Падышалар 2-китеп 7:1—20
7 Элиша: «Жахабанын сөзүнө кулак салгыла. Жахаба мындай дейт: „Эртең ушул убактарда Самариянын дарбазасынын алдында* 4 килограмм* эң жакшы ун 11 грамм күмүш*, 8 килограмм* арпа да 11 грамм күмүш болот“»,— деди.+
2 Ошондо падышанын ишенген аскер кызматкери чыныгы Кудайдын кишисине: «Жахаба асман дарбазаларын ачкан күндө да мындай болушу мүмкүн эмес»,— деди.+ Элиша ага: «Муну өз көзүң менен көрөсүң,+ бирок эч нерсесинен жебейсиң»,— деди.+
3 Шаардын дарбазасынын жанында 4 пес оорулуу киши отурчу.+ Алар: «Качан өлөбүз деп ушул жерде отура беребизби?
4 Шаарга барсак деле ачарчылыктан өлмөкпүз.+ Бул жерде отура берсек деле баары бир өлөбүз. Андан көрө, жүргүлө, сириялыктардын конушуна баралы. Тирүү калтырышса калтырды, калтырышпаса жок»,— дешти да,
5 күүгүм кире баштаганда сириялыктардын конушуна барышты. Конуштун четине жакын барышса — ал жакта эч ким жок экен.
6 Көрсө, Жахаба мындай кылыптыр: сириялыктардын конушуна согуш арабаларынын дүңгүрөгөнү, аттардын дүбүртү, сан жеткис аскерлердин ызы-чуусу угулуптур.+ Анан алар бири-бирине: «Ысрайылдын падышасы бизге кол салыш үчүн Хеттин тукумдарынын падышалары менен Мисирдин* падышаларын жалдаган турбайбы!» — дешип,
7 жанын сактап калыш үчүн бүт конушун кандай болсо, ошол бойдон таштап, күүгүм талаш качып жөнөшүптүр. Алар чатырларын, аттарын, эшектерин бүт калтырып кетишиптир.
8 Тиги пес оорулуу кишилер болсо конуштун четиндеги бир чатырга кирип, ичип-жешти да, андагы күмүш менен алтынды, кийимдерди алып чыгып, катып коюшту. Анан кайра барып, башка чатырга киришти да, анын ичиндеги буюмдарды да алып чыгып, катып коюшту.
9 Анан бири-бирине: «Мындай кылганыбыз жарабайт. Бул жакшы кабарды башкаларга да айтышыбыз керек! Эгер таң атканга чейин күтүп, создуктура турган болсок, айыптуу болуп калабыз. Жүргүлө, падышанын сарайына* барып, баарын айтып берели»,— дешти.
10 Алар барып, дарбазачыларды чакырып: «Биз сириялыктардын конушуна барып келдик. Ал жакта эч ким жок экен, бир да адамдын үнү угулбайт, аттары менен эшектери эле байланып турат. Чатырлары кандай болсо, ошол бойдон турат»,— дешти.
11 Дарбазачылар бул тууралуу тезинен падыша сарайындагыларга айтышты.
12 Падыша дароо төшөгүнөн туруп, кызматчыларына: «Мен түшүндүм, сириялыктар биздин ачка экенибизди билгендиктен:+ „Шаардан чыгышканда, аларды тирүүлөй кармап алабыз да, шаарына кирип барабыз“,— деген ой менен конушунан чыгып, талаага жашынып алышты»,— деди.+
13 Ошондо кызматчыларынын бири: «Арабыздан бир нече киши шаарда калган аттардан бешөөнү алып, ал жакта эмне болгонун билип келгени барышсын. Себеби ал жакка барышабы же бул жакта калышабы, баары бир деле өлүшөт. Буга чейин өлгөн же бул жакта калган башка ысрайылдыктардай эле өлүшөт. Баары бир деле жакында баарыбыз ачкадан кырылабыз да»,— деди.
14 Анан 2 согуш арабасы менен аттарды алып келишти. Падыша: «Барып, көрүп келгиле» — деп, аларды сириялыктардын конушуна жөнөттү.
15 Алар сириялыктардын артынан тээ Иорданга чейин барышты. Жолдун баарында сириялыктардын дүрбөлөң түшүп качып баратканда таштап кеткен кийимдери менен буюмдары жатыптыр. Жиберилген кишилер кайра падышага келип, баарын айтып беришти.
16 Эл барып, сириялыктардын конушун талап-тоноп кетти. Ошондо, Жахабанын сөзү боюнча, 4 килограмм эң жакшы ун 11 грамм күмүш, 8 килограмм арпа да 11 грамм күмүш болуп калды.+
17 Ага чейин падыша өзү ишенген баягы аскер кызматкерин дарбазачыларга башчы кылып койгон эле. Ал шаардын дарбазасынын жанында турганда элдин тебелендисинде калып өлүп калды. Ошентип, чыныгы Кудайдын кишисинин падыша ага келгенде айткан сөзү аткарылды.
18 Чыныгы Кудайдын кишиси падышага кандай айтса, так ошондой болду. Ал падышага: «Эртең ушул убактарда Самариянын дарбазасынын алдында 8 килограмм арпа 11 грамм күмүш, 4 килограмм эң жакшы ун да 11 грамм күмүш* болот»,— деп айткан болчу.+
19 Ошондо падышанын аскер кызматкери чыныгы Кудайдын кишисине: «Жахаба асман дарбазаларын ачкан күндө да мындай болушу мүмкүн эмес»,— деген. Элиша болсо ага: «Муну өз көзүң менен көрөсүң, бирок эч нерсесинен жебейсиң»,— деп айткан эле.
20 Элиша ал жөнүндө эмне деп айтса, так ошондой болду: ал дарбазанын жанында элдин тебелендисинде калып өлдү.
Шилтемелер
^ Же: «Самариянын базарларында».
^ Сөзмө-сөз: «1 сата». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «1 шекел». 1 шекел = 11,4 г.
^ Сөзмө-сөз: «2 сата».
^ Египеттин.
^ Сөзмө-сөз: «үйүнө».
^ Сөзмө-сөз: «1 шекел».