Падышалар 2-китеп 4:1—44

  • Элиша жесир аялдын майын көбөйтүп берет (1—7)

  • Шунемдик аялдын меймандостугу (8—16)

  • Шунемдик аял уул төрөйт; бир күнү бала өлөт (17—31)

  • Элиша баланы тирилтет (32—37)

  • Элиша тамакты ичкенге жарактуу кылат (38—41)

  • Элиша нанды көп элге жеткидей кылып берет (42—44)

4  Пайгамбарлардын* биринин аялы+ Элишага барып: «Мырзам, кызматчыңыздын, менин күйөөмдүн, көзү өтүп кеткен. Анын Жахабадан корккон киши болгонун жакшы билесиз.+ Эми болсо бизге карыз берген киши келип, эки баламды кул кылганы алып кеткени жатат»,— деп ыйлай баштады. 2  Элиша андан: «Сага эмне кылып жардам берейин? Айтчы, үйүңдө эмнең бар?» — деп сурады. Ал: «Күңүңүздүн үйүндө бир кумара майдан башка эч нерсеси жок»,— деди.+ 3  Элиша: «Бар да, кошуналарыңдын баарынан бош идиш сура. Мүмкүн болушунча, көбүрөөк идиш чогулт. 4  Анан уулдарың менен үйүңө кирип, эшигиңди жап да, бош идиштердин баарына майдан куюп, толгондорун улам четке коё бер»,— деди. 5  Ошентип, аял үйүнө кетти. Анан уулдары менен үйүнө кирип, эшигин бекитти. Уулдары ага идиштерди бере баштады, аял аларга май куюп жатты.+ 6  Идиштер толгондон кийин, аял уулдарынын бирине: «Дагы идиш алып кел»,— деди.+ Ал: «Башка идиш жок»,— деди. Ошол замат май токтоп калды.+ 7  Анан аял чыныгы Кудайдын кишисине барып, баарын айтып берди. Ал: «Эми барып, майды сат да, карызыңдан кутул. Калганына уулдарың менен оокат кыл»,— деди. 8  Күндөрдүн биринде Элиша Шунемге+ барды. Ал жактан кадыр-барктуу бир аял аны үйүнөн тамак ичип кеткенге көндүрдү.+ Ошондон тартып Элиша ал жерден өткөн сайын аныкына кирип, тамактанып турчу болду. 9  Бир жолу аял күйөөсүнө: «Биздин үйгө келип жүргөн кишинин Кудайдын ыйык кишиси экенине көзүм жетти. 10  Кел, ага үйдүн үстүнө бир чакан бөлмө+ даярдап, ичине төшөнчү-орун, үстөл, отургуч, чырак коюп коёлу. Биздикине келгенде ошол бөлмөгө жатып жүрсүн»,— деди.+ 11  Бир күнү Элиша адаттагысындай эле алардыкына барып, ошол бөлмөгө чыгып жатты. 12  Анан кызматчысы Гехазиге:+ «Шунемдик+ аялды чакырып кел»,— деди. Ал чакырып келди. 13  Элиша Гехазиге: «Андан: „Бизге кам көрүп, ушунча убара болуп жатасың,+ сага эмне кылып берейин?+ Падыша+ менен же аскер башчы менен сүйлөшүп берейинби?“ — деп сурап көрчү»,— деди. Бирок аял: «Жок, өз элимдин арасында жашап жаткандыктан, эч кандай кыйынчылыгым деле жок»,— деди. 14  Элиша Гехазиге: «Анда эмне кылып берсе болот?» — деди. Ал: «Анын эркек баласы жок эмеспи,+ күйөөсү болсо карып калды»,— деди. 15  Элиша ошол замат: «Аны кайра чакырып кел»,— деди. Ал чакырып келди. Аял келип, босогого туруп калды. 16  Элиша ага: «Эмки жылы так ушул убакта уулдуу болосуң»,— деди.+ Бирок аял: «Мырзам, чыныгы Кудайдын кишиси, күңүңүздү антип курулай үмүттөндүрбөңүз»,— деди. 17  Бир нече убактан кийин аялдын боюна бүтүп, Элиша айткандай, кийинки жылы так ошол убакта уул төрөдү. 18  Арадан убакыт өтүп, уулу чоңойду. Бир күнү ал орокчулар менен жүргөн атасына барды. 19  Анан бир маалда эле атасына: «Башым ай, башым. Башым ооруп жатат!» — дей баштады. Ошондо атасы кызматчысына: «Муну апасына алып барчы»,— деди. 20  Кызматчысы баланы апасына алып барды. Ал апасынын алдында түшкө чейин отурду да, анан өлүп калды.+ 21  Апасы аны үстүнкү бөлмөгө көтөрүп чыгып, чыныгы Кудайдын кишисинин+ төшөгүнө жаткырды да, эшикти жаап, сыртка чыкты. 22  Анан күйөөсүн чакырып: «Мага бир кызматчыңды эшеги менен жөнөтүп жиберчи. Тезирээк чыныгы Кудайдын кишисине барып келейин»,— деди. 23  Күйөөсү: «Ай деле жаңыра элек,+ дем алыш күн* да эмес, эмнеге бүгүн ага барганы жатасың?» — деп сурады. Аялы: «Кабатыр болбой эле кой, баары жакшы эле»,— деп койду. 24  Анан эшекти токуду да, кызматчысына: «Катуураак бастыр, мен айтмайынча токтобо»,— деди. 25  Ошентип, ал Кармел тоосундагы чыныгы Кудайдын кишисине жөнөдү. Чыныгы Кудайдын кишиси аны алыстан көрөрү менен кызматчысы Гехазиге: «Карасаң, шунемдик аял келатат. 26  Алдынан чуркап чыгып: „Аман-эсен жүрөсүңбү? Күйөөң менен балаң жакшы жүрөбү?“ — деп сурап көрчү»,— деди. Гехази алдынан тосуп чыгып, ал-жайын сураганда, аял: «Баары жакшы эле»,— деп койду. 27  Анан тоодо жүргөн чыныгы Кудайдын кишисине барып, анын бутун кучактай жыгылды.+ Гехази келип, аны түртүп жибермекчи болгондо, чыныгы Кудайдын кишиси: «Тийбе, жөн кой, жаны катуу кейип турат. Жахаба мунун себебин мага айтпай, жашырып койгон тура»,— деди. 28  Аял: «Мен мырзамдан бала сурадым беле? „Мени курулай үмүттөндүрбөңүз“,— деп айттым эле го» — деди.+ 29  Элиша ошол замат Гехазиге: «Кийимиңдин этегин куруңа кыстарып,+ менин таягымды ал да жөнө. Жолдон кезиккен кишиге салам бербе*, бирөө салам берсе, алик алба. Барып, таягымды баланын бетине кой»,— деди. 30  Баланын апасы: «Тирүү Кудай Жахабанын да, сиздин да алдыңызда ант берем: сизсиз бул жерден кетпейм»,+— деди. Ошондо Элиша туруп, аны менен жөнөдү. 31  Гехази алардан мурун барып, таякты баланын бетине койду, бирок ал былк этип да койгон жок.+ Гехази Элишанын алдынан тосуп чыгып: «Бала ойгонбой койду»,— деди. 32  Элиша үйгө келгенде, өлгөн бала анын төшөгүндө жаткан болчу.+ 33  Элиша кирип, эшикти жапты да, Жахабадан тилене баштады.+ 34  Анан төшөктө жаткан баланын үстүнө оозуна оозун, көзүнө көзүн, алакандарына алакандарын тийгизип жатты. Ошондо баланын денеси жылый баштады.+ 35  Элиша туруп, ары-бери басты да, кайра баланын үстүнө жатты. Бала 7 жолу чүчкүрүп, көзүн ачты.+ 36  Элиша Гехазини чакырып: «Аялды чакырып кел»,— деди. Аял келгенде, ага: «Мына уулуң, ала кой»,— деди.+ 37  Аял ичкери кирип, анын бутуна жыгылып, жүзтөмөндөп таазим кылды. Анан уулун алып, сыртка чыгып кетти. 38  Элиша кайра Гилгалга барды. Ал жерде ачарчылык болуп жаткан.+ Пайгамбарлардын тобу+ Элишанын маңдайында отурушканда, ал кызматчысына:+ «Казан асып, буларга суюк тамак жасап бер»,— деди. 39  Алардын бири топчу баш терип келгени талаага барды. Ал жактан жапайы дарбыз таап алып, кийиминин этегине толтура терип келди. Анан анын эмне жемиш экенин эч кимиси билбесе да, майда кылып туурап, казандагы тамакка кошту. 40  Тамак бышканда, ошол жердегилерге куюп беришти. Бирок алар ичип көрүп: «Чыныгы Кудайдын кишиси, казанда уу бар окшойт!» — деп кыйкырып жиберишти. Ошентип, аны иче албай коюшту. 41  Элиша: «Мага ун бергиле»,— деди. Анан унду казандагы тамакка кошуп: «Эми куюп бере бергиле»,— деди. Ошондо казандагы тамак ичкенге жарактуу болуп калды.+ 42  Бир күнү Баал-Шалишадан+ бир киши келди. Ал чыныгы Кудайдын кишисине эгиндин биринчи түшүмүнөн жасалган 20 арпа нан,+ бир баштык жаңы бышкан дан алып келди.+ Элиша: «Буларды элге бер, эл жесин»,— деди. 43  Бирок кызматчысы: «Муну 100 кишиге кантип жеткирмек элем?» — деди.+ Элиша: «Бере бер, жешсин. Себеби Жахаба: „Алар жегенден кийин да артып калат“,+— деп жатат»,— деди. 44  Ошондо ал таратып берди. Эл жегенден кийин, Жахаба айткандай, артып да калды.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Пайгамбар уулдарынын». Бул сөз айкашы чогуу атайын таалим алган же чогуу кызмат кылган пайгамбарлардын тобун билдириши мүмкүн.
Бул өбүшүп, кучакташып, көпкө чейин сүйлөшүп учурашканды билдириши мүмкүн.