Сандар 12:1—16
12 Муса Куш жеринен аял алгандыктан,+ Мириям менен Арун ага нааразы боло башташты.
2 Алар: «Эмне, Жахаба Муса аркылуу эле сүйлөйт бекен? Ал биз аркылуу деле сүйлөп жатпайбы?» — деп жатышты.+ Муну Жахаба укту.+
3 Муса жер бетинде жашаган адамдардын ичинен эң жумшак* киши эле.+
4 Жахаба күтүлбөгөн жерден Мусага, Арунга жана Мириямга: «Үчөөңөр жолугушуу чатырына келгиле»,— деди. Алар барышты.
5 Жахаба булут мамынын ичинде түшүп келип,+ чатырдын кире беришине туруп, Арун менен Мириямды чакырды. Алар алдыга чыгышты.
6 Ошондо аларга мындай деди: «Сөзүмө кулак салгылачы. Эгер араңарда Жахабанын пайгамбары болсо, ага өзүмдүн ким экенимди аян аркылуу ачып бермекмин,+ аны менен түш аркылуу сүйлөшмөкмүн.+
7 Ал эми кызматчым Мусага башкача мамиле кылам. Ага бүт элимди ишенип тапшыргам*.+
8 Аны менен жүзмө-жүз сүйлөшөм,+ табышмактатпай, ачык сүйлөшөм. Ал Жахабанын бейнесин көрүп турат. Анан кантип кулум Муса жөнүндө жаман айтканга батындыңар?»
9 Жахаба аларга каарданып, ал жерден кетти.
10 Булут чатырдан жогору көтөрүлдү. Ошондо Мириям пес оорусуна чалдыгып, кардай аппак болуп калды.+ Арун Мириямды караса, ал пес оорусуна чалдыгып, аппак болуп калыптыр.+
11 Ал ошол замат Мусага: «Мырзам, суранам, бизди кечире көр! Акылсыздык кылыптырбыз.
12 Эжебизди курсактан чыкканда эле денесинин жарымы чирип өлүү төрөлгөн баладай кыла көрбө!» — деп жалбарды.
13 Муса Жахабага: «Оо, Кудай! Мириямды айыктыра көр!» — деп жалына баштады.+
14 Жахаба Мусага: «Эгерде атасы анын бетине түкүрсө, ал 7 күн басынып жүрмөк да. Ошон үчүн аны бөлүп койгула, 7 күн конуштун сыртында жашасын,+ анан кайра келсин»,— деди.
15 Ошентип, Мириям 7 күн конуштун сыртында, обочо жашады.+ Ал кайра келгиче, эл жолго чыккан жок.
16 Ошондон кийин эл Хазероттон+ чыгып, Паран+ чөлүнө барып, ошол жерге чатырларын тикти.