Римдиктерге 6:1—23

  • Машаяк менен биримдикте болуш үчүн чөмүлгөндөр жаңы жашоо баштайт (1—11)

  • Денеңерге күнөөнүн бийлик кылышына жол бербегиле (12—14)

  • Күнөөнүн кулчулугунан бошонуп, Кудайдын кулдары болуп калдыңар (15—23)

    • Күнөөнүн бизге бере турган нерсеси — өлүм; Кудайдын белеги — түбөлүк өмүр (23)

6  Анда эмне демекчибиз? Кудай дагы көбүрөөк ырайым кылышы үчүн, күнөө кыла беришибиз керекпи? 2  Жок, такыр андай эмес! Биз өзүбүздү күнөө үчүн өлүкпүз деп эсептейбиз,+ анан кантип күнөө кылып жашай бермек элек?+ 3  Же баарыбыз Машаяк Иса менен биримдикте болуш үчүн чөмүлгөндө* ага окшоп өлүш үчүн*+ чөмүлгөнүбүздү билбейсиңерби?+ 4  Андыктан ага окшоп өлүш үчүн чөмүлгөндө аны менен кошо көмүлгөнбүз.+ Ошентип, Атасынын даңктуу күчү менен тирилип, жаңы жашоо баштаган Машаякка окшоп, биз да жаңы жашоо башташыбыз керек.+ 5  Машаякка окшоп өлүп, аны менен бириккендей эле,+ ага окшоп тирилгенде аны менен биригерибиз да шексиз.+ 6  Анткени денебиздеги жаман каалоолор бизге үстөмдүк кылбашы үчүн,+ эски табиятыбыз+ Машаяк менен бирге устунга кадалганын билебиз. Мындан ары күнөөгө кул болбошубуз керек.+ 7  Себеби адам өлгөндө, күнөөсү кечирилет*. 8  Мындан тышкары, Машаяк менен бирге өлгөндөй эле, аны менен бирге жашай турганыбызга да ишенебиз. 9  Анткени тирилген Машаяктын кайра өлбөй турганын,+ өлүмдүн ага эми үстөмдүк кыла албай турганын билебиз.+ 10  Ал күнөөнү биротоло жок кылыш үчүн бир эле жолу өлгөн,+ азыр болсо Кудайдын эркин аткарыш үчүн жашап жатат. 11  Силер да өзүңөрдү күнөөгө келгенде өлүкпүз деп, ал эми Машаяк Исанын жолдоочулары катары Кудайдын эркин аткарууга келгенде тирүүбүз деп эсептегиле.+ 12  Андыктан акыры өлө турган денеңерге күнөөнүн падыша сыяктуу бийлик кылышына жол бербегиле.+ Ошондо денеңердин кумарларына жетеленбейсиңер. 13  Ошондой эле денеңерди жаман ишке колдонулчу курал катары күнөөгө бербегиле, анын ордуна, тирилгендер катары өзүңөрдү Кудайга бергиле, денеңерди да жакшы ишке колдонулчу курал катары ага бергиле.+ 14  Күнөө силерге үстөмдүк кылбашы керек, анткени силер Мыйзамдын бийлиги астында эмессиңер,+ азыр силерге Кудай ырайым кылып жатат.+ 15  Анда, эмне, Мыйзамдын бийлиги астында эмеспиз, Кудай бизге ырайым кылып жатат деп күнөө кыла берелиби?+ Жок, такыр андай эмес! 16  Кимге кул катары баш ийсеңер, ошонун кулу болоруңарды билбейсиңерби?+ Эгер күнөөнүн кулу болсоңор,+ ал өлүмгө алып барат,+ ал эми Кудайдын кулу болуп, ага баш ийсеңер, адил болосуңар. 17  Бир кезде күнөөнүн кулу болсоңор да, азыр өзүңөр үйрөтүлгөн окууга чын жүрөктөн баш ийип жатканыңар үчүн Кудайга ыраазыбыз. 18  Ооба, силер күнөөнүн кулчулугунан бошонуп,+ адилдиктин кулу болуп калдыңар.+ 19  Муну силерге жеткилең эмес экениңерди эске алып, адам түшүнө турган мисал менен айтып жатам. Мурун ыпылас, жаман иштерди кылыш үчүн денеңердин каалоолорунун кулу болуп келгенсиңер. Эми адил, ыйык нерселердин кулу кыла турган каалоолорго ылайык иш кылышыңар керек.+ 20  Анткени күнөөнүн кулу болуп жүргөнүңөрдө адилдиктин кулу эмес болчусуңар. 21  Ошол кезде кылган иштериңердин натыйжасы кандай эле? Азыр ошол нерселерден өзүңөр уяласыңар. Алар өлүмгө алып барат.+ 22  Эми болсо күнөөнүн кулчулугунан бошонуп, Кудайдын кулдары болуп калдыңар, ошондуктан ыйык деп эсептелген нерселерди кылып жатасыңар;+ мунун натыйжасы болсо түбөлүк өмүр.+ 23  Себеби күнөөнүн бизге бере турган нерсеси — өлүм,+ ал эми Кудай бере турган белек — Мырзабыз Машаяк Иса+ аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр.+

Шилтемелер

Же: «анын өлүмүнө».
Же: «күнөөсүнөн арылат».