Сандар 11:1—35
11 Эл Жахабага катуу наалый баштады. Алардын наалыганын укканда Жахабанын каары кайнап чыкты. Анан Жахабадан от түшүп, конуштун четиндеги айрым кишилерди жалмай баштады.
2 Ошондо эл Мусаны жардамга чакыра баштады. Муса Жахабага жалынганда,+ от өчтү.
3 Ал жерге Жахабанын оту түшкөндүктөн, ал жерди Табера* деп аташты.+
4 Элдин арасындагы бөтөн улуттагы адамдар+ ач көздөнүп, башка тамак жегиси келип, нааразы боло башташты.+ Ошондо ысрайыл эли да кайрадан ыйлактап: «Эт жегибиз келип жатат!+
5 Мисирдеги бекер жеген балык, бадыраң, дарбыз, пияз, сарымсак болсо кана, атаганат! Алардын даамы алигиче таңдайыбыздан кетпейт.+
6 Баарыбыз минтип дарманыбыз кетип, алсырап отурабыз. Жегенге мобу маннадан башка эч нерсе жок»,— дей башташты.+
7 Манна+ кориандрдын* уругуна окшош эле,+ түсү болсо жыпар жыттуу чайырдыкындай ак болчу.
8 Эл аны терип алып, жаргылчакка тартып же сокуга жанчып, казанга бышырчу же тегерек нан жасачу.+ Анын даамы май кошулган таттуу нандыкындай эле.
9 Түнкүсүн конушка шүүдүрүм түшкөндө, манна да түшчү.+
10 Муса жумурай журттун, ар ким өз үй-бүлөсү менен чатырларынын оозунда ыйлап жатканын укту. Жахабанын аларга каары кайнап чыкты.+ Муса да элге катуу нааразы болду.
11 Ошондуктан Жахабага мындай деди: «Эмнеге кулуңду мынча кыйнадың? Сага жакпай калгыдай эмне кылдым? Эмнеге бүт элдин жүгүн мага артып койдуң?+
12 Бул элди курсагыма мен көтөрдүм беле? Ата-бабаларына берем деп ант берген+ жерге баргыча „бала баккан кишидей койнуңа салып көтөрүп жүр“ деп айткыдай, буларды мен төрөдүм беле?
13 Ушунча элдин баарына этти кайдан табам? Булар мага келип: „Эт бер!“ — деп ыйлап жатышат.
14 Мен бул элдин жүгүн жалгыз көтөрө албайм, мен үчүн бул аябай оор.+
15 Эгер мени ушинтип кыйнай турган болсоң, анда мени азыр эле өлтүрүп салчы.+ Эгер көңүлүңө жаккан киши болсом, мындан ары бул азапты көрбөй эле коёюнчу».
16 Жахаба Мусага мындай деди: «Ысрайыл аксакалдарынын арасынан 70 кишини — өзүң жөндөмдүү деп эсептеген эл аксакалдары менен башчыларды+ — чогултуп, жолугушуу чатырына алып кел, алар жаныңда турушсун.
17 Мен төмөн түшүп,+ сени менен сүйлөшөм.+ Сага берген ыйык рухумдан* алып, аларга берем.+ Ошондо бул элдин жүгүн жалгыз көтөрбөйсүң, алар сага жардам беришет.+
18 Элге болсо мындай де: „Эртеңки күнгө даярдангыла*,+ эртең эт жейсиңер. Силер Жахабага: “Эт жегибиз келип жатат. Мындан көрө, Мисирде жүргөнүбүз эле жакшы эмес беле!”+ — деп ыйлаганыңар үчүн,+ Жахаба эртең эт берет, эт жейсиңер.+
19 Этти 1 күн эмес, 2 күн эмес, 5 күн эмес, 10 күн эмес, 20 күн эмес,
20 толук 1 ай жейсиңер. Араңарда жүргөн Жахабаны четке кагып, анын алдында: “Эмнеге Мисирден кетип калдык экен?”+ — деп ыйлаганыңар үчүн, этти оозу-мурдуңардан чыккыча, көңүлүңөр калгыча жейсиңер“».+
21 Муса ага: «Элдин арасындагы эркектердин* эле саны 600 000ге жетет.+ Сен болсо: „Аларга эт берем, толук бир ай бою эт жешет“,— дейсиң.
22 Бодо мал менен майда малдын баарын сойгондо да буларга жетмек беле? Деңиздеги балыктардын баарын кармап келген күндө да жетмек беле?» — деди.
23 Ошондо Жахаба Мусага: «Бул Жахабанын колунан келбейт дейсиңби?+ Айткан сөзүм аткарылабы же жокпу, өз көзүң менен көрөсүң»,— деди.
24 Муса сыртка чыгып, Жахабанын сөздөрүн элге айтты. Анан эл аксакалдарынын арасынан 70 кишини чогултуп, жолугушуу чатырынын тегерегине тургузду.+
25 Ошондо Жахаба булут ичинде түшүп келип,+ Муса менен сүйлөштү.+ Анан андагы ыйык рухтан алып,+ 70 аксакалдын ар бирине берди. Кудай ыйык рухун берери менен, алар пайгамбарлардай сүйлөй башташты*,+ анан кайра токтоп калышты.
26 Алардын экөө конушта калган болчу. Биринин аты Элдат, экинчисиники Медат эле. Жолугушуу чатырына келишпесе да, тизмеде бар болгондуктан, Кудай аларга да ыйык рухун берди. Ошон үчүн ал экөө конушта пайгамбарлардай сүйлөй башташты.
27 Бир жигит Мусага чуркап барып: «Элдат менен Медат конушта пайгамбарлардай сүйлөп жатышат!» — деди.
28 Нундун уулу, жаштайынан Мусага кызмат кылып жүргөн Жашыя:+ «Мырзам, аларды токтотуңуз!» — деди.+
29 Бирок Муса: «Менин кадыр-баркымды ойлоп коркуп жатасыңбы? Коркпой эле кой. Жахаба өзүнүн ыйык рухун баарына берип, Жахабанын элинин баары пайгамбар болуп кетсе кана!» — деди.
30 Бир нече убактан кийин Муса Ысрайылдын аксакалдары менен конушка кайтып келди.
31 Анан Жахаба шамал соктуруп, шамал деңиз тараптан бөдөнөлөрдү айдап келди.+ Бөдөнөлөр конуштун бардык тарабынан бир күндүк жолго чейинки аралыкты бир метрдей* бийиктикке чейин каптап калды.
32 Эл ошол күнү кечке чейин, түнү менен жана кийинки күнү да кечке чейин бөдөнө чогултуп жүрдү. Бир тоннадан* аз чогулткан эч ким болгон жок. Анан чогулткан бөдөнөлөрүн конушту тегерете жайып коюшту*.
33 Эл этти жеп түгөтө электе эле, аларга Жахабанын каары кайнады. Жахаба аларды жазалап, кыра баштады.+
34 Ошентип, ал жерди Киброт-Хатаба*+ деп аташты, себеби ал жерге ач көз кишилердин сөөгүн коюшту.+
35 Эл Киброт-Хатабадан Хазеротко+ барып, ошол жерге токтоду.
Шилтемелер
^ Мааниси: «күйүү; өрт; жалын».
^ Уругунун өңү бозомук ак болгон өсүмдүк.
^ Б. а. Кудайдын ыйык күчү.
^ Сөзмө-сөз: «өзүңөрдү ыйыктагыла».
^ Б. а. согушка жарактуу эркектер.
^ Же: «өздөрүн пайгамбарлардай алып жүрө башташты». Бул пайгамбарлардын кээде демейдегиден башкача, бир кызыктай, атүгүл акылынан айныган кишидей сүйлөгөнүн же өздөрүн ошондой алып жүргөнүн билдириши мүмкүн.
^ Сөзмө-сөз: «2 чыканактай». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «10 хомерден». Б14 тиркемесин кара.
^ Сыягы, этти кургатыш үчүн ошентишкен.
^ Мааниси: «ач көздүк көмүлгөн жер».