жасалды. Алардын тирөөчтөрү, алкактары, күпчөктөрү*, чабактары* — баары куюлуп жасалды.
34 Ар бир арабанын төрт бурчунда төрт тирөөчү бар эле. Алардын баары араба менен бирге куюлган болчу.
35 Арабанын жогору жагына бийиктиги 22 сантиметр* болгон тегерек алкак жасалды. Арабанын капталдары менен анын жогору жагындагы алкактын капталдары да араба менен бирге куюлду.
36 Анын капталдарынын бетине, бир да жерин бош калтырбай, керуптардын, арстандардын, курма дарактарынын сүрөтүн, ошондой эле тегерете өрүлгөн гүлдөрдүн сүрөтүн түшүрдү.+
37 Ал 10 арабанын+ баарын ушундай кылып куйду.+ Алардын көлөмү да, көрүнүшү да окшош эле.
38 Ал жезден ар бири 2 метрдей* болгон жана ар бирине 880 литр* суу баткан 10 казан+ куйду. 10 арабанын ар биринин үстүнө ошондой казандан бирден койду.
39 Беш арабаны ибадаткананын оң жагына, бешөөнү сол жагына койду. Ал эми чоң казанды ибадаткананын оң жагына, түштүк-чыгыш тарабына койду.+
40 Хирам+ чараларды, калактарды,+ табактарды+ да жасады.
Ошентип, ал Жахабанын ибадатканасына байланышкан иштердин баарын, Сулайман падыша тапшырган иштердин баарын, бүтүрдү.+ Ал жасаган нерселер булар:
41 2 мамы,+ алардын үстүнө орнотулган табакка окшош 2 тегерек таажы, аларды кооздогон 2 тор,+
42 мамылардын үстүндөгү табакка окшош 2 таажыны кооздош үчүн жасалган ошол 2 тордун ар бирине 2 катардан тизилген 400 анар,+
43 10 араба,+ алардын үстүндөгү 10 казан,+
44 чоң казан,+ анын астындагы 12 бука,
45 күл салгычтар, калактар, табактар жана Жахабанын ибадатканасында колдонулчу Сулайман падыша айткан башка буюмдар. Хирам алардын баарын жалтырата жылмаланган жезден жасады.
46 Падыша аларды Иордан өрөөнүндө, Сукот менен Саретандын ортосунда, чопо калыптарга куйдуруп жасатты.
47 Сулайман ал буюмдарды таразага тарткан жок, себеби өтө көп болчу. Аларга канча жез кеткенин да эсептешкен жок.+
48 Сулайман Жахабанын ибадатканасында колдонулчу буюмдардын баарын жасатты. Ал алтын жыпарзат түтөткүчтү,+ Кудайдын алдында турушу керек болгон нандар коюлчу алтын үстөлдү,+
49 ички бөлмөнүн алдында: бешөө оң тарабында, бешөө сол тарабында турган алтын чыракпаяларды,+ алтын гүлдөрдү,+ чырактарды, биликтин күйүгүн ала турган алтын кычкачтарды,+
50 таза алтындан жасалган чараларды, билик өчүргүчтөрдү,+ табактарды, чөйчөктөрдү,+ чок салгычтарды,+ ички бөлмөнүн,+ башкача айтканда, Ыйыктын ыйыгынын жана ибадаткананын эшиктеринин+ алтын топсолорун жасатты.
51 Ошентип, Сулайман падыша Жахабанын ибадатканасына байланышкан иштердин баарын бүтүрдү. Ал атасы Дөөтү Кудайга арнаган*+ алтын-күмүштүн жана башка буюмдардын баарын алып келип, Жахабанын ибадатканасындагы казыналарга өткөрдү.+
Шилтемелер
^ Же: «падыша сарайын».
^ Сөзмө-сөз: «узундугу 100, туурасы 50, бийиктиги 30 чыканак». Б14 тиркемесин кара.
^ Же: «тик бурчтуу».
^ Түркүктөргө орнотулган үстү гана жабык, капталдары ачык жай.
^ Кырбуу — бир нерсенин кыр болуп чыгып турган бөлүгү, жээги, кыры.
^ Сөзмө-сөз: «10 чыканак».
^ Сөзмө-сөз: «8 чыканак».
^ Же: «колодон». Бул ушул бөлүмдөгү башка аяттарга да тиешелүү.
^ Сөзмө-сөз: «18 чыканак».
^ Сөзмө-сөз: «12 чыканак».
^ Сөзмө-сөз: «5 чыканак».
^ Сөзмө-сөз: «4 чыканак».
^ Сыягы, «күчү менен» дегенди билдирген жана Жахин деген мамынын аталышы окулгандан кийин окулган.
^ Же: «түндүк тарабына».
^ Мааниси: «ал [башкача айтканда, Жахаба] бекемдесин».
^ Же: «түштүк тарабына».
^ Сөзмө-сөз: «куйма деңиз».
^ Сөзмө-сөз: «2 000 бат». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «узундугу 4, туурасы 4, бийиктиги 3 чыканак».
^ Сөзмө-сөз: «1 жарым чыканак».
^ Дөңгөлөктүн сырткы алкагы менен таякчаларын бириктирип турган, орто жери көзөнөк жана жоонураак келген бөлүгү.
^ Дөңгөлөктүн күпчөгү менен алкагын бириктирип турган таякчалар.
^ Сөзмө-сөз: «жарым чыканак».
^ Же: «диаметри 2 метр».
^ Сөзмө-сөз: «40 бат».
^ Сөзмө-сөз: «ыйыктаган».