Падышалар 2-китеп 17:1—41
17 Жүйүттүн падышасы Ахаздын башкаруусунун он экинчи жылында Эланын уулу Ошуя+ Самарияда такка отуруп, Ысрайылга падыша болду. Ал 9 жыл башкарды.
2 Ошуя Жахабанын көз алдында жаман иштерди кыла берди, бирок өзүнө чейинки Ысрайыл падышалары кылганчалык кылган жок.
3 Ашурдун падышасы Шалманесер Ошуя менен согушканы келип,+ аны багындырып алды. Ошуя ага кызмат кылып, салык төлөй баштады.+
4 Бирок кийинчерээк Шалманесер анын чыккынчылык уюштурганын билип калды. Себеби Ошуя Мисирдин+ падышасы Сого кабарчыларын жөнөткөн болчу, ошондой эле Ашурдун падышасына мурунку жылдардагыдай болуп салык төлөбөй калган эле. Ошондуктан ал Ошуяны каматып, кишендетип койду.
5 Ашурдун падышасы согуш ачып, бүт Ысрайыл жерин басып кирди да, Самарияга келип, аны 3 жыл курчоого алды.
6 Ал Ошуянын башкаруусунун тогузунчу жылында Самарияны+ басып алып, ысрайылдыктарды Ашурга туткундап кетти да,+ аларды Гозан дарыясынын+ боюндагы Халах менен Хаборго жана мадайлыктардын шаарларына жашатып койду.+
7 Мунун баары ысрайылдыктар өздөрүн Мисир жеринен алып чыгып, Мисирдин+ падышасы фараондун эзүүсүнөн куткарган Жахаба Кудайына каршы күнөө кылганы үчүн болду. Себеби алар башка кудайларга сыйынып,+
8 Жахаба алардын алдынан кууп чыккан элдердин үрп-адаттары боюнча, Ысрайылдын падышалары чыгарган каада-салттар боюнча жашашты.
9 Алар Жахаба Кудайына жакпаган иштерге берилип, бардык шаарларына, күзөт мунарасынан тартып чептүү шаарларына чейин*, сыйына турган бийик жерлерди* жасашты.+
10 Ар бир бийик дөбөгө, ар бир шактуу дарактын түбүнө+ ыйык көргөн мамылары+ менен устундарын орнотушту,
11 Жахаба алардын алдынан кууп чыккан элдердей болуп, сыйына турган бийик жерлердин баарында курмандык түтүнүн түтөтүштү.+ Ошентип, жаман иштерди кыла берип, Жахабаны каардантышты.
12 Алар Жахаба: «Аларга сыйынбагыла!»+ — деп айткан жийиркеничтүү буркандарга* табына беришти.+
13 Жахаба өзүнүн бардык пайгамбарлары, көрөгөчтөрү аркылуу Ысрайыл менен Жүйүттүн элине:+ «Жаман жолуңардан кайткыла!+ Мен ата-бабаларыңарга берген жана пайгамбарларым аркылуу силерге да берген мыйзамдарымдын баарын, осуяттарым менен көрсөтмөлөрүмдү аткаргыла»,— деп эскерткен болчу.
14 Бирок алар кулак салбай коюшту, Жахаба Кудайына ишенбеген ата-бабаларындай болуп тоң моюндук кыла беришти.+
15 Кудайдын көрсөтмөлөрүн, алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимин+ жана эскертиш үчүн айткан насааттарын четке кагышты.+ Тегерегиндеги Жахаба туурабагыла деген элдерди туурап,+ эч нерсеге жарабаган, пайда-батасы жок буркандарга табынып,+ өздөрү да ошондой болуп калышты.+
16 Алар Жахаба Кудайынын осуяттарын аткарбай, эки куйма музоо,+ ыйык мамы жасап,+ асмандагы нерселердин баарына сыйынып,+ Баалга да кызмат кыла беришти.+
17 Ошондой эле уул-кыздарын курмандык катары отко салып*,+ төлгө ачып,+ жышаандарды карап көзү ачыктык кылып, Жахабанын көз алдында жаман иштерге берилип, аны капалантышты.
18 Ошондуктан Жахаба ысрайылдыктарга катуу каарданып, аларды четке кагып,+ Жүйүт уруусун гана ошол жерде калтырды.
19 Атүгүл Жүйүттүн эли да Жахаба Кудайынын осуяттарын аткарбай,+ Ысрайылдын элинин салт-санаалары боюнча жашады.+
20 Жахаба Ысрайылдын бүт элин* четке какты, аларды жазалап, талап-тоноочулардын колуна салып берди, акыры таштап койду.
21 Ал Ысрайылдын элин Дөөтүнүн урпактары жүргүзгөн бийликтен ажыратып, бөлүп салган. Алар Небаттын уулу Жеробамды+ өздөрүнө падыша кылып алышкан. Бирок ал аларды Жахабадан алыстатып, чоң күнөөгө түрткөн.
22 Ысрайылдын эли Жеробам кылган бардык күнөөлөрдү кыла берди.+ Алар күнөө кылганын коюшкан жок.
23 Акыры, Жахаба аларды, өзүнүн бардык пайгамбарлары аркылуу айттыргандай, четке какты.+ Ошентип, Ысрайылдын эли өз жеринен Ашурга туткундалып кетти.+ Алар ушу күнгө чейин ошол жакта жашайт.
24 Ашурдун падышасы Бабылдан*, Куттан, Абадан, Хаматтан, Сепарбайымдан+ элдерди көчүрүп келип, ысрайылдыктардын ордуна Самариянын шаарларына жашатып койду. Ошентип, алар Самарияны ээлеп, анын шаарларында жашап калышты.
25 Ал жерге жаңыдан отурукташа баштаганда алар Жахабага сыйынышчу эмес*. Ошондуктан Жахаба аларга арстандарды жиберип,+ айрымдары арстандарга жем болушту.
26 Ошондо Ашурдун падышасына: «Сиз көчүрүп келип, Самариянын шаарларына жашатып койгон элдер бул жердин Кудайына кантип сыйыныш керектигин* билбейт экен. Ага кантип сыйыныш керектигин эч кимиси билбегендиктен, ал аларга арстандарды жиберип, айрымдары аларга жем болуп жатышат»,— деп билдиришти.
27 Ашурдун падышасы: «Силер ал жактан көчүрүп жиберген дин кызматчылардын бирин кайра ошол жакка алып баргыла. Ал ошол жакта жашап, аларга ошол жердин Кудайына кантип сыйынышты үйрөтсүн»,— деп буйрук берди.
28 Ошондо Самариядан көчүрүлүп кеткен дин кызматчылардын бири Бейтелге+ барып отурукташты да, аларга Жахабага кантип сыйыныш керектигин үйрөтө баштады.+
29 Бирок ал элдердин ар бири өз кудайын* жасап, аларды өздөрү жашаган шаарларга, самариялыктар курган бийик жерлердеги сыйынуу жайларына коюп алышты.
30 Бабылдыктар Сукот-Беноттун сөлөкөтүн, куттуктар Нергалдын, хаматтыктар+ Ашиманын,
31 абалыктар Нибхаз менен Тартактын сөлөкөтүн жасашты. Сепарбайымдыктар болсо Сепарбайымдын кудайлары+ Адрамелек менен Анамелекке арнап уулдарын өрттөп жатышты.
32 Алар Жахабага сыйынганы менен, бийик жерлердеги сыйынуу жайларында кызмат кылганга өз элинин арасынан дин кызматчыларды дайындашты. Ал дин кызматчылар ошол жерлерде кызмат кылышты.+
33 Ал элдер Жахабага сыйынышчу, бирок мурун өздөрү жашаган жерлердеги үрп-адаттары боюнча өз кудайларына да табынышчу.+
34 Алар мурун кандай сыйынышса, ушул күнгө чейин ошондой сыйынышат. Эч кимиси Жахабага туура сыйынып, Жахабанын Жакыптын (ал анын атын Ысрайыл деп өзгөрткөн)+ урпактарына берген көрсөтмөлөрүнө, буйруктарына, Мыйзамына, осуяттарына карманып жашаган жок.
35 Жахаба ысрайылдыктар менен келишим түзгөндөн+ кийин аларга буйрук берип: «Башка кудайларга сыйынбагыла, таазим этпегиле, кызмат кылбагыла, аларга арнап курмандык чалбагыла.+
36 Мен, Жахаба, силерди Мисир жеринен улуу күчүм, чексиз кудуретим менен алып чыккам.+ Мага гана сыйынгыла,+ таазим кылгыла, мага гана арнап курмандык чалгыла.
37 Менин силер үчүн жазган+ көрсөтмөлөрүмө, жол-жоболорума, Мыйзамыма, осуяттарыма дайыма кармангыла, башка кудайларга сыйынбагыла.
38 Силер менен түзгөн келишимимди унутпагыла,+ башка кудайларга сыйынбагыла.
39 Мага, Жахаба Кудайыңарга, гана сыйынгыла, себеби мен силерди бардык душмандарыңардын колунан куткарам»,— деген болчу.
40 Бирок тиги элдер баш ийбей, мурун кандай сыйынышса, ошондой сыйына беришти.+
41 Алар Жахабага сыйынганы менен,+ оюлуп жасалган буркандарына да кызмат кыла беришти. Алардын уулдары да, неберелери да ушу күнгө чейин ата-бабалары кылганды кылып келишет.
Шилтемелер
^ Б. а. эл аз отурукташкан жерде болобу же жыш отурукташкан жердеби, бардык жерде.
^ Сыягы, бул жерде колдонулган еврей тилиндеги сөз «заң» деген сөз менен тектеш жана жийиркенүү сезимин билдириш үчүн колдонулат.
^ Сөзмө-сөз: «оттон өткөрүп».
^ Же: «бүт урпактарын».
^ Вавилондон.
^ Сөзмө-сөз: «Жахабадан коркушчу эмес». Бул ушул бөлүмдөгү башка аяттарга да тиешелүү.
^ Же: «Кудайына жаккан диний каада-салттарды».
^ Же: «кудайларын».