Римдиктерге 13:1—14
13 Ар бир адам жогорку бийликтерге баш ийсин,+ анткени Кудай жол бербесе, бир да бийлик болмок эмес.+ Алардын баары Кудай белгилеген орундарды ээлеп турат.+
2 Ошондуктан ким бийликке каршы чыкса, Кудай бекиткен тартипке каршы чыккан болот. Ал эми Кудайдын тартибине каршы чыккандар жазага тартылат.
3 Бийликтегилерден жакшы иш кылгандар эмес, жаман иш кылгандар коркушу керек.+ Бийликтегилерден коркпой жашагың келеби? Анда мындан ары да жакшы иш кыл.+ Ошондо алардан мактоо угасың.
4 Анткени бийликтегилер — сенин пайдаң үчүн коюлган Кудайдын кызматчылары. Эгер жаман иш кылсаң, корк. Себеби аларга жаман иш кылгандарды жазалаганга укук да, бийлик да* берилген. Алар — Кудайдын жаман иш кылгандарды жазалай турган кызматчылары.
5 Демек, бийликтегилерге алардын каарынан корккондуктан эле эмес, абийириңер таза болушу үчүн+ да баш ийишиңер керек.
6 Салыктарды да ошол себептен төлөп жатасыңар. Анткени бийликтегилер — дайыма элдин пайдасы үчүн кызмат кылган Кудайдын кулдары.
7 Баарына өзүнө тиешелүүсүн бергиле: салык талап кылганга салык, алым талап кылганга алым төлөгүлө;+ кимди урматташ керек болсо, урматтагыла*;+ кимди сыйлаш керек болсо, сыйлагыла.+
8 Бири-бириңерди сүйгөндөн башка эч кимге эч нерсе карыз болбогула.+ Анткени башкаларды сүйгөн адам Мыйзамды* аткарган болот.+
9 Себеби Мыйзамдагы: «Ойноштук кылбагыла,+ киши өлтүрбөгүлө,+ уурдабагыла,+ көз артпагыла»,+— деген сыяктуу осуяттардын баары: «Башканы өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө»,+— деген бир эле осуятта камтылат.
10 Сүйүү башкага жамандык кылбайт.+ Ошондуктан сүйүү — бул мыйзам талап кылган нерсе.+
11 Ушуларды кылгыла, анткени кандай убакта жашап жатканыңарды, уйкудан ойгоно турган убак+ келип калганын билесиңер. Себеби куткарыларыбызга биз Машаяктын жолун жолдой баштаган убактагыдан да аз калды.
12 Түн өтүп баратат, ошол күн жакындап калды. Андыктан караңгылыктын иштерин таштап,+ жарыктын куралдарын алалы.+
13 Жосунсуз той-тамашалардан, ичкиликти көп ичкенден, жыныстык адеп-ахлаксыздыктан, уятсыз* жүрүм-турумдан,+ чыр-чатактан, көрө албастыктан+ оолак болуп, өзүбүздү күндүзгү убактагыдай алып жүрөлү.+
14 Мырзабыз Иса Машаяктын үлгүсү боюнча жашагыла,+ жаман каалоолоруңарды кантип канааттандырышты ойлонуштурбагыла.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «кылыч».
^ Же: «кимден коркуш керек болсо, корккула».
^ Б. а. Муса пайгамбардын Мыйзамы.