Падышалар 2-китеп 20:1—21
20 Ошол күндөрү Хиския катуу ооруп калды. Ал өлүм алдында жатканда,+ Амостун уулу Ышая пайгамбар келип: «Жахаба сага: „Үйүңдөгүлөргө керээзиңди айтып кал, анткени айыкпайсың, өлөсүң“,— деп жатат»,— деди.+
2 Ошондо Хиския жүзүн дубалга буруп, Жахабадан тилене баштады.
3 Ал: «Оо, Жахаба, бир өзүңө жалынып-жалбарам, сага берилип, бүт жүрөгүм менен кызмат кылганымды, көз алдыңда туура иштерди кылып келгенимди эстей көр»,+— деп тиленди. Анан өксөп ыйлады.
4 Ышая ортоңку короого чыга электе, Жахаба ага:+
5 «Элимдин жол башчысы Хискияга кайра барып: „Ата-бабаларыңан болгон Дөөтүнүн Кудайы Жахаба мындай дейт: “Мен сенин тиленгениңди уктум, көз жашыңды көрдүм.+ Сени ооруңдан айыктырам,+ бүрсүгүнү* Жахабанын ибадатканасына барасың.+
6 Өмүрүңдү дагы 15 жылга узартам. Сени да, бул шаарды да Ашурдун падышасынын колунан куткарам.+ Бул шаарды өзүм үчүн, кызматчым Дөөтү үчүн коргойм”,+— деп айт“»,— деди.
7 Ышая пайгамбар падышанын кызматчыларына: «Анжирдин ныкталган кагынан алып келгиле»,— деди. Алар алып келип, Хискиянын жарасына тартышты. Убакыттын өтүшү менен ал айыгып калды.+
8 Хиския Ышаядан: «Жахабанын мени айыктырарын, бүрсүгүнү Жахабанын ибадатканасына барарымды кайсы жышаандан+ билем?» — деп сураган эле.
9 Ошондо Ышая: «Жахаба айткан сөзүн аткарат. Буга далил катары Жахаба мындай жышаан берет: көлөкө 10 тепкич* алдыга жылсынбы же 10 тепкич артка жылсынбы?» — деген.+
10 Хиския: «Көлөкөнүн 10 тепкич алдыга жылышы оңой. Ошондуктан 10 тепкич артка жылсын»,— деген болчу.
11 Ошондо Ышая пайгамбар бул жөнүндө Жахабага айтканда, ал Ахаздын тепкичине түшкөн көлөкөнү 10 тепкич артка жылдырган.+
12 Ошол убакта Бабылдын падышасы Баладан уулу Беродах-Баладан Хискиянын ооруп калганын угуп, ага кат жазып, белек берип жиберди.+
13 Хиския ал жиберген кишилерди тосуп алып*, аларга бүт казынасын:+ алтын-күмүшүн, бальзам майын, кымбат баалуу башка майын, курал-жарагын, дегеле кампаларында эмнеси болсо, ошонун баарын көрсөттү. Хискиянын ак сарайында, бүт падышалыгында аларга көрсөтпөгөн эч нерсеси калган жок.
14 Ошондон кийин Хиския падышага Ышая пайгамбар келип: «Бул кишилер эмне дешти, кайдан келишиптир?» — деп сурады. Хиския: «Алыстан, Бабылдан келишиптир»,— деп жооп берди.+
15 Анан Ышая: «Ак сарайыңдан эмнелерди көрүштү?» — деп сурады. Хиския: «Эмне болсо, ошонун баарын көрүштү. Казыналарымда аларга көрсөтпөгөн эч нерсем калган жок»,— деди.
16 Ошондо Ышая Хискияга: «Жахабанын сөзүн угуп тур.+
17 „Мына, ак сарайыңда эмне болсо, ошонун баары, ата-бабаларың ушул күнгө чейин эмне чогултушса, ошонун баары Бабылга алынып кете турган күндөр келатат.+ Эч нерсе калбайт,— дейт Жахаба.—
18 Урпактарыңдын кээ бирлерин да алып кетишет,+ алар Бабылдын падышасынын ак сарай кызматчылары болушат“»,— деди.+
19 Ошондо Хиския Ышаяга: «Жахабанын сиз аркылуу айткан сөздөрүндө калет жок»,— деди.+ Анан: «Эгер менин күндөрүмдө тынчтык менен бейкуттук өкүм сүрсө, анда жакшы экен»,— деп кошумчалады.+
20 Хискиянын жашоосунда болгон башка окуялар, анын кандай зор иштерди жасаганы, көлмө+ менен куур* жасап, шаарга суу киргизгени+ жөнүндө Жүйүттүн падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган.
21 Акыр-аягы, Хиския көз жумуп,+ ордуна уулу Менаше+ падыша болду.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «үчүнчү күнү».
^ Сыягы, ошол тепкич убакытты билиш үчүн күн сааты катары колдонулган.
^ Же: «кишилердин айткандарын угуп».
^ Суу өткөргөн курулма.