Сандар 13:1—33
13 Анан Жахаба Мусага:
2 «Мен ысрайыл элине берип жаткан Канаан жерин чалгындап келгенге ар бир уруудан бирден киши жибергиле.+ Алардын ар бири башчы+ болсун»,— деди.
3 Муса аларды, Жахабанын буйругу боюнча, Паран+ чөлүнөн жөнөттү. Алардын баары ысрайыл элинин башчылары эле.
4 Алардын аттары булар: Рубейин уруусунан Закурдун уулу Шамуя,
5 Шымон уруусунан Хоринин уулу Шапат,
6 Жүйүт уруусунан Жепундун уулу Калеп,+
7 Исахар уруусунан Жусуптун уулу Игал,
8 Эпрайым уруусунан Нундун уулу Ошуя,+
9 Бенжемин уруусунан Рапунун уулу Палти,
10 Забулун уруусунан Содинин уулу Гадиел,
11 Жусуптун уруусунан+ — Менаше уруусунан+ — Сусинин уулу Гадди,
12 Дан уруусунан Гемалинин уулу Амиел,
13 Ашыр уруусунан Микеилдин уулу Сетур,
14 Напталы уруусунан Бопсинин уулу Нахби,
15 Гат уруусунан Махинин уулу Гуел.
16 Муса жерди көрүп келгенге жиберген башчылардын аттары — ушулар. Муса Нундун уулу Ошуянын атын Жашыя*+ деп өзгөрттү.
17 Аларды Канаан жерин чалгындап келгенге жиберип жатып Муса: «Адегенде Негепке, андан кийин тоолуу аймакка баргыла.+
18 Ал жердин кандай экенин көрүп келгиле.+ Ал жактагы эл күчтүүбү же алсызбы, көппү же азбы,
19 жашаган жери жакшыбы же жаманбы, байкап келгиле. Шаарлары дубал менен курчалганбы же жокпу,
20 жери семизби же арыкпы,+ бак-дарактары барбы же жокпу, билип келгиле. Эр жүрөк болгула!+ Ал жердин мөмө-жемиштеринен да ала келгиле»,— деди. Ошол кезде жүзүмдүн биринчи түшүмү бышып жаткан эле.+
21 Алар барып, жерди Зин чөлүнөн+ баштап Лебо-Хаматтын+ жанындагы* Рекопко+ чейин карап чыгышты.
22 Негеп жерине жетип, Хебронго+ барышты. Ал жакта Анактын тукумдарынан+ болгон Акиман, Шешай, Талмай+ бар эле. Хеброн Мисирдеги Соандан 7 жыл мурун курулган болчу.
23 Чалгынчылар Эшкол өрөөнүнө+ барып, жүзүмдүн бир чоң шиңгилин бутагы менен кесип алышты. Аны шыргыйга илип, экөөлөп көтөргөнгө туура келди. Алар анар менен анжирден да алышты.+
24 Ал өрөөндөн жүзүмдүн шиңгилин кесип алышкандыктан ысрайылдыктар аны Эшкол* өрөөнү+ деп аташты.
25 Ошентип, чалгынчылар жерди карап чыгып, 40 күндөн+ кийин кайтып келишти.
26 Паран чөлүнө, Кадешке+ кайтып келип, Мусага, Арунга, бүт ысрайыл жамаатына баарын айтып беришти да, ала келген жемиштерин көрсөтүштү.
27 Анан Мусага: «Сиз жиберген жерге барып келдик. Ал, чынында эле, сүт менен бал аккан жер экен.+ Мына, булар — ошол жердин жемиштери.+
28 Бирок ал жерде жашаган элдер күчтүү экен, чептүү шаарлары да аябай чоң экен. Ал жактан Анактын тукумдарын да көрдүк.+
29 Негеп+ жеринде Амалыктын+ тукумдары, тоолуу аймакта Хеттин тукумдары менен жебустуктар,+ аморлуктар,+ ал эми деңиз+ менен Иордан дарыясын бойлой канаандыктар+ жашайт экен»,— дешти.
30 Бирок Калеп Мусанын жанында турган элди тынчтандырганга аракет кылып, аларга: «Жүргүлө, азыр эле барып, ал жерди ээлеп алалы, биз аны сөзсүз басып алабыз»,— деди.+
31 Аны менен барып келгендер болсо: «Биз ал жактагы элдерге каршы согуша албайбыз, алар бизден күчтүү экен»,— дешти.+
32 Ошентип, ысрайыл элине көрүп келген жери жөнүндө жаман нерселерди айтып жатышты.+ Алар: «Биз көрүп келген жер анда жашагандардын баарын жеп-жуткан жер экен. Ал жактагылардын баары алп кишилер экен.+
33 Ал жактан алптарды* да, алптардын урпактары болгон Анактын тукумдарын+ да көрдүк. Алардын жанында өзүбүздү чегирткедей эле сездик. Аларга да чегирткедей эле көрүндүк»,— дешти.
Шилтемелер
^ Мааниси: «Жахаба — куткаруучу».
^ Же: «Хаматтын кире беришиндеги».
^ Мааниси: «жүзүмдүн шиңгили».
^ Сөзмө-сөз: «нефилимдерди». Салыштыр: Башталыш 6:4.