Сандар 10:1—36

  • Күмүш сурнайлар (1—10)

  • Ысрайылдыктар Синай чөлүнөн чыгышат (11—13)

  • Жол жүрүү тартиби (14—28)

  • Хобаптан ысрайылдыктарга жол көрсөтүшүн өтүнүү (29—34)

  • Эл жолго чыкканда, токтогондо, Муса Кудайдан тиленчү (35, 36)

10  Жахаба Мусага мындай деди: 2  «Күмүштөн балка менен согуп эки сурнай+ жаса. Аларды жамаатты чогултуш үчүн жана чатырларды чечкенге белги бериш үчүн колдон. 3  Эки сурнай тең тартылганда, сенин жаныңа, жолугушуу чатырынын кире беришине бүт жамаат чогулсун.+ 4  Ал эми алардын бирөө эле тартылганда, жаныңа башчылар, Ысрайылдагы миң сандаган кишилердин башчылары, чогулат.+ 5  Сурнай үзүк-үзүк тартылганда, чыгыш тараптагы+ кошуундар жолго чыгышы керек. 6  Сурнай экинчи ирет үзүк-үзүк тартылганда, түштүк тараптагы+ кошуундар жолго чыгышы керек. Ал топтордун ар бири жолго чыгарда, сурнай үзүк-үзүк тартылсын. 7  Ал эми жамаатты чогултканда сурнай үзүк-үзүк тартылбасын.+ 8  Сурнайларды дин кызматчылар, Арундун уулдары, тартышы керек.+ Бул — өзүңөр да, укум-тукумуңар да түбөлүккө аткарышыңар керек болгон көрсөтмө. 9  Эгер силерди кысымга алган душманыңарга каршы согуша турган болсоңор, элди согушка чакырып сурнай тарткыла.+ Ошондо Жахаба Кудайыңар үнүңөрдү угуп, душмандарыңардан куткарат. 10  Кубанычтуу күндөрүңөрдө,+ майрамдарда,+ ар бир айдын башында бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарыңар менен+ тынчтык курмандыктарыңарды+ чалганда сурнай тарткыла. Ошондо Кудайыңар силерди эстеп, назарын салат. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын».+ 11  Экинчи жылдын экинчи айынын жыйырманчы күнүндө+ келишим сандыгы турган ыйык чатырдын үстүндөгү булут жогору көтөрүлдү.+ 12  Ошондо ысрайыл эли бекитилген тартип+ боюнча Синай чөлүнөн чыгып, булут Паран+ чөлүнө токтогонго чейин, жол жүрүштү. 13  Алар Жахаба Муса аркылуу айткан тартип боюнча биринчи жолу жолго чыгышты.+ 14  Биринчи болуп Жүйүт уруусу башчылык кылган 3 уруудан турган топ чыкты*. Жүйүт уруусунун башчысы Аминадаптын уулу Нахшон+ болчу. 15  Исахар уруусундагылардын тобуна Зуардын уулу Нетанел+ башчылык кылды. 16  Забулун уруусундагылардын тобуна Хелондун уулу Элиап+ башчылык кылды. 17  Ыйык чатыр чечилгенден кийин,+ аны ташыганга дайындалган Гершондун урпактары+ менен Мераринин урпактары+ жолго чыгышты. 18  Андан кийин Рубейин уруусу башчылык кылган 3 уруудан турган топ жолго чыкты. Рубейин уруусунун башчысы Элисурдун+ уулу Шедур болчу. 19  Шымон уруусундагылардын тобуна Зуришадайдын уулу Шелумиел+ башчылык кылды. 20  Гат уруусундагылардын тобуна Деуилдин уулу Элиасап+ башчылык кылды. 21  Андан кийин ыйык жайдагы буюмдарды көтөрүп жүргөнгө дайындалган Кааттын урпактары+ жолго чыгышты. Алар баргыча, жолугушуу чатыры тургузулуп бүтүп калмак. 22  Андан кийин Эпрайым уруусу башчылык кылган 3 уруудан турган топ жолго чыкты. Эпрайым уруусунун башчысы Амиюттун уулу Элишама+ болчу. 23  Менаше уруусундагылардын тобуна Педатсурдун уулу Гамалиел+ башчылык кылды. 24  Бенжемин уруусундагылардын тобуна Гидонинин уулу Абидан+ башчылык кылды. 25  Андан кийин Дан уруусу башчылык кылган 3 уруудан турган топ жолго чыкты. Алар бүт кошуунду арт жагынан кайтарып баратышты. Дан уруусунун башчысы Амишадайдын уулу Ахиезер+ болчу. 26  Ашыр уруусундагылардын тобуна Охрандын уулу Пагиел+ башчылык кылды. 27  Напталы уруусундагылардын тобуна Энандын уулу Акира+ башчылык кылды. 28  Ысрайылдыктар өздөрүнүн топтору менен ушундай тартипте жолго чыгышчу.+ 29  Муса кайнатасы мидиандык Ребулдун*+ уулу Хобапка: «Биз Жахаба берем+ деген жерге баратабыз. Биз менен жүр,+ ошондо сага да жакшы болот, анткени Жахаба ысрайыл элине батасын берип, колдоп жүрөрүн убада кылган»,— деди.+ 30  Бирок ал: «Жок, силер менен барбайм. Мен өз жериме, өз туугандарыма барам»,— деди. 31  Ошондо Муса: «Биз менен эле барчы, сен чатырларыбызды чөлдүн кайсы жерине тиксе болорун жакшы билесиң да. Бизге жол көрсөтүп бере аласың. 32  Биз менен барсаң,+ Жахаба бизге кандай жакшылык кылса, биз да сага ошондой жакшылык кылабыз»,— деди. 33  Ошентип, алар Жахабанын тоосунан жөнөп,+ 3 күн жол жүрүштү. Эл эс алып алышы үчүн, Жахабанын келишим сандыгын+ көтөргөндөр ылайыктуу жер издеп, 3 күн бою алардын алдында баратты.+ 34  Жолго чыгышканда, Жахабанын булуту+ күндүзү алардын үстүндө болуп, жетектеп баратты. 35  Келишим сандыгын көтөргөндөр жолго чыккан сайын, Муса: «Оо, Жахаба, ордуңан тур!+ Душмандарың туш тарапка чачырап кетсин, сени жек көргөндөр сенден качсын»,— дечү. 36  Ал эми эс алганы токтогондо: «Оо, Жахаба, ордуңа кайтып келип, миң-миңдеген сансыз ысрайыл эли+ менен бол»,— дечү.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «аскердик тобу менен чыкты».
Дагы бир аты — Жетро.