Падышалар 2-китеп 5:1—27

  • Элиша пес оорулуу Нааманды айыктырат (1—19)

  • Наамандын пес оорусу Гехазиге жабышат (20—27)

5  Нааман Сириянын падышасынын кадырлап-сыйлаган, атактуу аскер башчысы эле. Себеби Жахаба ал аркылуу сириялыктарды жеңишке жеткирген*. Нааман күчтүү, эр жүрөк киши эле, бирок пес оорулуу болчу*. 2  Сириялыктардын Ысрайыл жерине жасаган жортуулдарынын биринде бир кичинекей кыз да туткундалып келген. Ал Наамандын аялына кызмат кылып калган. 3  Бир күнү ал кыз мырзайымына: «Эгерде мырзам Самариядагы пайгамбарга+ барса, ал аны пес оорусунан айыктырмак!» — деди.+ 4  Ошондо ал* мырзасына барып, ысрайылдык кыздын айткандарын айтты. 5  Сириянын падышасы Нааманга: «Тезинен жөнө! Мен Ысрайылдын падышасына кат берип жиберем»,— деди. Нааман 342 килограмм* күмүш, 68 килограммдай* алтын, 10 сыйра кийим алып, жөнөп кетти. 6  Ал Ысрайылдын падышасына барып, катты берди. Катта: «Ушул кат менен кошо сага кызматчым Нааманды жибердим. Аны пес оорусунан айыктырып бер»,— деп жазылган эле. 7  Катты окуур замат Ысрайылдын падышасы үстүндөгү кийимин айрып жиберип: «Бирөөнү өлтүргүдөй же өмүрүн сактап калгыдай мен, эмне, Кудай белем?!+ Бул кишини пес оорусунан айыктыр деп мага жибергени кандай?! Көрдүңөрбү, ал бир балээни баштаганы жатат!» — деди. 8  Ысрайыл падышасынын үстүндөгү кийимин айрып жибергенин угары менен чыныгы Кудайдын кишиси Элиша ага: «Эмнеге кийимиңди айрыдың? Ал кишини мага жибер, Ысрайылда пайгамбар бар экенин билсин»,+— деп айттырып жиберди. 9  Ошентип, Нааман аттары, согуш арабалары менен Элишанын үйүнүн алдына келип токтоду. 10  Элиша болсо ага бир кишисин жөнөтүп: «Иорданга барып,+ жети жолу чумкуп чык.+ Ошондо айыгып, таза болуп каласың»,— деп айттырды. 11  Муну укканда Нааман ачууланып, артты көздөй бурулду да: «Муну өзү чыгып, Жахаба Кудайын атынан чакырып, колун жараларымдын үстүнөн нары-бери жылдырып, пес оорумдан айыктырат экен десе. 12  Эмне, Дамасктагы+ Абана менен Парпар дарыялары Ысрайылдын бардык дарыяларынан артык эмес бекен?! Аларга деле чумкуп тазаланып албайт белем!» — деп сүйлөнүп, ачууланган бойдон жөнөдү. 13  Ошондо кызматчылары жанына барып: «Мырзам*, эгер пайгамбар сизге өзгөчө бир нерсени кыл десе, аны деле кылмаксыз да. Ал сизге: „Чумкуп чык, айыгасың“,— деп эле айтты го, анан ошону кылбай коёсузбу?» — дешти. 14  Ошондо Нааман, чыныгы Кудайдын кишиси айткандай, Иорданга барып, 7 жолу чумкуду.+ Ал айыгып,+ денеси жаш баланыкындай болуп калды.+ 15  Анан Нааман өзүн коштоп жүргөн кишилери менен кайра артка кайтып келип, чыныгы Кудайдын кишисинин алдына барды да:+ «Жер жүзү боюнча Ысрайылда гана Кудай бар экенин эми билдим.+ Суранам, кулуңдун тартуусун алып кой»,— деди. 16  Элиша: «Өзүм кызмат кылган тирүү Кудай Жахабаны оозанып ант берем: тартууңду албайм»,— деди.+ Нааман кайра-кайра суранса да, Элиша албай койду. 17  Акыры, Нааман: «Андай болсо, кулуңа бул жердин топурагынан эки качыр көтөрө алгыдай беришсин. Себеби кулуң мындан ары Жахабадан башка кудайларга арнап бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен башка курмандыктарды чалбайт. 18  Болгону, Жахаба кулуңду бир иши үчүн кечирсин: мырзам Римон деген кудайдын ибадатканасына барып табынганда менин колума сүйөнөт, ошондо Римондун ибадатканасында мен да таазим кылганга аргасыз болом. Жахаба кулуңду ошол иши үчүн кечирсин»,— деди. 19  Элиша ага: «Бара бер, эч тынчсызданба»,— деди. Нааман жолго аттанып, узай түшкөндө, 20  чыныгы Кудайдын кишиси+ Элишанын кызматчысы Гехази+ ичинен: «Мырзам сириялык Наамандын+ алып келгендерин албай, кетирип жиберди. Тирүү Кудай Жахабаны оозанып ант берем: артынан чуркап барып, өзүмө бир нерсе алып калам»,— деди да, 21  Наамандын артынан жөнөдү. Нааман артынан бирөө чуркап келатканын көргөндө арабасынан түшүп, алдынан тосуп чыкты да: «Тынччылыкпы?» — деп сурады. 22  Тиги: «Тынччылык эле. Мырзам: „Эпрайым уруусунун тоолуу аймагындагы пайгамбарлардын тобунан эки жигит келип калыптыр. Аларга 1 талант* күмүш, 2 сыйра кийим берип койчу“,— деп жатат»,— деди.+ 23  Нааман: «Кааласаң, эки талант ал»,— деди. Анан аны көндүрүп,+ эки капка эки талант күмүш, эки сыйра кийим салды да, эки кызматчысына берди. Алар Гехазинин алдына түшүп, каптарды көтөрүп жөнөштү. 24  Опелге* жеткенде Гехази алардын колунан каптарды алып, үйгө киргизди да, өзүлөрүн жөнөтүп жиберди. Алар кеткенден кийин, 25  ичкери кирип, мырзасынын жанына барды. Элиша андан: «Гехази, каякка барып келдиң?» — деп сурады. Ал: «Кулуңуз эч жакка барган жок»,— деди.+ 26  Элиша ага: «Тиги кишинин сага жолугуш үчүн арабасынан түшкөнүн мени билген жок дейсиңби? Азыр күмүш, кийим же зайтун багын, же жүзүмзар, кой же бодо мал, кул же күң алчу убак бекен?+ 27  Наамандын пес оорусу+ сага жана тукумдарыңа жабышып, түбөлүккө кетпесин»,— деди. Гехази ошол замат пес оорусуна чалдыгып, кардай аппак болуп калды да,+ Элишаныкынан чыгып кетти.

Шилтемелер

Же: «куткарган».
Же: «тери оорусуна чалдыккан болчу».
Сыягы, Нааман.
Сөзмө-сөз: «10 талант». Б14 тиркемесин кара.
Же: «6 000 шекел».
Сөзмө-сөз: «Ата».
34,2 кг.
Самариядагы жер. Дөңсөө же чеп болушу мүмкүн.