Падышалар 1-китеп 9:1—28
9 Сулайман Жахабанын ибадатканасын, падыша сарайын+ жана жасагысы келген башка нерселердин баарын бүтүргөндөн кийин,+
2 Жахаба ага, Гибондо көрүнгөндөй эле, экинчи жолу көрүндү.+
3 Жахаба ага мындай деди: «Мен сенин тиленгениңди, ырайым кылышымды сурап өтүнгөнүңдү уктум. Сен курган ушул үйдө ысмым ар дайым урматталып-даңкталышы үчүн, аны ыйыктадым.+ Менин көзүм да, жүрөгүм да дайыма ушул жерде болот.+
4 Эгерде атаң Дөөтүгө окшоп+ мен буйругандардын баарын аткарып,+ менин жолумда таза жүрөк менен жүрүп,+ чынчыл болсоң,+ көрсөтмөлөрүм менен осуяттарыма кармансаң,+
5 анда атаң Дөөтүгө: „Ысрайылда падышалык тактыда ар дайым сенин тукумуң отурат“,— деп берген убадама ылайык, сенин падышалык тактыңды Ысрайылда түбөлүккө бекем кылам.+
6 Эгер өзүңөр же уулдарыңар менин жолум менен жүрбөй, мен берген осуяттар менен көрсөтмөлөрдү аткарбай, башка кудайларга кызмат кылып, аларга табынсаңар,+
7 анда мен ысрайыл элин ага берген жерден жок кылам,+ өзүмдүн ысмым үчүн ыйыктаган бул үйдү таштап салам,+ ошондо ысрайыл эли бардык элдерге жек көрүндү*, шылдың болот.+
8 Бул үй үйүлгөн урандыга айланат.+ Жанынан өткөн ар бир киши таң кала ышкырып: „Жахаба бул жерди, бул үйдү эмнеге ушинтип салды?“ — дейт.+
9 Ошондо ага: „Алар ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыккан Жахаба Кудайын таштап, башка кудайларга сыйынып, аларга кызмат кылып кетишкен. Ошондуктан Жахаба аларды ушул каргашанын баарына кабылтты“,— дешет».+
10 Сулайман эки үйдү: Жахабанын ибадатканасы менен падыша сарайын 20 жылда куруп бүттү.+
11 Тирдин падышасы Хирам+ Сулайманга, ал канча кааласа, ошончо бал карагай, арча, алтын берди.+ Сулайман болсо ага Галилея жеринен 20 шаар берди.
12 Хирам Тирден чыгып, Сулайман берген шаарларды көргөнү барды, бирок алар купулуна толгон жок.
13 Ошондуктан ал Сулайманга: «Бир тууганым, мага эмне болгон шаарларды бергенсиң?» — деди. Алар ушул күнгө чейин Кавул жери* деп аталат.
14 Хирам Сулайманга 4 тонна 100 килограммдай* алтын жөнөттү.+
15 Сулайман падыша киши чогултуп, Жахабанын ибадатканасын,+ падыша сарайын, Милону*,+ Иерусалимдин дубалын, Хазорду,+ Мегидону+ жана Гезерди+ курдуруш үчүн жумушка салды.+
16 (Мисирдин падышасы фараон Гезерди басып алып, аны өрттөп, анда жашаган канаандыктарды+ өлтүрүп салган болчу. Ал аны кызына,+ Сулаймандын аялына, сеп катары берген эле.)
17 Сулайман Гезерди, Төмөнкү Бет-Оронду,+
18 Баалатты+ жана ошол аймактагы, чөлдөгү Тамарды кайра курду*.
19 Андан сырткары, кампалары бар бардык шаарларды, арабалары,+ атчан аскерлери үчүн шаарларды курду, ошондой эле Иерусалимде, Лебанондо, өзү башкарган жердин баарында эмне кургусу келсе, ошонун баарын куруп бүттү.
20 Ал ысрайыл элинен башкасын:+ аморлуктардын, Хеттин тукумдарынын, периздердин, хибилердин, жебустуктардын+ аман калгандарынын баарын,
21 алардын ысрайылдыктар тирүү калтырган урпактарынын бардыгын кул кылып, жумушка салды. Алар ушу күнгө чейин кул болуп келатышат.+
22 Бирок Сулайман ысрайылдыктардын эч кимисин кул кылган жок.+ Ал аларды өзүнө жоокер, кызматчы, төрө, аскер кызматкери, арабачылар менен атчандардын башчысы кылды.
23 Анын башчылардын үстүнөн коюлган, ишти көзөмөлдөгөнгө дайындалган 550 башчысы бар эле. Алар иштеп жаткандарды көзөмөлдөп турушчу.+
24 Фараондун кызы+ Дөөтүнүн шаарынан+ Сулайман куруп берген үйүнө көчүп келди. Анан Сулайман Милону курду.+
25 Сулайман Жахабага арнап курган курмандык жайында жылына үч жолу+ бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалып,+ Жахабанын алдындагы курмандык жайында өрттөп, түтөтүп турду. Ошентип, Сулайман ибадаткананпы куруп бүттү.+
26 Андан сырткары, Сулайман падыша Эдомдогу,+ Кызыл деңиздин жээгиндеги Элаттын жанындагы Эсион-Геберге+ кемелерди курду.
27 Сулаймандын кызматчылары менен чогуу ошол кемелер менен жүк ташып келиши үчүн, Хирам өзүнүн кызматчыларын — тажрыйбалуу кемечилерин — жөнөтүп турду.+
28 Алар Опирге+ барып, ал жактан Сулайман падышага 14 тонна 364 килограмм* алтын алып келишчү.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «ылакап».
^ Же балким: «Эч нерсеге жарабаган жер».
^ Сөзмө-сөз: «120 талант». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «Жасалма дөбөнү». Сыягы, сепил сыяктуу курулуш.
^ Же: «чыңдады».
^ Сөзмө-сөз: «420 талант».