Сандар 1:1—54

  • Аскер кызматына жарактуу эркектерди каттоо (1—46)

  • Лебилер аскер кызматынан бошотулат (47—51)

  • Конушта жайгашуу тартиби (52—54)

1  Ысрайыл эли Мисир* жеринен чыккандан кийинки экинчи жылдын экинчи айынын биринчи күнү+ Жахаба* Мусага Синай+ чөлүндө жолугушуу чатырында+ дагы мындай деди: 2  «Ар бир эркектин атын тизмеге алып, бүт ысрайыл жамаатын уруусу, тукуму боюнча санап чыккыла.+ 3  Арун экөөңөр 20 жаштан өйдөкү,+ Ысрайылдын аскеринде кызмат кылганга жарактуу эркектердин баарын топ-тобу боюнча каттоодон өткөргүлө. 4  Жаныңарда ар бир уруудан бирден киши болсун. Алардын ар бири уруу башчысы болсун.+ 5  Силерге жардам бере турган кишилердин аттары булар: Рубейин уруусунан Шедурдун уулу Элисур,+ 6  Шымон уруусунан Зуришадайдын уулу Шелумиел,+ 7  Жүйүт уруусунан Аминадаптын уулу Нахшон,+ 8  Исахар уруусунан Зуардын уулу Нетанел,+ 9  Забулун уруусунан Хелондун уулу Элиап,+ 10  Жусуптун урпактарынан: Эпрайым+ уруусунан Амиюттун уулу Элишама, Менаше уруусунан Педатсурдун уулу Гамалиел, 11  Бенжемин уруусунан Гидонинин уулу Абидан,+ 12  Дан уруусунан Амишадайдын уулу Ахиезер,+ 13  Ашыр уруусунан Охрандын уулу Пагиел,+ 14  Гат уруусунан Деуилдин уулу Элиасап,+ 15  Напталы уруусунан Энандын уулу Акира.+ 16  Булар — эл ичинен тандалгандар, атасынын уруусунун башчылары,+ Ысрайылдагы миң сандаган кишилердин башчылары».+ 17  Муса менен Арун аттары аталган ушул кишилерди чогултушту. 18  Алар болсо 20 жаштан өйдөкүлөрдүн+ ар бирин атынан атап, уругу, тукуму боюнча санжырасын жазыш үчүн экинчи айдын биринчи күнүндө бүт жамаатты чогултушту. 19  Алар муну Жахаба Мусага буйругандай кылышты. Ошентип, ал Синай чөлүндө элди каттоодон өткөрдү.+ 20  Ысрайылдын тун уулу+ Рубейиндин урпактарынын ичинен 20 жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу эркектердин ар биринин аты тизмеге алынып, уругу, тукуму боюнча катталды. 21  Рубейин уруусунан катталгандардын саны 46 500 болду. 22  Шымондун+ урпактарынын ичинен 20 жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу эркектердин ар биринин аты тизмеге алынып, уругу, тукуму боюнча катталды. 23  Шымон уруусунан катталгандардын саны 59 300 болду. 24  Гаттын+ урпактарынын ичинен 20 жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу эркектердин ар биринин аты тизмеге алынып, уругу, тукуму боюнча катталды. 25  Гат уруусунан катталгандардын саны 45 650 болду. 26  Жүйүттүн+ урпактарынын ичинен 20 жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу эркектердин ар биринин аты тизмеге алынып, уругу, тукуму боюнча катталды. 27  Жүйүт уруусунан катталгандардын саны 74 600 болду. 28  Исахардын+ урпактарынын ичинен 20 жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу эркектердин ар биринин аты тизмеге алынып, уругу, тукуму боюнча катталды. 29  Исахар уруусунан катталгандардын саны 54 400 болду. 30  Забулундун+ урпактарынын ичинен 20 жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу эркектердин ар биринин аты тизмеге алынып, уругу, тукуму боюнча катталды. 31  Забулун уруусунан катталгандардын саны 57 400 болду. 32  Жусуптун Эпрайымдан+ тараган урпактарынын ичинен 20 жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу эркектердин ар биринин аты тизмеге алынып, уругу, тукуму боюнча катталды. 33  Эпрайым уруусунан катталгандардын саны 40 500 болду. 34  Менашенин+ урпактарынын ичинен 20 жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу эркектердин ар биринин аты тизмеге алынып, уругу, тукуму боюнча катталды. 35  Менаше уруусунан катталгандардын саны 32 200 болду. 36  Бенжеминдин+ урпактарынын ичинен 20 жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу эркектердин ар биринин аты тизмеге алынып, уругу, тукуму боюнча катталды. 37  Бенжемин уруусунан катталгандардын саны 35 400 болду. 38  Дандын+ урпактарынын ичинен 20 жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу эркектердин ар биринин аты тизмеге алынып, уругу, тукуму боюнча катталды. 39  Дан уруусунан катталгандардын саны 62 700 болду. 40  Ашырдын+ урпактарынын ичинен 20 жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу эркектердин ар биринин аты тизмеге алынып, уругу, тукуму боюнча катталды. 41  Ашыр уруусунан катталгандардын саны 41 500 болду. 42  Напталынын+ урпактарынын ичинен 20 жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу эркектердин ар биринин аты тизмеге алынып, уругу, тукуму боюнча катталды. 43  Напталы уруусунан катталгандардын саны 53 400 болду. 44  Муса, Арун жана Ысрайылдын 12 башчысы каттоодон өткөргөндөр — ушулар. 12 башчынын ар бири өзүнүн уруусунун өкүлү эле. 45  20 жаштан өйдөкү, аскер кызматына жарактуу ысрайылдыктардын баарын тукуму боюнча санап чыкканда, 46  катталгандардын жалпы саны 603 550 болду.+ 47  Ал эми лебилер+ башка уруудагылар менен чогуу катталган жок.+ 48  Жахаба Мусага мындай деди: 49  «Леби уруусун гана каттоодон өткөрбө, аларды башка ысрайылдыктардай кылып санаба.+ 50  Лебилерге келишим сандыгы+ турган ыйык чатырды, ага тиешелүү нерселердин бардыгын тапшыр.+ Алар ыйык чатыр менен ага тиешелүү нерселердин баарын көтөрүп жүрүшсүн,+ ыйык чатырдагы иштерди кылышсын.+ Чатырларын ыйык чатырдын тегерегине тигишсин.+ 51  Ыйык чатырды бир жерден экинчи жерге көчүргөндө аны лебилер чечип, лебилер тиксин.+ Алардан башка ким ыйык чатырга жакындаса, өлүм жазасына тартылат.+ 52  Ар бир ысрайылдык чатырын өзүнүн конушуна, өзүнүн 3 уруудан турган тобу*+ жайгашкан жерге, тигиши керек. 53  Ысрайыл жамаатына каарым төгүлбөшү үчүн,+ лебилер чатырларын келишим сандыгы турган ыйык чатырдын тегерегине тигишсин. Алар келишим сандыгы турган ыйык чатырга жооптуу болушсун*».+ 54  Ысрайылдыктар баарын Жахаба Мусага айткандай кылышты. Ал кандай айтса, так ошондой кылышты.

Шилтемелер

Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.
Египет.
Же: «өздөрүнүн желеги (белгиси)».
Же: «ыйык чатырды кайтарышсын; ал жакта кызмат кылышсын».