Падышалар 2-китеп 18:1—37

  • Хиския Жүйүткө падыша болот (1—8)

  • Ысрайыл багындырылат (9—12)

  • Сенхейрип Жүйүт жерине кол салат (13—18)

  • Башкы шарап сунуучу Жахабаны мазактап сүйлөйт (19—37)

18  Ысрайылдын падышасы Эланын уулу Ошуянын+ башкаруусунун үчүнчү жылында* Жүйүттүн падышасы Ахаздын+ уулу Хиския+ падыша болду. 2  Ал 25 жашында такка отуруп, Иерусалимде 29 жыл бийлик кылды. Энесинин аты Абия болчу, ал Закарыянын кызы эле.+ 3  Ата-бабаларынан болгон Дөөтүгө окшоп+ Хиския Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды.+ 4  Ал сыйына турган бийик жерлерди* бузуп,+ ыйык устундарды кыйратып, ыйык мамыны кыйып салды.+ Муса жасаган жез жыланды да талкалады.+ Анткени ысрайыл эли ошол күнгө чейин ага арнап курмандык түтүнүн түтөтүшчү. Алар аны Нехуштан* деп аташчу. 5  Хиския Ысрайылдын Кудайы Жахабага таянды.+ Жүйүт падышаларынын арасында ага чейин да, андан кийин да андай падыша болгон эмес. 6  Ал Жахабага берилгендигин сактап,+ дайыма ага баш ийип, Жахабанын Муса аркылуу берген осуяттарын аткарды. 7  Жахаба Хискияны ар дайым колдоп жүргөндүктөн, Хиския эмне иш кылбасын, дайыма акылдуулук менен кылды. Ал Ашурдун падышасына каршы чыгып, ага кызмат кылбай калды.+ 8  Ошондой эле Газа менен анын тегерегиндеги шаарларда күзөт мунарасынан тартып чептүү шаарга чейин* жашаган пелиштиликтерди+ талкалады. 9  Хискиянын башкаруусунун төртүнчү жылында, ал эми Ысрайылдын падышасы Эланын уулу Ошуянын+ башкаруусунун жетинчи жылында* Ашурдун падышасы Шалманесер Самарияга кол салганы келип, аны курчоого алды.+ 10  Анан үчүнчү жыл аяктап баратканда, Хискиянын башкаруусунун алтынчы жылында, Ысрайылдын падышасы Ошуянын башкаруусунун тогузунчу жылында басып алды.+ 11  Ал ысрайылдыктарды Ашурга туткундап кетип,+ Гозан дарыясынын боюндагы Халах менен Хаборго жана мадайлыктардын шаарларына жашатып койду.+ 12  Алар Жахаба Кудайынын айткандарын укпай, аны менен түзүлгөн келишимди бузганы үчүн, Жахабанын кызматчысы Муса буйругандардын баарын аткарбаганы үчүн, ушундай болду.+ Алар анын тилин алышкан жок, ага баш ийишкен жок. 13  Хискиянын башкаруусунун он төртүнчү жылында Ашурдун+ падышасы Сенхейрип Жүйүт жериндеги чептүү шаарларга кол салып, биринин артынан бирин басып ала баштады.+ 14  Ошондо Жүйүттүн падышасы Хиския Лакишке келген Ашурдун падышасына киши жөнөтүп: «Мен туура эмес кылыптырмын. Сураганыңдын баарын берейин, артка чегин»,— деп айттырып жиберди. Ашурдун падышасы Жүйүттүн падышасы Хискияга 10 тонна 260 килограмм* күмүш, 1 тонна 26 килограмм* алтын салык салды. 15  Хиския ага Жахабанын ибадатканасындагы жана падышанын ак сарайындагы казыналардагы күмүштүн баарын берди.+ 16  Ал Жахабанын ибадатканасынын өзү алтын менен каптаткан эшиктери+ менен кашектерин чыгарып,+ алтынын Ашурдун падышасына берди. 17  Ашурдун падышасы кол башчысын*, башкы ак сарай кызматчысын* жана башкы шарап сунуучусун* көп аскери менен кошо Лакиштен+ Иерусалимге, Хиския падышага жөнөттү.+ Алар Иерусалимдин жанына барып, кир жуугандардын талаасына кеткен чоң жолдун боюндагы жогорку көлмөдөн башталган куурдун* боюна токтошту.+ 18  Анан падышаны чакырышканда, анын ордуна падыша сарайынын башчысы Хилкия уулу Элиаким,+ катчы Шебна+ менен жылнаамачы Асап уулу Жоах чыкты. 19  Башкы шарап сунуучу аларга: «Хискияга айтып баргыла: „Улуу падыша, Ашурдун падышасы, мындай дейт: “Сен деги эмнеге таянып жатасың?+ 20  Сен: “Согушканга менде акыл да, күч да бар”,— деп жатасың, бирок мунуң — болбогон сөз. Мага каршы чыккыдай, кимге таянып жатасың?+ 21  Тигил сынык камышка, Мисирге,+ таянып жатасыңбы? Ким ага таянса, ал анын алаканына кирип, тешип кетет. Мисирдин падышасы фараонго таянгандардын баары ушундай болот. 22  Же балким: “Биз Кудайыбыз Жахабага таянабыз”,— дейттирсиң.+ Бирок, Хиския, сен өзүң Жүйүт жери менен Иерусалимдин тургундарына: “Кудайга Иерусалимдеги ушул курмандык жайынын алдында гана сыйынгыла”+ — деп, Кудайыңарга сыйына турган башка жерлер менен курмандык жайларын талкалап таштабадың беле?”+ 23  Ошондуктан менин мырзам менен, Ашурдун падышасы менен, мелдешип көр: сага 2 000 ат берейин, мингенге чабандес таба алар бекенсиң, көрөлү.+ 24  Мисирдин согуш арабалары менен атчандарына таянсаң, анда мырзамдын кызматчыларынын арасындагы эң төмөн турган башкаруучулардын атүгүл бирөөнө да туруштук бере албайсың! 25  Мени бул жерди кыйратканы Жахабанын эркисиз келди дейсиңби? „Ошол жерге барып, аны кыйрат“,— деп мага Жахаба өзү айтты“»,— деди. 26  Ошондо Хилкия уулу Элиаким, Шебна,+ Жоахтар башкы шарап сунуучуга:+ «Суранабыз, кулдарыңа арамей* тилинде+ эле сүйлө, биз түшүнөбүз. Дубалдын үстүндөгү кишилерге угуза жүйүттөрдүн тилинде сүйлөбө»,— дешти.+ 27  Бирок ал: «Мырзам мени бул сөздөрдү мырзаңар менен силерге эле айтыш үчүн жиберди дейсиңерби? Жок, ал мени дубалдын үстүндө отурган кишилерге да жиберди. Алар силер менен кошо өз заңын жеп, өз заарасын ичишет»,— деди. 28  Анан башкы шарап сунуучу жүйүттөрдүн тилинде катуу кыйкырып: «Улуу падышанын, Ашурдун падышасынын, сөзүн уккула.+ 29  Падыша мындай дейт: „Хискияга алданбагыла, анткени ал силерди менин колумдан куткара албайт.+ 30  “Бизди Жахаба сөзсүз куткарат. Бул шаар Ашурдун падышасынын колуна салынып берилбейт”,— деп силерди Жахабага таянганга үндөгөн Хискияга ишенбегиле.+ 31  Аны укпагыла, анткени мен, Ашурдун падышасы, мындай дейм: “Мени менен тынчтык келишимин түзүп, багынып бергиле. Ошондо ар бириңер өз жүзүмүңөрдүн, өз анжириңердин жемишин жейсиңер, өз кудугуңардан суу ичесиңер. 32  Анан мен келем да, силерди өзүңөрдүкүндөй жерге,+ эгин менен жаңы шарап, нан менен жүзүмзарлар, бал менен зайтун дарактары мол жерге алып кетем. Ошентип, аман каласыңар, өлбөйсүңөр. Хискияны укпагыла, ал силерди: “Бизди Жахаба куткарат”,— деп алдап жатат. 33  Башка элдердин кудайларынын ичинен кимиси өз жерин Ашурдун падышасынын колунан сактап кала алды? 34  Хамат+ менен Арпаттын кудайлары кайда? Сепарбайымдын,+ Хена менен Ибанын кудайлары кайда? Алар менин колумдан Самарияны сактап кала алдыбы?+ 35  Ошол жерлердин кудайларынын ичинен кайсынысы өз жерин менин колумдан сактап калды? Анан кантип эле Жахаба Иерусалимди менин колумдан сактап калсын?!”“» — деди.+ 36  Бирок эл унчуккан жок, эч кандай жооп кайтарган жок, себеби падыша: «Ага жооп бербегиле»,— деп буйрук кылган эле.+ 37  Падыша сарайынын башчысы Хилкия уулу Элиаким, катчы Шебна, жылнаамачы Асап уулу Жоах кийимдерин айрыган боюнча Хискияга келип, башкы шарап сунуучунун сөзүн айтып беришти.

Шилтемелер

Сыягы, Ошуя расмий түрдө падыша болуп эсептеле баштагандан тартып үчүнчү жылы.
Же: «жез жылан бурканы».
Б. а. эл аз отурукташкан жерде болобу же жыш отурукташкан жердеби, бардык жерде.
Сыягы, Ошуя расмий түрдө падыша болуп эсептеле баштагандан тартып жетинчи жылы.
Сөзмө-сөз: «300 талант». Б14 тиркемесин кара.
Сөзмө-сөз: «30 талант».
Еврейче тартан.
Еврейче рабсарис.
Еврейче рабшак.
Куур — суу өткөргөн курулма.
Же: «сирия».