Рут 3:1—18

  • Наами Рутка эмне кылышты айтат (1—4)

  • Рут менен Бууз кырмандан жолугат (5—15)

  • Рут кайненеси Наамиге кайтып барат (16—18)

3  Бир күнү Наами келини Рутка: «Кызым, бактылуу болушуң үчүн, сага жакшы күйөө боло турган бирөөнү издесем кандай болот?+ 2  Баягы сен жумушчу кыздары менен чогуу иштеген Бууз бизге тууган болот эмеспи.+ Ал бүгүн кечинде кырманда арпа сапырат. 3  Ошон үчүн жуунуп, жыпар жыттуу май сүйкөнүп, жакшынакай кийинип алып, кырманга бар. Бирок ал тамак ичип бүткүчө, көрүнбөй тур. 4  Уктаганы кеткенде, кайсы жерге барып жатканын билип ал. Анан барып, бут жагын ачып, жатып ал. Андан ары эмне кылышты ал өзү айтат»,— деди. 5  Рут ага: «Мейли, сиз айткандай кылайын»,— деди. 6  Анан кырманга барып, кайненеси айткандын баарын кылды. 7  Бууз ичип-жеп, көңүлү көтөрүлгөндөн кийин үйүлгөн дандын жанына барып жатты. Анан Рут акырын барып, анын бут жагын ачып, жатып алды. 8  Түн ортосунда Бууз селт этип ойгонуп кетип, башын көтөрүп караса, бут жагында бир аял жатыптыр. 9  Бууз андан: «Сен кимсиң?» — деп сурады. Рут: «Мен күңүңүз Рутмун. Мени канатыңызга калкалап алыңыз*, анткени сиз туугандык милдетти аткарып, үй-бүлөбүзгө жардам бере ала турган тууганыбыз болот турбайсызбы»,— деди.+ 10  Ошондо Бууз: «Жахаба сага батасын берсин, кызым. Ушул кылганыңдан сүйүүң* мурункудан да айкын болду,+ себеби сен күйөөнү жаштардын арасынан, кедей же бай жигиттердин арасынан издеген жоксуң. 11  Ошон үчүн коркпо, кызым. Айтканыңдын баарын кылам,+ себеби бул шаардагы элдин баары жакшы келин экениңди билет. 12  Туугандык милдетти аткара аларым чын,+ бирок Эбимелектин менден да жакын тууганы бар.+ 13  Бүгүн ушул жерде эле түнө. Эгер ал эртең туугандык милдетин аткарганга макул болсо, анда жакшы.+ Эгер макул болбосо, тирүү Кудай Жахабаны оозанып ант берем, анда ал милдетти өзүм алам. Таң атканча жата тур»,— деди. 14  Рут анын бут жагында таң атканча жатып, жарык түшө электе турду. Бууз ага: «Кырманга аял киши келгенин эч ким билбесин»,— деди. 15  Анан: «Сырт кийимиңди жайып, кармап тур»,— деди. Рут кармап турду. Бууз ага 25 килограммдай* арпа салып берип, көтөртүп койду да, үйүнө жөнөттү. Өзү болсо шаарга жөнөдү. 16  Рут үйүнө келгенде, кайненеси: «Эмне болду, кызым?*» — деп сурады. Рут ага Бууздун эмне кылганын төкпөй-чачпай айтып берди. 17  Анан: «„Кайненеңе куру кол барба“ — деп, ушунча* арпа салып берди»,— деди. 18  Наами ага: «Мунун аягы эмне болуп бүтөрүн билгиче күтө тур, кызым. Бул ишти бүгүн бүтүрмөйүн ал тынч албайт»,— деди.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Күңүңүзгө этегиңизди жайыңыз».
Же: «туруктуу сүйүүң».
Сөзмө-сөз: «алты өлчөм». Сыягы, 6 сата. Б14 тиркемесин кара.
Сөзмө-сөз: «Кимсиң, кызым?»
Сөзмө сөз: «алты өлчөм».