Падышалар 2-китеп 9:1—37

  • Жеху Ысрайылга падыша болот (1—13)

  • Жеху Жорам менен Ахазияны өлтүрөт (14—29)

  • Изабел өлтүрүлөт; этин иттер жейт (30—37)

9  Элиша пайгамбарлардын бирин чакырып: «Бар, даярданып*, тезинен май куюлган идишти ал да, Рамот-Гилатка+ жөнө. 2  Ал жактан Нимшинин небереси, Жошапаттын уулу Жехуну+ таап, аны жанындагы кишилерден өзүнчө чакырып алып, түпкү бөлмөгө алып кир. 3  Анан идиштеги майдан башына куй да: „Жахаба: “Мен сени Ысрайылга падыша кылып дайындап жатам”,— деди“,+— деп айт. Анан бөлмөдөн чыгып, дароо качып кет»,— деди. 4  Ошентип, пайгамбардын ошол кызматчысы Рамот-Гилатка жөнөп кетти. 5  Ал жакка барып, аскер башчыларынын отурганын көрдү да: «Башчым, сизге айта турган сөзүм бар эле»,— деди. Жеху: «Кимибизге?» — деп сурады. Ал: «Сизге, башчым»,— деди. 6  Ошондо Жеху ордунан туруп, үйгө кирди. Тиги анын башына май куюп: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба: „Мен сени Жахабанын ысрайыл элине падыша кылып дайындадым.+ 7  Ахап мырзаңдын тукумдарын кырып жок кыл. Изабел+ өлтүргөн пайгамбарларымдын, Жахабанын башка бардык кызматчыларынын каны үчүн ошентип өч алам. 8  Ахаптын бүт тукуму кырылат. Анын Ысрайылдагы эркек аттууларынын баарын, анын ичинде бечараларын да кырам.+ 9  Небаттын уулу Жеробамдын үйүндөгүлөрү+ менен Ахиянын уулу Баашанын үйүндөгүлөрүн+ кандай кылсам, Ахаптын үйүндөгүлөрүн да ошондой кылам. 10  Изабелди болсо Изреил жеринде иттер жейт,+ аны эч ким көргө койбойт“,— дейт»,— деди. Анан качып кетти.+ 11  Жеху болсо сыртка чыгып, берки аскер башчыларынын жанына барды. Алар: «Баары жакшы элеби? Тиги акылынан айныган неме эмнеге келиптир?» — деп сурашты. Ал: «Андай адамдарды өзүңөр билесиңер да, ал эмне айтмак эле»,— деди. 12  Алар: «Алдаба, чынын айт»,— дешти. Ошондо Жеху: «Ал мага баланча-түкүнчө деди. Анан: „Жахаба мындай дейт: “Мен сени Ысрайылга падыша кылып дайындап жатам”“,— деп айтты»,+— деди. 13  Алар дароо кийимдерин анын бут алдына, тепкичтерге төшөй салышты да,+ сурнай тартып: «Жеху падыша болду!» — деп жар салышты.+ 14  Нимшинин небереси, Жошапаттын уулу Жеху+ Жорамга каршы киши топтой баштады. Ага чейин Жорам менен бүт Ысрайыл аскери Сириянын падышасы Хазаелден+ Ысрайылды коргош үчүн Рамот-Гилатка+ барышкан болчу. 15  Бирок алар Сириянын падышасы Хазаел менен согушуп жатканда, сириялыктар Жорамды жарадар кылып койгондуктан, ал жараатын айыктырыш үчүн кайра Изреилге+ кеткен эле.+ Жеху: «Эгер мени колдосоңор, бул шаардан эч кимди чыгарбагыла, бул тууралуу Изреилге айтып барышпасын»,— деди. 16  Анан арабасына отуруп, Изреилге жөнөп кетти. Жарадар болуп калган Жорам ошол жакта эле. Жүйүттүн падышасы Ахазия болсо аны көргөнү барган болчу. 17  Изреилдеги мунаранын үстүндө турган күзөтчү Жехунун көп кишилер менен келатканын көрүп: «Топ эл келатат»,— деди. Жорам: «Бир атчанды жөнөт, аларды тосуп чыгып: „Тынччылыкпы?“ — деп сурасын»,— деди. 18  Атчан киши алардын алдынан чыгып: «Падыша: „Тынччылыкпы?“ — деп сурап жатат»,— деди. Жеху ага: «Тынчтыкты сурап эмне кыласың? Артымдан жүр!» — деди. Күзөтчү: «Жөнөткөн кишибиз аларга жетти, бирок кайра артка тарткан жок»,— деди. 19  Ал дагы бир атчанды жөнөттү. Ал аларга барып: «Падыша: „Тынччылыкпы?“ — деп сурап жатат»,— деди. Жеху ага да: «Тынчтыкты сурап эмне кыласың? Артымдан жүр!» — деди. 20  Күзөтчү: «Жөнөткөн кишибиз аларга жетти, бирок кайра артка тарткан жок. Аларды баштап келаткан киши арабаны Нимшинин небереси Жехуга окшоп айдайт экен, кутурган немедей чымын-куюн болуп келатат»,— деди. 21  Ошондо Ысрайылдын падышасы Жорам: «Арабаны чеккиле!» — деп буйрук берди. Ага арабаны чегип беришти. Анан Жүйүттүн падышасы Ахазия+ экөө согуш арабаларына отуруп, Жехунун алдынан тосуп чыкканы жөнөштү. Алар ага изреилдик Наботтун+ талаасынан жолугушту. 22  Жорам Жехуну көрөрү менен: «Тынччылыкпы, Жеху?» — деп сурады. Бирок ал: «Энең Изабел жийиркеничтүү иш* кылып жатса,+ көз байлоочулук кылып жүрсө,+ кайдагы тынчтык?!» — деди. 23  Ошондо Жорам качып кетиш үчүн дароо арабасын буруп, Ахазияга: «Чыккынчылык, Ахазия!» — деп кыйкырды. 24  Жеху жаасын тартып жиберди. Жебе Жорамдын эки далысынын ортосуна тийип, жүрөгүн тешип өттү. Ал арабасына жыгылды. 25  Жеху жардамчысы Биткарга: «Муну изреилдик Наботтун+ талаасына ыргытып сал. Экөөбүз арабада мунун атасы Ахаптын артынан баратканыбызда, Жахабанын эмне дегени эсиңдеби? + 26  Жахаба ага: „Кечээ Набот менен анын уулдарынын канын төккөнүңдү көрдүм.+ Алар үчүн сенден так ушул жерден өч алам. Муну мен, Жахаба, айттым”,+— деген. Ошон үчүн муну, Жахаба айткандай, ушул жерге ыргытып сал»,— деди.+ 27  Жүйүттүн падышасы Ахазия+ муну көргөндө бактагы үйдү көздөй кеткен жол менен качып жөнөдү. (Бир нече убактан кийин Жеху анын артынан кууп: «Муну да өлтүргүлө!» — деп буйрук кылды. Алар Ахазияны Иблиемдин+ жанындагы Гурду көздөй кеткен жолдо арабасында кетип баратканда жарадар кылышты. Ал Мегидого качып барып, ошол жерден өлдү. 28  Кызматчылары анын сөөгүн арабага салып, Иерусалимге алып барышты да, ата-бабалары коюлган жерге, Дөөтүнүн шаарына+ коюшту. 29  Ахазия+ Ахаптын уулу Жорамдын башкаруусунун он биринчи жылында Жүйүткө падыша болгон эле.) 30  Жеху Изреилге+ барганда, бул тууралуу Изабел+ укту. Ал көзүн капкара кылып боёп, чачын жасап алып, терезеден карап турду. 31  Жеху дарбазадан киргенде, Изабел ага: «Өзүнүн мырзасын өлтүргөн Зимри эмне болду эле ыя?» — деди.+ 32  Жеху башын көтөрүп, терезени карады да: «Ким мен тарапта? Ким?»+ — деп кыйкырды. Ошондо ак сарай кызматчыларынан эки-үчөө терезеден карады. 33  Жеху аларга: «Алдагыны ыргытып жибергиле!» — деди. Алар Изабелди ыргытып жиберишти. Анын каны дубалга, аттарга чачырап кетти. Жеху аны арабасы менен тебелетип кетти. 34  Анан барып тамактангандан кийин: «Каргышка калган тиги аялды алып барып, көргө коюп койгула. Кантсе да, падышанын кызы эмеспи»,— деди.+ 35  Аны койгону барышса, баш сөөгү, буттары менен колдорунун манжалары эле калыптыр.+ 36  Бул тууралуу Жехуга айтып келишкенде, ал: «Жахабанын өзүнүн кызматчысы тишпилик Илияс аркылуу айткан сөздөрү аткарылды.+ Ал: „Изабелдин этин Изреил жеринде иттер жейт.+ 37  Сөөгү Изреилдеги талаада жаткан кыктай болот, ошондо аны: “Бул — Изабел”,— деп эч ким айтпайт“,— деген болчу»,— деди.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Кийимиңдин этегин куруңа кыстарып».
Бул жыныстык адеп-ахлаксыздыкты да, бурканга табынууну да билдириши мүмкүн.