Падышалар 2-китеп 12:1—21

  • Жааш Жүйүткө падыша болот (1—3)

  • Жааш ибадаткананы оңдотот (4—16)

  • Сириялыктар кол салмакчы болушат (17, 18)

  • Жааш өлтүрүлөт (19—21)

12  Жааш+ Жехунун+ башкаруусунун жетинчи жылында такка отуруп, Иерусалимде 40 жыл бийлик кылды. Анын энесинин аты Зибиа болчу, ал Беир-Шебадан эле.+ 2  Дин кызматчы Жоят акыл айтып, үйрөтүп турган убакта Жааш Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды. 3  Бирок сыйына турган бийик жерлер*+ жок кылынган жок. Эл дагы эле ошол жерлерде курмандык чалып, курмандык түтүнүн түтөтүп жатты. 4  Жааш дин кызматчыларга: «Жахабанын ибадатканасына ыйык тартуу катары берилген акчанын баарын:+ ар бир киши милдеттүү түрдө төлөгөн акчаны,+ ант бергендер алып келген акчаны жана ар бир киши чын жүрөгүнөн Жахабанын ибадатканасына берген акчаны чогулткула.+ 5  Дин кызматчылар аларды тартуу кылгандардан* өздөрү алып, ибадаткананын оңдош керек болгон жерлерин оңдогонго жумшашсын»,— деди.+ 6  Бирок Жааштын башкаруусунун жыйырма үчүнчү жылы дин кызматчылар ибадаткананы дагы эле оңдото элек болчу.+ 7  Ошондуктан Жааш падыша дин кызматчы Жоят+ менен башка дин кызматчыларды чакырып: «Эмнеге ибадаткананы оңдобой жатасыңар? Эгер оңдобой турган болсоңор, мындан ары алып келгендердин акчасын албагыла»,— деди.+ 8  Ошондо дин кызматчылар элден акча албаганга, ибадаткананы оңдоо жоопкерчилигин падышага өткөрүп бергенге макул болушту. 9  Андан кийин дин кызматчы Жоят бир куту алып,+ капкагын тешип, аны курмандык жайынын жанына, Жахабанын ибадатканасынын кире беришинин оң жагына койду. Дарбаза кайтарган дин кызматчылар Жахабанын ибадатканасына алынып келген акчанын баарын ошол кутуга салышчу.+ 10  Кутуга көп акча чогулуп калганда, алар падышанын катчысы менен башкы дин кызматчыга билдирип турушчу. Анан ал экөө келип, Жахабанын ибадатканасына алынып келген акчанын баарын алып*, санашчу.+ 11  Санагандан кийин акчаны Жахабанын ибадатканасында жүргүзүлүп жаткан ишти көзөмөлдөгөнгө дайындалган кишилерге беришчү. Алар болсо аны Жахабанын ибадатканасында иштеген жыгач усталардын, куруучулардын,+ 12  таш тизгендер менен таш сомдогондордун эмгек акысына беришчү. Ошондой эле ал акчаны Жахабанын ибадатканасын оңдош үчүн жылмаланган таштарды, жыгач сатып алганга жана оңдоо ишине кеткен башка чыгымдарды жапканга жумшашчу. 13  Жахабанын ибадатканасына алынып келген ал акчаны Жахабанын ибадатканасында колдонулчу күмүш чараларды, билик өчүргүчтөрдү, табактарды, сурнайларды+ жана башка алтын-күмүш буюмдарды жасаганга жумшашчу эмес.+ 14  Ал акчанын баары Жахабанын ибадатканасын оңдогондорго гана берилчү. 15  Жумушчуларга эмгек акысын таратып берген кишилерден эсеп-кысап талап кылынчу эмес, себеби алар ишеничтүү кишилер эле.+ 16  Ал эми айып үчүн курмандык+ менен күнөө үчүн курмандыкка алынып келген акча Жахабанын ибадатканасын оңдогонго жумшалчу эмес. Ал дин кызматчыларга таандык болчу.+ 17  Ошол убакта Сириянын падышасы Хазаел+ Гатка+ кол салып, аны басып алды. Анан Иерусалимге кол салмакчы болду.+ 18  Ошондо Жүйүттүн падышасы Жааш мурун жүйүт элине падыша болгон чоң аталары Жошапат менен Жорам жана атасы Ахазия тартуулаган* бардык ыйык тартууларды, ошондой эле өзүнүн ыйык тартууларын, Жахабанын ибадатканасы менен падышанын ак сарайындагы казыналардагы бардык алтынды алып, Сириянын падышасы Хазаелге берип жиберди.+ Ошондуктан Хазаел Иерусалимге кол салбай, кетип калды. 19  Жааштын жашоосунда болгон башка окуялар, анын эмнелерди кылганы Жүйүт падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган. 20  Кызматчылары өз ара сүйлөшүп алып,+ Жаашты Сылага кеткен жолдогу Бет-Милодогу*+ үйүндө өлтүрүп коюшкан. 21  Аны Шимат уулу Жозакар, Шомер уулу Жеозабат деген кызматчылары өлтүрүшкөн.+ Жааштын сөөгү ата-бабалары коюлган жерге, Дөөтүнүн шаарына коюлуп, ордуна уулу Амазия падыша болгон.+

Шилтемелер

Же: «тааныган кишилеринен».
Же: «баштыктарга салып».
Же: «ыйыктаган».
Сөзмө-сөз: «Жасалма дөбөдөгү». Сыягы, сепил сыяктуу курулуш.