Падышалар 2-китеп 24:1—20

  • Жаяким Бабыл падышасына каршы чыгат; Жаяким өлөт (1—7)

  • Жаякин Жүйүткө падыша болот (8, 9)

  • Биринчи туткундар Бабылга кетишет (10—17)

  • Ситкия Жүйүткө падыша болот; козголоң чыгарат (18—20)

24  Жаякимдин күндөрүндө Бабылдын падышасы Небухаданасар+ аны менен согушканы келди. Жаяким багынып, ага 3 жыл кызмат кылды. Анан ага каршы чыкты. 2  Жахаба Жаякимге талап-тоноочуларды: каздимдиктерди*,+ сириялыктарды, мааптыктарды, Амондун тукумдарын жибере баштады. Жахаба аларды, пайгамбарлары аркылуу алдын ала айткандай, жүйүт элин жок кылыш үчүн жиберип жатты.+ 3  Жүйүт эли мунун баарына Жахабанын буйругу менен кабылды. Ал аларды ошентип жок кылгысы келди.+ Буга Менашенин көп күнөө кылганы,+ 4  айыпсыз кишилердин канын төгүп,+ Иерусалимди канга толтурганы себеп болду. Жахаба аларды кечиргиси келген жок.+ 5  Жаякимдин жашоосунда болгон башка окуялар, эмнелерди кылганы Жүйүттүн падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган.+ 6  Акыр-аягы, Жаяким көз жумуп,+ ордуна уулу Жаякин падыша болду. 7  Бабылдын падышасы Мисирдин падышасына таандык жерлердин баарын — Мисир жактагы өрөөндөн*+ Эфрат дарыясына+ чейинки бүт жерлерин — басып алгандан кийин, Мисирдин падышасы өз жеринен эч жакка чыккан жок.+ 8  Жаякин+ 18 жашында такка отуруп, Иерусалимде 3 ай падышалык кылды.+ Энесинин аты Нехушта эле, ал иерусалимдик Элнатандын кызы болчу. 9  Жаякин атасындай болуп Жахабанын алдында жаман иштерди кыла берди. 10  Ошол убактарда Бабылдын падышасы Небухаданасардын аскери келип, Иерусалим шаарын курчап алды.+ 11  Небухаданасар өзү болсо кийинчерээк, аскери шаарды курчап алгандан кийин келди. 12  Жүйүттүн падышасы Жаякин өзү, энеси, кулдары, төрөлөрү, ак сарай кызматчылары+ — баары Бабылдын падышасына багынып беришти.+ Бабылдын падышасы аны өзүнүн башкаруусунун сегизинчи жылында туткундап кетти.+ 13  Ал Жахабанын ибадатканасындагы, падыша сарайындагы кымбат баалуу буюмдардын баарын алып кетти.+ Ошондой эле ал Ысрайылдын падышасы Сулайман Жахабанын ибадатканасы үчүн жасаткан алтын буюмдардын баарын талкалап таштады.+ Жахаба алдын ала кандай айтса, баары так ошондой болду. 14  Бабылдын падышасы Иерусалимдеги колунда такыр эч нерсеси жок кедейлерден башкасынын баарын: төрөлөрүн,+ мыкты жоокерлерин, бүт темир усталары*+ менен башка усталарын, бардыгы болуп 10 000 кишисин туткундап кетти.+ 15  Жаякин+ падышаны, энеси менен аялдарын, ак сарай кызматчыларын, аттуу-баштуу кишилерин да Иерусалимден Бабылга туткундап кетти.+ 16  Ошентип, Бабылдын падышасы бүт жоокерлерди — 7 000 кишини, ошондой эле темир усталар менен башка усталарды — 1 000 кишини — Бабылга алып кетти. Алардын баары согушта дасыккан күчтүү эркектер болчу. 17  Бабылдын падышасы Жаякиндин ордуна анын атасынын иниси+ Матанияны падыша кылып дайындап, атын Ситкия+ деп өзгөрттү. 18  Ситкия 21 жашында такка отуруп, Иерусалимде 11 жыл падышалык кылды. Энесинин аты Хамутал+ эле, ал либналык Жеремиянын кызы болчу. 19  Жаякиндей болуп Ситкия Жахабанын көз алдында жаман иштерди кыла берди.+ 20  Жахабанын каары кайнагандыктан, Иерусалим менен Жүйүт жери мына ушундай балээлерге кабылды. Ал акыры алардын тургундарын көз алдынан кууп жиберди.+ Ситкия болсо Бабыл падышасына каршы чыкты.+

Шилтемелер

Же: «сайдан».
Же балким: «коргон кургандар».