Падышалар 2-китеп 6:1—33
6 Пайгамбарлардын тобу+ Элишага: «Сиз менен чогуу жашап жаткан жерибиз бизге тардык кылып жатат.
2 Уруксат этсеңиз, Иорданга баралы да, ар бирибиз бирден устун алып, ошол жакка өзүбүз жашагыдай жай куралы»,— дешти. Ал: «Барсаңар баргыла»,— деди.
3 Алардын бири: «Сиз да биз менен, кызматчыларыңыз менен, бирге барыңызчы»,— деп суранды. Элиша: «Мейли, барайын»,— деди.
4 Анан алар менен жөнөдү. Ошентип, Иордандын боюна барып, бак кыя башташты.
5 Бир убакта биринин балтасынын башы сууга түшүп кетти. Ал: «Туй ата, мырзам, мен муну бирөөдөн сурап алган болчумун да!» — деп кыйкырып жиберди.
6 Чыныгы Кудайдын кишиси андан: «Кайсы жерге түштү?» — деп сурады. Ал түшкөн жерин көрсөттү. Ошондо чыныгы Кудайдын кишиси жыгач кертип алып, ошол жерге ыргытты эле, балтанын башы калкып чыкты.
7 Анан ал: «Балтаңды ал»,— деди. Тиги колун сунуп, аны алды.
8 Күндөрдүн биринде Сириянын падышасы Ысрайылга согуш ачты.+ Ал кызматчылары менен кеңешип: «Баланча жерге барып жайгашабыз»,— деди.
9 Чыныгы Кудайдын кишиси+ Элиша Ысрайылдын падышасына: «Сак бол, баланча жерден өтпө, себеби сириялыктар ошол жакка баратышат»,— деп айттырып жиберди.
10 Ошон үчүн Ысрайылдын падышасы чыныгы Кудайдын кишиси айткан жердеги кишилерине эскертиш үчүн кабар жөнөттү. Ошентип, Элиша эскертип тургандыктан, падыша ал айткан жерлерге барган жок. Бир нече жолу ушундай болду.+
11 Ушундан улам Сириянын падышасы ачууланып, кызматчыларын чакырды да, аларга: «Арабыздан Ысрайылдын падышасы тарапка ким өтүп кеткен, айткыла!» — деди.
12 Кызматчыларынын бири: «Улуу урматтуу падышам, арабызда андай эч ким жок! Муну Ысрайылдагы Элиша пайгамбар кылып жатат. Ал Ысрайылдын падышасына уктап жаткан бөлмөңүздө айткан сөздөрүңүздү да айтып берип коёт»,— деди.+
13 Ошондо падыша: «Барып, анын кайда экенин билип келгиле, аны кармап келгенге киши жиберейин»,— деди. Бир нече убактан кийин ага: «Ал Дотанда+ экен»,— деп билдиришти.
14 Падыша дароо ошол жакка көп аскерин аттары, согуш арабалары менен кошо жөнөттү. Алар түн ичинде барып, шаарды курчап алышты.
15 Чыныгы Кудайдын кишисинин кызматчысы эртең менен эрте туруп, сыртка чыкса, шаарды көп аскерлер аттары, согуш арабалары менен курчап алыптыр. Ошондо ал: «Каран күн, эми эмне кылабыз, мырзам?!» — деди.
16 Элиша ага: «Коркпо,+ алар тараптагыларга караганда биз тараптагылар көп»,— деди.+
17 Анан: «Оо, Жахаба, мунун көзүн ача көр, көрсүн»,+— деп тиленди. Жахаба ошол замат анын кызматчысынын көзүн ачты. Ошондо ал Элиша экөөнү курчап турган+ тоолордун оттой жалындаган согуш арабалары менен аттарга+ толуп калганын көрдү.
18 Сириялыктар Элишага жакындай баштаганда, ал Жахаба Кудайдан: «Буларды сокур кылып койчу»,+— деп тиленди. Ошондо Кудай, Элишанын суранычы боюнча, аларды сокур кылып койду.
19 Элиша аларга: «Силер башка жолго түшүп алыптырсыңар, бул — башка шаар. Жүргүлө артымдан, силерди издеп жүргөн кишиңерге алып барам»,— деди да, аларды Самарияга+ ээрчитип жөнөдү.
20 Анан Самарияга барышканда, Элиша: «Оо, Жахаба, булардын көзүн ача көр, көрүшсүн»,— деди. Жахаба алардын көзүн ачты. Ошондо алар өздөрүнүн Самариянын ортосунда турганын көрүштү.
21 Аларды көрүп, Ысрайылдын падышасы Элишага: «Буларды өлтүрөйүнбү, ата? Өлтүрүп салайынбы?» — деди.
22 Бирок Элиша: «Өлтүрбө. Сен, эмне, согуштан туткундап келгендерди өлтүрчү белең? Буларга тамак-аш бер, жеп-ичишсин да,+ кайра өздөрүнүн мырзасына барышсын»,— деди.
23 Ошондо падыша алар үчүн чоң той өткөрдү. Анан ичип-жешкенден кийин, аларды коё берди, алар мырзасына кайтышты. Ошондон кийин сириялык+ аскерлер Ысрайыл жерине жортуулга чыкпай калышты.
24 Бир канча убактан кийин Сириянын падышасы Бенадат бүт аскерин чогултту да, Самарияга барып, аны курчап алды.+
25 Самарияда катуу ачарчылык башталды.+ Алар курчап тура бергендиктен, Самарияда эшектин башы+ 912 грамм* күмүшкө, бир кочуш көгүчкөндүн кыгы* 57 грамм* күмүшкө чыгып кетти.
26 Бир күнү Ысрайылдын падышасы шаардын дубалынын үстүндө баратканда, бир аял ага: «Улуу урматтуу падышам, жардам бере көрүңүз!» — деп кыйкырды.
27 Падыша ага: «Эгер сага Жахаба жардам бербесе, мен кантип жардам бермек элем? Сага бергенге эгин, шарап же май калды дейсиңби?» — деди.
28 Анан: «Эмне болду, эмне жардам керек?» — деп сурады. Аял: «Бул аял мага: „Балаңды бер, бүгүн сенин балаңды жейли, эртең меникин жейбиз“,— деген.+
29 Ошон үчүн менин баламды бышырып жеген болчубуз.+ Анан эртеси күнү буга: „Кел эми, сенин балаңды жейли“,— десем, бул баласын катып коюптур»,— деди.
30 Аялдын сөзүн укканда падыша кийимин айрып жиберди.+ Ошондуктан ал шаардын дубалынын үстүндө баратканда, эл анын кийиминин ичинен таар* кийип алганын көрдү.
31 Падыша: «Эгер бүгүн Шапаттын уулу Элишанын башы алынбаса, Кудай мени катуу жазаласын!» — деди.+
32 Элиша үйүндө аксакалдар менен отурганда, падыша ага өзүнөн мурун киши жиберди. Бирок ал келгенге чейин, Элиша аксакалдарга: «Бу киши өлтүргүчтүн уулу+ менин башымды алганы киши жиберди. Ал келгенде, эшикти жаап, кармап тургула, аны киргизбегиле. Мына, артында келаткан мырзасынын баскан дабышы да угулуп жатат»,— деди.
33 Элиша сүйлөп бүтө электе эле, падыша жиберген киши келип калды. Артынан падыша келип: «Бул каргашаны Жахаба жиберди. Анан эмнеге Жахабадан жардам күтмөк элем?» — деди.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «80 шекел». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «бир каб көгүчкөн кыгынын төрттөн бир бөлүгү». Каб — чен-өлчөм бирдиги. 1 каб = 1,22 л.
^ Сөзмө-сөз: «50 шекел».
^ Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда жана башка ушул сыяктуу учурларда кийишчү же колдонушчу.