Падышалар 2-китеп 19:1—37

  • Хиския Ышая аркылуу Жахабадан жардам сурайт (1—7)

  • Сенхейрип Иерусалимдегилерди коркутат (8—13)

  • Хиския тиленет (14—19)

  • Ышая Кудайдын эмне дегенин айтат (20—34)

  • Периште 185 000 ашурлукту сулатат (35—37)

19  Хиския падыша муну угары менен кийимин айрып, таар* жамынып, Жахабанын ибадатканасына барды.+ 2  Анан ак сарай башчысы Элиакимди, катчы Шебна менен дин кызматчылардын сакалдууларын таар жамынтып, Амостун уулу Ышая+ пайгамбарга жөнөттү. 3  Алар ага барып: «Хиския сизге: „Биз үчүн бүгүнкү күн башыбызга мүшкүл түшкөн, жазаланган*, мазакталган күн болуп турат. Анткени биз баласы жатындын оозуна келип калган, бирок төрөгөнгө дарманы жок аялдай болуп турабыз.+ 4  Балким, Жахаба Кудайыңыз башкы шарап сунуучунун — Ашурдун падышасынын тирүү Кудайды мазакташ үчүн+ жиберген кызматчысынын — сөздөрүн угар, Жахаба Кудайыңыз уккан ошол сөздөрү үчүн аны жоопко тартар. Сиз болсо калган эл үчүн Кудайдан тилениңиз“,+— деп айтты»,— дешти. 5  Ошентип, Хиския падышанын кызматчылары Ышаяга барышканда,+ 6  ал аларга: «Мырзаңарга мындай деп айтып баргыла: „Жахаба мындай дейт: “Өзүң уккан сөздөрдөн, Ашурдун падышасы жөнөткөн кызматчылардын мени кордогон сөздөрүнөн+ коркпо.+ 7  Ал бир кабар угат, ошондо мен ага бир ой салам, ошон үчүн ал өз жерине кайтат. Аны өз жеринде кылыч менен өлтүртөм”“»,— деди.+ 8  Башкы шарап сунуучу Ашурдун падышасынын Лакиштен+ чегингенин угуп, кайтып барса, ал Либна менен согушуп жатыптыр.+ 9  Ашурдун падышасы Эфиопиянын падышасы Тергактын аны менен согушканы чыкканын угуп, Хискияга дагы кабарчыларын жөнөтүп,+ аларга: 10  «Жүйүттүн падышасы Хискияга мындай дегиле: „Сен таянган Кудайың: “Иерусалим Ашурдун падышасынын колуна салынып берилбейт”,— деп сени алдабай эле койсун.+ 11  Ашурдун падышаларынын бардык жерлерди эмне кылганын, кантип кыйратканын уккансың да,+ анан сен аман калмак белең? 12  Менин ата-бабаларым кыйраткан элдерди кудайлары куткара алды беле?! Гозан, Харан,+ Ресеп менен Теласардагы Эйдендин эли каякта?! 13  Хаматтын падышасы, Арпаттын падышасы, Сепарбайымдын, Хена менен Ибанын+ шаарларынын падышалары кайда?!“» — деди. 14  Хиския кабарчылардын колунан каттарды алып окуду. Анан Жахабанын ибадатканасына барып, аларды Жахабанын алдына жайды да,+ 15  Жахабадан мындай деп тилене баштады:+ «Оо, керуптардын үстү жагында*+ тактыда отурган Ысрайыл Кудайы Жахаба, жер жүзүндөгү бардык элдердин* чыныгы Кудайы жалгыз сенсиң.+ Себеби асман менен жерди сен жараткансың. 16  Оо, Жахаба, кулагыңды төшөй көр!+ Жахаба, көзүңдү ачып,+ назар сала көр! Тирүү Кудайды мазактаганы киши жиберген Сенхейриптин сөзүнө көңүл бурбай койбо! 17  Оо, Жахаба, Ашурдун падышаларынын нечендеген элдерди, алардын жерлерин кыйратканы чын.+ 18  Алар ошол элдердин кудайларын отко ыргытып жок кылышкан, себеби алар кудай эмес,+ пенденин колунан бүткөн нерсе,+ жыгач, таш болчу. 19  Оо, Жахаба Кудайыбыз, жер жүзүндөгү бүт падышалыктар сенин жалгыз Кудай экениңди билишсин. Ошон үчүн, оо, Жахаба, бизди анын колунан куткара көр».+ 20  Ошондо Амостун уулу Ышая Хискияга мындай деп айттырып жиберди: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен сенин Ашурдун падышасы Сенхейрип жөнүндө тиленгенде+ айткан сөздөрүңдү уктум.+ 21  Мен, Жахаба, ал жөнүндө мындай дейм: “Сион кызы* сени баркка албайт, шылдыңдайт. Иерусалим кызы сени карап башын чайкайт. 22  Сен кимди мазактап, кимге тил тийгиздиң?+ Кимге үнүңдү көтөрдүң?+ Кимге бой көтөрө карадың? Ысрайылдын Ыйыгына!+ 23  Кабарчыларың аркылуу+ Жахабаны мазактап:+ “Көп сандаган согуш арабаларым менен барып,Тоолордун чокусуна чыгам,Лебанондун эң алыскы боорлоруна чейин жетип,Бийик бал карагайларын, тандамал арчаларын кыям. Эң ыраак жерлерине, кооз токойлоруна кирем. 24  Кудуктарды казып, бөтөн жердин суусун ичем,Мисирдеги дарыялардын* баарын таманым менен какшытам”,— дедиң. 25  Сен уккан эмес белең? Мен муну эбак эле чечип койгом,+Мурун эле ниет кылгам,+Эми аткарам.+ Сен чептүү шаарларды ээн калтырып, үйүлгөн урандыга айлантасың.+ 26  Алардын тургундары алсырайт,Үрөйлөрү учуп, уятка калат. Алар талаадагы өсүмдүктөй, көк чөптөй эле болуп калат.+ Тамдын үстүнө өсүп чыгып, чыгыш шамалы күйгүзүп кеткен чөптөй болот. 27  Мен сен жөнүндө бүт баарын: качан отурарыңды, качан кирип-чыгарыңды билем,+Мага каарданганыңды да билем.+ 28  Анткени мага каарданганыңды,+ аркыраганыңды уктум.+ Ошон үчүн мурдуңа илмек, оозуңа ооздук+ салам,Сени келген жолуң менен артка кайтарам”.+ 29  Бул сага* жышаан болот: быйыл өзү өсүп чыккан эгинди жейсиңер, кийинки жылы да ошол эле жерге өзү өсүп чыккан эгинди жейсиңер.+ Ал эми үчүнчү жылы үрөн сээп, оруп аласыңар, жүзүм отургузуп, мөмөсүн жейсиңер.+ 30  Жүйүт элинен аман калгандар, куткарылгандар+ терең тамыр жайган, мол түшүм берген өсүмдүктөй болушат. 31  Иерусалимден аман-эсен чыккандар, Сион тоосунан аман-эсен кайткандар болот. Муну асман аскерлеринин Кудайы Жахаба бүт ынтасы менен ишке ашырат.+ 32  Ошондуктан Жахаба Ашурдун падышасы жөнүндө мындай дейт:+ “Ал бул шаарга кирбейт,+Бул жакка жебе атпайт,Калкан көтөрүп келбейт,Шаарды курчаш үчүн дөбө үйбөйт.+ 33  Келген жолу менен артка кайтат,Бул шаарга кирбейт,— дейт Жахаба.— 34  Мен бул шаарды коргоп,+Өзүм үчүн,+ кызматчым Дөөтү үчүн куткарам”“».+ 35  Ошол түнү Жахабанын периштеси ашурлук аскерлердин конушундагы 185 000 кишисин кырып салды.+ Эртең менен эрте тургандар жер жайнаган өлүктөрдү көрүштү.+ 36  Ашурдун падышасы Сенхейрип чегинип, Нинебиге+ кайтып барды да, ошол жакта калды.+ 37  Бир күнү ал өзүнүн кудайы Нисрохтун ибадатканасында сыйынып жатканда, уулдары Адрамелек менен Шаресер аны кылыч менен өлтүрүп,+ Арарат+ жерине качып кетишти. Анын ордуна уулу Эсархадон+ падыша болду.

Шилтемелер

Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда жана башка ушу сыяктуу учурларда кийишчү же колдонушчу.
Же: «кордолгон».
Же балким: «ортосунда».
Сөзмө-сөз: «падышалыктардын».
«Сион кызы», «Иерусалим кызы» деген поэтикалык сөз айкаштары, адатта, Иерусалим шаарын же тургундарын билдирет.
Же: «Нил дарыясынын чоң арыктарынын».
Б. а. Хискияга.