Сандар 16:1—50
16 Лебиден+ төрөлгөн Кааттын+ небереси, Итсардын уулу+ Корак+ жана Рубейиндин+ тукумдарынан болгон Элиаптын+ уулдары Датан менен Абырам, Пелефтин уулу Он биригип алып,
2 Мусага келишти. Аларга кошулуп ысрайыл элинин арасынан 250 киши келди. Алардын баары эл башчылары, жамааттын тандалган өкүлдөрү, атактуу кишилер эле.
3 Анан баары Муса менен Арунга каршы чыгып:+ «Жетишет силердики! Жамааттагылардын баары ыйык,+ Жахаба алардын арасында.+ Эмнеге өзүңөрдү Жахабанын жамаатынан жогору коюп жатасыңар?!» — дешти.
4 Муну угары менен Муса жүзтөмөндөп жыгылды.
5 Анан Корак менен анын таламдаштарына: «Эртең менен Жахаба ким ага таандык экенин,+ ким ыйык экенин, ким ага жакындай аларын+ көрсөтөт. Ал кимди тандаса,+ ага ошол жакындай алат.
6 Корак, сен да, таламдаштарың+ да мындай кылгыла: чок салгычтарды алгыла да,+
7 эртең аларга чок салып, Жахабанын алдында үстүнө жыпарзат салгыла. Жахаба кимди тандаса,+ ошол ыйык. Лебинин тукумдары,+ силер чектен чыгып кеттиңер!» — деди.
8 Анан Коракка: «Лебинин тукумдары, сөзүмө кулак салгылачы.
9 Ысрайылдын Кудайы Жахаба силерди, ыйык чатырында кызмат кылышыңар үчүн, жамааттын алдында туруп, аларга кызмат кылышыңар үчүн,+ бүт ысрайыл жамаатынан бөлүп алган.+ Эмне, бул силерге аздык кылып жатабы?
10 Кудайдын сени, Лебинин тукумдарынан болгон туугандарыңдын баарын өзүнө жакындатканы аздык кылгансып, эмнеге дин кызматчылыкка да жутунуп жатасыңар?+
11 Сен да, таламдаштарың да Жахабанын өзүнө каршы чыгып жатасыңар. Арунга каршы чыгып, наалыгыдай, ал ким эле?» — деди.+
12 Муса кийинчерээк Элиаптын уулдары Датан менен Абырамды+ чакырганы киши жиберди. Бирок алар: «Барбайбыз!
13 Бизди чөлдө өлтүрүш үчүн сүт менен бал аккан жерден алып чыкканың аз келгенсип,+ эми бизди кыңк эттирбей башкаргың барбы?
14 Бизди сүт менен бал аккан жерге+ алып барганың кана?! Жер менен жүзүмзарларды мураска бергениң кана?! Же эмне, тигилер* сени сокур немелердей ээрчип жүрсүн деп жатасыңбы?* Барбайбыз!» — дешти.
15 Ошондо Муса аябай ачууланып, Жахабага: «Алардын дан азыктарынан алып келген тартуусун кабыл алба. Мен алардан атүгүл бир да эшек алган эмесмин, эч кимисине жамандык кылган эмесмин»,— деди.+
16 Анан Коракка: «Эртең таламдаштарың менен Жахабанын алдына барып тур. Сени менен кошо таламдаштарың да, Арун да барсын.
17 Ар бириңер чок салгычыңарды алып, ага жыпарзаттан салып, Жахабанын алдына алып келгиле, бардыгы 250 чок салгыч болсун. Сен да, Арун да чок салгычыңарды алып келгиле»,— деди.
18 Ошентип, алардын ар бири чок салгычына чок салып, үстүнө жыпарзаттан салып, жолугушуу чатырынын кире беришине барып турду. Муса менен Арун да ошол жерде турду.
19 Корак таламдаштарын аларга каршы чыгыш үчүн жолугушуу чатырынын кире беришине чогултканда,+ бүт жамаатка Жахабанын даңкы көрүндү.+
20 Жахаба Муса менен Арунга:
21 «Булардан бөлүнүп, өзүнчө тургула, буларды бир заматта жок кылып таштайм»,— деди.+
22 Ошондо экөө жүзтөмөндөп жыгылып: «Оо, Кудай, бардыгына өмүр берген Кудай,+ бир адамдын күнөөсү үчүн бүт жамаатка каарданасыңбы?» — дешти.+
23 Ошондо Жахаба Мусага:
24 «Жамаатка: „Корактын, Датандын, Абырамдын+ чатырынан алыс тургула“,— деп айт»,— деди.
25 Анан Муса Датан менен Абырамга барды, аны менен кошо Ысрайылдын аксакалдары+ да барышты.
26 Анан Муса жамаатка: «Бул ыймансыздардын күнөөсүнүн айынан өлүп калбашыңар үчүн, чатырларынан алыс тургула, эч нерсесине тийбегиле»,— деди.
27 Эл ошол замат Корактын, Датандын, Абырамдын чатырынан алыс барып турду. Датан менен Абырам болсо сыртка чыгып, аялдары, чоң-кичине балдары менен чатырларынын оозунда турушту.
28 Ошондо Муса: «Баарын өзүм билип эмес, мени Жахаба жибергендиктен кылып жатканымды азыр боло турган нерседен билесиңер:
29 эгер булар башка адамдарга окшоп өз өлүмү менен өлүшсө, башкалар жазалангандай эле жазаланышса, анда мени Жахаба жиберген эмес болот.+
30 Ал эми Жахаба адаттан тыш нерсе кылып, жер ачылып, булардын өздөрүн да, мүлкүн да жутуп кетсе, ошентип көргө* тирүүлөй түшүшсө, булардын Жахабаны урматтабаганын билесиңер»,— деди.
31 Муса ушул сөздөрдү айтып бүтөрү менен, алар турган жерде жарака пайда болду.+
32 Жер ачылып, аларды үйүндөгүлөрү менен, ошондой эле Корак+ менен ал тараптагылардын баарын, алардын бүт мүлкүн жутуп кетти.
33 Ошентип, алар өз тарабындагылардын баары менен кошо тирүүлөй көргө түшүштү. Жер астында калып, эл арасынан жок болушту.+
34 Алардын кыйкырганын укканда тегерегинде турган ысрайылдыктардын баары: «Бизди да жер жутуп кетпесин!» — деп качып жөнөштү.
35 Анан Жахабадан от түшүп,+ жыпарзат түтөткөн 250 кишини жалмап кетти.+
36 Жахаба Мусага:
37 «Дин кызматчы Арундун уулу Элазарга айт, от түшкөн жерде калган чок салгычтарды+ чогултсун, анткени алар ыйык. Анан ичиндеги чокторду алысыраак жерге алып барып, чачып сал деп айт.
38 Күнөөсүнүн айынан өмүрүнөн айрылган кишилердин чок салгычтарынан курмандык жайын+ жабыш үчүн каңылтыр жаса. Анткени ал чок салгычтар Жахабанын алдына алынып келгендиктен ыйык болуп калды. Алар ысрайыл эли үчүн эскертүү болсун»,— деди.+
39 Ошондо дин кызматчы Элазар от жалмап кеткен кишилердин жез чок салгычтарын чогултуп, курмандык жайынын үстүнө жапкыч жасады.
40 Ал, Жахаба Муса аркылуу кандай айтса, ошондой кылды. Бул Арундун тукумдарынан башка эч ким Жахабанын алдына жыпарзат түтөткөнү келбеши керектигин,+ эч ким Корак менен анын таламдаштарындай иш кылбашы керектигин ысрайыл элине эскертип турду.+
41 Эртеси күнү бүт ысрайылдыктар наалып: «Жахабанын элин экөөңөр кырдыңар» — деп, Муса менен Арунду күнөөлөй башташты.+
42 Бүт жамаат аларга каршы чогулду. Анан жолугушуу чатыры жакты карашканда, аны булут каптап, Жахабанын даңкы көрүнө баштады.+
43 Муса менен Арун жолугушуу чатырынын алдына барышты.+
44 Жахаба Мусага:
45 «Бул жамааттан бөлүнгүлө. Мен буларды бир заматта жок кылам»,— деди.+ Ошондо экөө жүзтөмөндөп жыгылышты.+
46 Анан Муса Арунга: «Чок салгычка курмандык жайындагы+ чоктон салып, үстүнө жыпарзаттан сал да, тезирээк жамаатка барып, аларды күнөөдөн арылт,+ себеби Жахабанын каары кайнап, эл кырыла баштады!» — деди.
47 Арун ошол замат, Муса айткандай, чок салгычты алып, жамаатка чуркап барса, эл кырыла баштаптыр. Ошондо ал чок салгычка жыпарзаттан салып, элди күнөөдөн арылта баштады.
48 Ал өлгөндөр менен тирүүлөрдүн ортосунда турду. Акыры, элдин кырылганы токтоду.
49 Корактын айынан өлгөндөрдү кошпогондо, ошол жазадан 14 700 киши өлдү.
50 Элдин кырылганы токтогондон кийин, Арун кайра жолугушуу чатырынын кире беришинде турган Мусага барды.
Шилтемелер
^ Сыягы, бул козголоң чыгарып жаткан кишилерди билдирет.
^ Сөзмө-сөз: «Тиги кишилердин көзүн оюп салгың барбы?»