Падышалар 2-китеп 10:1—36
10 Ахаптын+ Самарияда 70 уулу бар эле. Жеху Изреилдин төрөлөрүнө, аксакалдарына,+ Ахаптын балдарын тарбиялагандарга бир нече кат жазып, Самарияга жөнөттү. Ал аларга:
2 «Мырзаңардын балдары, согуш арабалары, аттары, курал-жарактары — баары силерде эмеспи, чептүү шаары да силердики эмеспи. Ошон үчүн бул катты алганыңарда,
3 мырзаңардын балдарынын арасынан эң мыктысын, эң ылайыктуусун тандагыла да, атасынын ордуна такка отургузгула. Анан мырзаңардын падышалык тукуму үчүн согушкула»,— деп жазды.
4 Бирок алар абдан коркуп: «Ага эки падыша каршы тура алган жок,+ анан биз кантип каршы тура алмак элек?» — дешти.
5 Анан ак сарай башчысы, шаар башчысы, аксакалдар жана Ахаптын балдарын тарбиялагандар Жехуга: «Биз сенин кулдарыңбыз, сен эмне десең, ошонун баарын кылабыз. Эч кимисин падыша кылып шайлабайбыз. Өзүң туура көргөндөй кыл»,— деп айттырып жиберишти.
6 Ошондо Жеху аларга экинчи катын жөнөттү. Ал катына: «Эгер мен тарапта болсоңор, мага баш ийгиңер келсе, анда мырзаңардын уулдарынын башын алып, эртең ушул убакта Изреилге, мага алып келгиле»,— деп жазды.
Ошол убакта падышанын 70 уулун шаардын атактуу кишилери тарбиялап, аларга кам көрүп жатышкан болчу.
7 Тигилер катты алышары менен падышанын 70 уулун өлтүрүп,+ баштарын себеттерге салып, Изреилге, Жехуга жөнөтүп жиберишти.
8 Жехуга кабарчы келип: «Падышанын уулдарынын баштарын алып келишти»,— деп кабарлады. Ал: «Аларды шаардын дарбазасынын жанына эки үймөк кылып үйүп, эртең мененкиге чейин коюп койгула»,— деди.
9 Кийинки күнү Жеху эртең менен элдин алдына чыгып: «Силер күнөөлүү эмессиңер*. Мырзама каршы чыгып, аны өлтүргөн менмин.+ Ал эми булардын баарын ким өлтүрдү?
10 Билип койгула, Жахабанын бир да сөзү, Жахабанын Ахаптын тукумдары жөнүндө айткан сөздөрүнүн бири да аткарылбай калбайт.+ Жахаба кызматчысы Илияс аркылуу айткан сөзүн аткарды»,— деди.+
11 Андан кийин Жеху Изреилде Ахаптын үйүндөгүлөрүнөн кимдер калса, ошолордун баарын, ошондой эле анын атактуу кишилерин, досторун, дин кызматчыларын бүт өлтүрдү,+ бирин да тирүү калтырган жок.+
12 Анан Самарияга жөнөдү. Жолдо койчулар коюн кырккан бир үй бар эле.
13 Жеху ошол жерден Жүйүттүн падышасы Ахазиянын+ бир туугандарын жолуктуруп: «Силер кимсиңер?» — деп сурады. Алар: «Биз Ахазиянын бир туугандары болобуз. Падышанын уулдары менен апасынын уулдарынын ал-жайын сураганы баратабыз»,— деп жооп беришти.
14 Ошондо Жеху: «Буларды кармагыла!» — деди. Аларды кармап, койчулар коюн кырккан үйдүн жанындагы суу сакталчу чуңкурдун жанынан 42син тең өлтүрүп салышты. Жеху алардын эч кимисин тирүү калтырган жок.+
15 Андан ары баратып Жеху ага жолукканы келаткан Рехаптын уулу+ Жонадапты+ кезиктирди. Аны менен учурашып*: «Мен сени бүт жүрөгүм менен колдогондой эле, сен да мени бүт жүрөгүң менен колдойсуңбу?*» — деп сурады.
Жонадап: «Ооба»,— деди.
Жеху: «Эгер ошондой болсо, анда колуңду бер»,— деди.
Ал колун берди. Жеху аны арабасына тартып алды.
16 Анан: «Жүр мени менен, менин Жахаба менен атаандашканга эч кимге жол бербей турганымды көрөсүң»,— деди.+ Ошентип, Жонадап Жехунун арабасына түшүп, аны менен жөнөп кетти.
17 Жеху Самарияга барып, Жахабанын Илияс аркылуу айткан сөзү боюнча,+ Ахаптын үйүндөгүлөрүнөн калгандарды, аны колдогондордун баарын кырып жок кылды.+
18 Анан бүт элди чогултуп: «Ахап Баалга сыйыныш үчүн аз эле нерсе кылды.+ Мен болсо көптү кылам.
19 Ошондуктан Баалга табынгандардын, анын пайгамбарлары+ менен дин кызматчыларынын баарын+ мага чогултуп келгиле. Бири да калбай келсин, себеби мен Баалга арнап көп курмандык чалам. Ким келбесе, ал өлөт»,— деди. Жеху Баалга табынгандарды жок кылыш үчүн ушундай амал колдонду.
20 Ал: «Баалга арналган салтанаттуу жыйын өткөрүлөрүн жарыялагыла»,— деди. Алар жыйын өткөрүлөрүн жарыялашты.
21 Андан кийин Жеху бүт Ысрайылга кабарчыларды жиберди. Ошентип, Баалга табынгандардын баары, бири да калбай чогулду. Алар Баалдын ибадатканасына киришти,+ ибадаткана элге жык толду.
22 Анан Жеху кийим сакталчу жайга жооптуу кишиге: «Баалга табынгандардын баарына кийим алып кел»,— деди. Ал алып келди.
23 Анан Жеху Рехаптын уулу Жонадап+ менен бирге Баалдын ибадатканасына кирип, ага табынгандарга: «Араңарда Жахабага сыйынгандар жок бекен, жакшылап карап көргүлө. Бул жерде Баалга табынгандар гана болсун»,— деди.
24 Акыры, алар бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен башка курмандыктарды чалганы киришкенде, Жеху сыртка 80 кишини коюп, аларга: «Кимиңер мен колуңарга салып берип жаткан кишилердин бирин качырып жиберсеңер, ордуна өзүңөр өлөсүңөр»,— деди.
25 Анан курмандык чалынып бүтөрү менен, Жеху сакчылар менен аскер кызматкерлерине: «Кирип, буларды өлтүргүлө! Бири да качып кетпесин»,— деди.+ Сакчылар менен аскер кызматкерлери аларды кылычтап, өлүгүн сыртка ыргыта башташты. Ошентип, Баалдын ибадатканасынын ички ыйык жайына* чейин жетишти.
26 Алар Баалдын ибадатканасындагы ыйык тирөөчтөрдү+ алып чыгып, өрттөп ташташты.+
27 Баалдын ыйык тирөөчүн да талкалашты.+ Баалдын ибадатканасын болсо кыйратып,+ дааратканага айландырып салышты. Ал ушул күнгө чейин даараткана катары колдонулат.
28 Ошентип, Жеху Ысрайыл жерин Баалга табынуудан тазалады.
29 Бирок бири Бейтелге, экинчиси Данга коюлган алтын музоолорду жок кылбай,+ ысрайыл элин күнөөгө түрткөн Небат уулу Жеробамдыкындай күнөө кылды.
30 Жахаба Жехуга: «Менин көз алдымда туура иштерди кылганың үчүн, Ахаптын үйүндөгүлөрүн жок кылып,+ мен ниет кылгандын баарын аткарганың үчүн, урпактарың төртүнчү муунуна чейин Ысрайылда тактыда отурат»,— деди.+
31 Бирок Жеху Ысрайылдын Кудайы Жахабанын Мыйзамын бүт жүрөгү менен аткарганга умтулган жок.+ Ал Ысрайылды күнөөгө түрткөн Жеробамдын күнөөлөрүнөн толугу менен баш тарткан жок.+
32 Ошол убакта Жахаба душмандардын Ысрайыл жеринин улам бир аймагын басып алышына жол берип койду. Хазаел бүт Ысрайыл жерине сокку уруп,+
33 Иордандан чыгышка чейинки жерлерди, бүт Гилат жерин: Гат, Рубейин жана Менаше урууларына таандык жерлерди,+ Арнон өрөөнүндөгү Ароерден тартып Гилат менен Башанга+ чейин бүт басып алды.
34 Жехунун жашоосунда болгон башка окуялар, анын эмнелерди кылганы, жасаган зор иштери жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган.
35 Акыры, Жеху көз жумуп, сөөгүн Самарияга коюшту. Анын ордуна уулу Жахаз+ падыша болду.
36 Жеху Самарияда Ысрайылга 28 жыл падышалык кылды.
Шилтемелер
^ Же: «адилсиңер».
^ Же: «Ага батасын берип».
^ Же: «Мен сага бүт жүрөгүм менен берилгендей эле, сен да мага бүт жүрөгүң менен берилгенсиңби?»
^ Сөзмө-сөз: «шаарына». Сыягы, сепил сыяктуу курулуш.